Кыргызстандын эли 446 адамга көбөйдү

© AP Photo / Vladimir VoroninБишкектеги бет капчан кишилер. Архив
Бишкектеги бет капчан кишилер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.08.2021
Жазылуу
Кыргызстандын жарандыгын алган 548 адамдын көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар экени белгиленди.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Кыргызcтандын жарандыгына кабыл алуу жана андан чыгаруу боюнча эки жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлады.

Биринчи жарлык боюнча 102 адам жарандыктан чыкты. Алардын 83ү – чоң адамдар жана 19у – балдар болуп эсептелет.

Ал эми экинчи документке ылайык, 548 адам КР жарандыгын алды. Алардын 399у — чоң адамдар, 149у — балдар. Булардын көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0