Кыргызстан желеги. Архив

Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата жаңы почта маркасы чыгарылды. Сүрөттөр

107
"Эгемен Кыргыз Республикасына 30 жыл" почта маркасынын негизги идеясы — ачылган кызыл гүл, стилдештирилген түндүктүн сүрөтү жана 30 саны.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы "Эгемен Кыргыз Республикасына 30 жыл" аталышындагы жаңы почта маркасын чыгарууда. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Новая почтовая марка 30 лет независимости Кыргызской Республики
© Фото / пресс-служба МЦР КР
"Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы "Эгемен Кыргыз Республикасына 30 жыл" аталышындагы жаңы почта маркасын чыгарууда
"Марканын сүрөтчү-дизайнери — Каныбек Турумбеков. Мааракелүү марканын дизайны улуттук салтка шайкеш иштелип чыккан. "Эгемен Кыргыз Республикасына 30 жыл" почта маркасынын негизги идеясы — ачылган кызыл гүл, стилдештирилген түндүктүн сүрөтү жана 30 саны", — деп айтылат билдирүүдө.

Марканын жогору жагында тазалыктын жана аруулуктун символу болгон күндүн нурлары тартылган. Бүтүндөй композицияда табият көрсөтүлүп, Кыргызстандын бийик тоолору жана көпкөк ачык асман чагылдырылган. Марка Кыргызстандын жаратылышын таанытуу идеясын камтып, композиция Кыргызстандын өнүгүүсүн жана биримдигин билдирет. Төмөнкү сол жагында КЫРГЫЗСТАН, KYRGYZSTAN 2021 деген жазуу түшүрүлүп, ал эми оң жагында почта маркасынын номиналы, 66 сом көрсөтүлгөн.

Мааракелүү марканын туурасы 28 миллиметр, узундугу 40 миллиметр. 6000 нуска менен чыккан, 750сүнүн атайын тешикчелери жок.

Почта маркалары Беларуста "Беларусь басмаканасында" басылган. Эскерте кетсек, Санариптик өнүктүрүү министрлиги Кыргызстанда жана дүйнөдөгү маанилүү даталарга жана окуяларга, ошондой эле тандалган темаларга ылайык жаңы почта маркаларынын сериясын киргизип турат.

107
Белгилер:
Кыргызстан, эгемендүүлүк, почта, марка, маараке
Тема:
Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгын майрамдоо (65)
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров телефон менен сүйлөшүү учрунда. Архив

Садыр Жапаров чемпиондук наамын коргогон Валентина Шевченкону куттуктады

2
(жаңыланган 19:46 26.09.2021)
Кыргызстандык спортчу ушуну менен алтынчы ирет чемпиондук наамын коргоду. Беттешке кыргызстандыктар бүгүн эртең менен күбө болду.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров телефондон кыргызстандык мушкер Валентина Шевченкону бүгүнкү жеңиши менен куттуктаганын өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Эскерте кетсек, UFC уюмунун кезектеги беттешинде Шевченко америкалык Лорен Мерфини мөөнөтүнөн эрте ишенимдүү жеңип алган. Ушуну менен ата мекендик спортчу чемпиондук наамын алтынчы ирет коргоду.

Жапаров Шевченконун жогорку чеберчилигин, духунун күчтүүлүгүн жана мүнөзүнүн бекемдигин жогору баалады.

"Жалпы кыргыз элинин жана өзүмдүн атымдан ийгиликтүү жеңишиңиз менен куттуктообузду кабыл алыңыз. Биз баарыбыз Сиздин жетишкендиктериңиз менен сыймыктанабыз. Абройлуу эл аралык турнирлерде Кыргызстандын намысын коргоп жатасыз. Алдыда дагы чоң ийгиликтер жана жаңы жеңиштер күтүп турганына ишенем",— деди президент.

Сөзүнүн соңунда өлкө башчы спортчуга бекем ден соолук жана бакубат жашоо каалады.

Баса, редакция Шевченконун беттешиндеги урунттуу учурлардын видеосун топтогон.

2
Белгилер:
Садыр Жапаров, Валентина Шевченко, беттешүү, жеңиш, чемпион, куттуктоо
Тема боюнча
Силерди жакшы көрөм! Шевченконун Кыргызстанга салам жолдогон видеосу
Кыргыз желегин желбиретип... Шевченко кантип жеңгенин көрсөткөн видеолор
Мен чемпионмун, баарына даярмын! Шевченко кийинки атаандашы боюнча жооп берди
Кабул аэропортунан учуп жаткан учак. Архив

Талибдер Кабул аэропорту бардык каттамдарды кабыл алууга даяр экенин айтты

18
(жаңыланган 19:08 26.09.2021)
Талибдер түзгөн Афганистандын убактылуу өкмөтүнүн Тышкы иштер министрлигинин өкүлү авиакомпанияларга кайрылуу жолдогон.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. "Талибан"* кыймылы Афганистандын борборундагы Кабул аэропорту ички жана эл аралык каттамдарды кабыл алууга толугу менен даяр экенин билдирди. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Талибдер түзгөн Афганистандын убактылуу өкмөтүнүн Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Абдул Кахар Балхи Twitter баракчасы аркылуу авиакомпанияларга кайрылуу жолдогон.

"Кабул эл аралык аэропортундагы көйгөйлөр чечилди, аба майдан ички жана эл аралык каттамдар үчүн толугу менен даяр. "Афганистан Ислам Эмирлиги" (талибдердин өзүн-өзү атап алган саясий системасы — ред.) бардык авиакомпаниялар менен кызматташууга даяр деп ишендирет жана буга чейин аткарып келген каттамдарын жандандырышына үмүт артат", — деди ТИМдин өкүлү.

Август айынын башында талибдер Афганистандын аскер күчтөрүнө чабуулун активдештирген. 15-августта Кабулду басып алып, анын эртеси согуш токтогонун жар салышкан. Августтун акыркы эки жумасы америкалык аскерлердин көзөмөлүндө болгон Кабул аэропортунан Батыштын жарандары жана алар менен кызматташкан афгандар массалык түрдө эвакуацияланган. 31-августка караган түнү дээрлик 20 жылга жакын Афганистанда болгон АКШ аскерлерин Кабул аэропортунан чыгарып кетишкен. Сентябрдын алтысында талибдер буга чейин баш ийбей келген, афгандык 34 провинциянын акыркысы Панжшер аймагын алдык деп билдирген. Эртеси күнү Мохаммад Хасан Ахунд башында турган Афганистандын убактылуу өкмөтүнүн курамы түзүлгөнү жарыяланды. Ал талибдердин биринчи жолу бийлик башкаруу учурунда тышкы иштер министри болуп иштеп, 2001-жылдан бери Бириккен Улуттур Уюмунун санкцияларында болуп келген.

* — Кыргызстанда жана башка мамлекеттерде тыюу салынган уюм

18
Белгилер:
'Талибан' кыймылы, Кабул, аэропорт
Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши
Тема боюнча
Кабулдагы базада калган мекендештерди чыгарып... Кыргызстандык дипломаттын эрдиги
Саясат таануучу Өзбекстандын талибдерге көз карашы кандай экенин айтты