Кыргызстанда окуу жылы мындан кийин дайыма 15-сентябрда башталат

© Sputnik / Табылды КадырбековМектепте биринчи класстын окуучулары. Архив
Мектепте биринчи класстын окуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.08.2021
Жазылуу
Мындай жагдайга бир нече учур себеп болгону айтылды. Анын негизгиси эпидемиологиялык кырдаал.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Кыргызстанда окуу жылы мындан кийин дайыма 15-сентябрда башталат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине өкмөттүн маалымат кызматынын башчысы Эркин Сазыков билдирди.

Анын айтымында, министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон токтомдо атайын документтер бар. Анда 1-сентябрь деген сан 15-сентябрь менен алмаштырылган. Документ күчүнө кирген соң мындан кийинки жылдары да окуу жылы токтомдо көрсөтүлгөн убакытта башталат. Башкача айтканда, туруктуу болуп калат.

"Окуу жылынын 15-сентябрда башталып жаткан негизги себеби азыркы эпидемиологиялык кырдаал. Мындан сырткары, туристтик сезондун узартылышына жакшы жардам болот деген ойдобуз. Буга чейин бир катар ата-энелер да окуу жылынын башталышын жылдырууну суранып депутаттарга чейин кайрылышкан. Анткени айыл жерлеринде дал ушул мезгилде жыйым-терим башталып, айрымдары балдарын мектепке даярдаганга жетишпей калышчу", — деди Сазыков.

Токтомго ылайык, 2021-2022-окуу жылы 9-июнда аяктайт. Быйылкы окуу жылы өлкө боюнча бардык мектептерде кадимки тартипте башталары да айтылды

Жаңылыктар түрмөгү
0