Бишкек — Ош жолундагы тоннель. Архив

Бишкек Ош жолундагы тоннель маал-маалы менен жабылууда. Убактысы

269
(жаңыланган 19:01 25.08.2021)
Транспорт министрлиги жол тыгынын алдын алуу максатында оңдоо иштеринин графигин жарыялады. Ага ылайык, жол күндүзгү маалда жабылып-ачылып турат.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Бишкек — Ош трассасындагы Кусейин Көлбаев атындагы тоннель 23-сентябрга чейин маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлиги кабарлады.

Маалыматка караганда, 23-августтан тарта тоннелдин желдетүүчү системасына оңдоо жана профилактикалык иштер аткарылып жатат.

Буга чейин ЖМКлар жол улам жабылып жатканына байланыштуу автоунаа тыгыны жаралып жатканын жазышкан.

Транспорт министрлиги жол тыгынын алдын алуу максатында оңдоо иштеринин графигин жарыялады:

  • 7:00-8:30 — оңдоо иштерине байланыштуу автоунаа үчүн жол жабылат;
  • 8:30-14:00 — жол автотранспорт үчүн ачылат;
  • 14:00-15:30 — жол оңдоо үчүн жабылат;
  • 15:30-7:00 — жол ачык болот.
269
Белгилер:
Бишкек – Ош жолу, тоннель, ремонт
Тема боюнча
Кыргызстанда ар бир автоунаа каттоо же кайра каттоодо сүрөткө тартып алынат
Бишкектеги эки көчө оңдоодон кийин ачылды. Сүрөт
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев. Архив

Ташиев: мамкызматкерлер аралашкан фармацевтикалык мафиянын бетин ачтык

73
(жаңыланган 21:29 26.09.2021)
УКМКнын төрагасы кошумча кенен маалымат дүйшөмбү күнү берилерин белгилеп, дагы бир иштин четин чыгарды.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Кыргызстанда ири фармацевтикалык мафиянын бети ачылды. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Алай районунда атайын кызматтын бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышында билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда дарылардын баасы 3-10 эсе кымбат сатылып келгени аныкталган.

"Ири фармацевтикалык мафиянын бети ачылды. Кыргызстанда дарылар эң аз дегенде 3, эң кымбат дегенде 10 эсе кымбат сатылып келиптир. Мамлекеттик кызматкерлер дарыгерлер менен чогуу мафия түзүшкөн. Биринчи күнү толук маалымат берилет", — деди Ташиев.

Мындан тышкары, УКМК төрагасы күйүүчү май ташыгандардын мафиясынын да изине түшкөнүн белгиледи.

"Бүгүнкү күндө күйүүчү май 56-58 сомдон сатылууда, бирок 50 сомго жетпеген баада сатылышы керек экен. Муну мамлекет да, жетекчилер да, эч ким караган эмес, биз азыр ошого багыт алдык", — деди Ташиев.

Кызматкерлерге кайрылып жатып жетекчи ар кимиси элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштеши керектигин, бул үчүн ар биринде бийлик да, мүмкүнчүлүк да бар экенин белгиледи. Сөзүнүн соңунда ар бир кызматкер отчет тапшырып, иши ошонун негизинде бааланарын кошумчалады.

73
Белгилер:
Камчыбек Ташиев, УКМК, Күйүүчү май, дары-дармек
Тема боюнча
Бишкек: заводдун аймагынан бомба табылган жок. Ишти эми УКМК изилдейт
Соцтармакка тараган "Ташиевдин тизмеси". УКМК төрагасы үн катты
Жаратылыш. Архив

Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

14
27-сентябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Дүйшөмбү, 27-сентябрда, күндүз өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +22...+27, Таласта +20...+25, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +24...+29 градус болору айтылды.

Күндүн табы Бишкекте +25...+27, Ош калаасында +27...+29 градуска көтөрүлөт.

14
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Келерки жуманын этеги жаан-чачындуу болот. Бир жумага карата аба ырайы