Милиция пакистандыктарга зарыл болбосо үйдөн чыкпоону сунуштады. Видео

© Sputnik / Табылды КадырбековМилиция кызматкери
Милиция кызматкери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.08.2021
Жазылуу
Буга чейин социалдык тармактарда көчөдө Пакистандын жарандары көбөйгөнү тууралуу маалыматтар тараган. Мындан улам Тышкы иштер министрлиги кырдаал боюнча түшүндүрмө берген.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Милиция Пакистандын жарандарына өтө зарыл болбогон учурда ушул тапта жашап жаткан мейманканалардан же батирлеринен чыкпоону сунуштайт. Ошондой эле алар эпидемиологиялык талаптарды бузбашы керектигин Бишкек шаарынын Ленин райондук милициясынын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө караганда, мындай сунуштар пакистандыктар гана эмес, бардык чет элдиктерге тиешелүү.

Буга чейин социалдык тармактарда көчөдө Пакистандын жарандары көбөйгөнү тууралуу маалыматтар тараган. Мындан улам Тышкы иштер министрлиги алар мындан ары Бириккен Араб Эмирлигине жана Сауд Аравиясына иштөө үчүн бара жаткан жарандар деп түшүндүргөн.

Ситуация в Карачи из-за пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.08.2021
ТИМ пакистандыктардын көбөйүп кеткен себебин түшүндүрдү
Июль жана август айларында пакистандыктар Кыргызстанга 7 500 туристтик виза алышкан. Алардын басымдуу бөлүгү өз мамлекетинен түз аба каттам жок болгондуктан Кыргызстанга араб өлкөлөрүнө учуп кетүү максатында келишет. Ошондой эле министрлик Пакистандын элчилигине шилтеме берип, бул жакка келип жаткан жарандардын бардыгы өз жеринде коронавируска каршы эмдөөдөн өткөнүн кабарлады.

Мындан тышкары, тышкы саясат ведомствосу Пакистандын жарандарына виза берерден мурда ар кандай жагымсыз окуяларды алдын алуу үчүн улуттук коопсуздук органдары тарабынан милдеттүү түрдө текшерүү иштери жүргүзүлөрүн билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0