Коронавирус 237 кишиге жугуп, 5 бейтаптын өмүрүн алды. Соңку статистика

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүОоруканада медициналык кызматкер. Архив
Ооруканада медициналык кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.08.2021
Жазылуу
Ооругандардын саны мурдагыдай эле Бишкек шаары менен Чүй облусунда көбүрөөк болуп жатат. Үчүнчү орунда Ысык-Көл облусу турат.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Бир сутка ичинде коронавирус 237 адамдан табылып, 422 бейтап ооруну жеңди. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар:

  • Бишкек шаары – 111;
  • Ош шаары – 2;
  • Чүй облусу – 52;
  • Ош облусу – 6;
  • Талас облусу – 7;
  • Нарын облусу – 7;
  • Ысык-Көл облусу – 33;
  • Жалал-Абад облусу – 11;
  • Баткен облусу – 8.

Жалпысынан өлкөдө илдет илештиргендердин саны 174 813кө жетип, анын 168 012си айыкты.

Бир сутка ичинде беш адам каза болуп, өлүм учурларынын жалпы саны 2 503 болду.

Азыркы тапта ооруканаларда 1 215, ал эми амбулатордук шартта 1 642 адам дарыланып жатканы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0