Sputnik Кыргызстандын сувенирдик календарлары

Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата Sputnik өзгөчө белектерди даярдады

88
(жаңыланган 16:19 26.08.2021)
Календарды чыгарууда Sputnik улуттук образдарды эпос, тарыхый чыгармаларды колдонуп түзгөн "Кийиз дүйнө" фонду менен кызматташты.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik маалымат кызматы. Sputnik Кыргызстан эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата өзгөчө белектерди даярдады. Алардын катарында кыргыз элинин каада-салтын, нарк-насилин чагылдырган календарлар, ошондой эле элибизге өзгөчөлүк берип, жолун улоого түрткү болуп турган нерселер тууралуу видеороликтер бар.

Календарды чыгарууда Sputnik улуттук образдарды эпос, тарыхый чыгармаларды колдонуп түзгөн "Кийиз дүйнө" фонду менен кызматташты. Айрым образдар музейдеги үлгүлөр боюнча калыбына келтирилгендиктен аналогдору жок деп эсептелет.

Сувенирные календари с изображением моделей в образах, соответствующих традициям и обычаям кыргызского народа от МИА Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Sputnik Кыргызстан эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата өзгөчө белектерди даярдады

Чогултулган уникалдуу образдар Sputnik агенттигинин "Кыргыз аялынын ич кийиминен сырт кийимине чейин", "Шымдары бир жылкыга бааланган. Кыргыздын эркектери кандай кийинген?" сыяктуу лонгриддеринде колдонулган.

Сувенирдик календарлар "Оймо" фестивалынын алкагында өтүп жаткан маданий баалуулуктар тууралуу эл аралык конференцияда көрсөтүлдү. Анда Sputnik Кыргызстандын жетекчиси Елена Череменина редакциянын маданият, каада-салт, улуттук баалуулуктарга арналган долбоорлору тууралуу айтып берет.

"Бул долбоорлор биздин редакциянын сыймыгы. Биз ата-бабалардын духун жана мурастарын заманбап форматта көргөзө алдык деп ишенебиз. Алар келечек муунга дагы пайдалуу болоруна шек жок", — деди Череменина.

Sputnik Кыргызстан өлкөдө 2014-жылдын декабрынын тарта иштей баштаган. Агенттик өзүнө кыргыз жана орус тилдериндеги маалымат порталын, радиону жана заманбап мультимедиалык маалымат борборун камтыйт. Sputnik Кыргызстан маалымат порталы өлкөдөгү интернет ЖМКларынын ичинен алдыңкы саптарда турат.

Sputnik Кыргызстан — ондогон мамлекеттерге жайылган эл аралык маалымат агенттиги жана радиосунун бир бөлүгү. Sputnik дүйнө жүзү боюнча 30дан ашык тилде маалыматтарды жеткирет. Өзүнө аналогдук жана санариптик радиоберүүлөрдү, мобилдик тиркемелерди, социалдык тармактардагы баракчаларды камтыйт. Колдонуучулар үчүн Sputnik күнү-түнү англис, араб, испан жана кытай тилдеринде маалымат берет.

88
Белгилер:
Sputnik, Кыргызстан, эгемендүүлүк, белек, календарь
Тема:
Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгын майрамдоо (65)
Тема боюнча
Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата жаңы почта маркасы чыгарылды. Сүрөттөр
Ынтымак бар жерде ырыс бар! Эгемендиктин 30 жылдыгына арналган ролик
Өнөрү өрнөк энелер. Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арналган видео
Бишкектеги Ала-Тоо аянтындагы унаалар

Шейшембиге карата аба ырайы

80
28-сентябрда республика аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Шейшембиде кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Талас өрөөндөрүндө +23…+28, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +25…+30, Ысык-Көл, Нарын аймактарында +20…+25 градусту көрсөтөт.

Бишкек жана Ош шаарларында жаан жаабайт. Күндүн табы борбордо +26…+28, Ош шаарында +28…+30 градусту көрсөтөт.

80
Белгилер:
аба ырайы, сентябрь, Кыргызстан
Тема боюнча
Келерки жуманын этеги жаан-чачындуу болот. Бир жумага карата аба ырайы
Ош мэриясы China Road компаниясы менен меморандумга кол коюу

Оштун мэри China Road менен жол куруу боюнча меморандумга кол койду

209
(жаңыланган 20:15 27.09.2021)
Компаниянын өкүлдөрү Алмаз Мамбетов менен биргеликте жолдорду, көпүрөлөрдү, тыгын учурдагы абалдарды, таштанды талаасын жана башка жерлерди жеринен көрүп келишти.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Ош шаарынын мэриясы China Road компаниясы менен эки тараптуу кызматташуу боюнча меморандумга кол койду. Бул тууралуу аталган муниципалитет кабарлады.

Мэр города Ош Алмаз Мамбетов во время подписания меморандума о двустороннем сотрудничестве с компанией Чайна Роад. 27 сентября 2021 года
© Фото / пресс-служба мэрии города Ош
Жолугушуунун алкагында калаа мэри Алмаз Мамбетов жана компания өкүлү Хоу Хусян жолдорду оңдоп-түзөөдөн өткөрүү жана куруу, таштандыларды кайра иштетүүчү заводдорду куруу боюнча меморандумга кол коюшкан

Бүгүн, 27-сентябрда, кытайлык корпорациянын Кыргызстандагы жолдорду жана көпүрөлөрдү куруу боюнча өкүлчүлүгүнүн башкы директору Хоу Хусян баштаган жумушчу топту Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев кабыл алган.

Жолугушуунун алкагында калаа мэри Алмаз Мамбетов жана компания өкүлү Хоу Хусян жолдорду оңдоп-түзөөдөн өткөрүү жана куруу, таштандыларды кайра иштетүүчү заводдорду куруу боюнча меморандумга кол коюшкан.

Андан соң компаниянын өкүлдөрү Алмаз Мамбетов менен биргеликте жолдорду, көпүрөлөрдү, тыгын учурдагы абалдарды, таштанды талаасын жана башка жерлерди жеринен көрүп келишкен.

209
Белгилер:
Ош мэриясы, Алмаз Мамбетов, China Road
Тема боюнча
Мэр Мамбетов Ош шаарынын туристтик брендин түзүү ниетин билдирди
165 млн. бөлүнгөн. Марипов Төө-Ашуудагы жолдун оңдолуп жатканын көрдү. Сүрөт
Кыргызстандык жөө күлүк Гүлшаной Сатарова Astana Marathon 2021 Нур-Султан шаарында

Кыргызстандык кыз казакстандык жөө күлүктөрдү артка таштап, алтын алып келди

0
(жаңыланган 22:00 27.09.2021)
Кыргызстандан эки спортчу — Гүлшаной Сатарова жана Илья Тяпкин барган. Алар алтын жана коло медаль менен кайтышты.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Кыргызстандык жөө күлүк Гүлшаной Сатарова Нур-Султан калаасында өткөн Astana Marathon 2021 иш-чарасында алтын медаль утуп алды. Бул тууралуу аталган борбор калаанын акимчилигинин сайтында кабарланган.

Сатаров аялдар арасында 42,2 чакырымды 2 саат 35 мүнөттө чуркап өткөн. Атаандашы андан 21 мүнөт артта калган.

Эске сала кетсек, Сатарова быйыл июнда Алматыдагы жарым марафондо да жеңүүчү болгон эле.

Жарышка катышкандагы бир кыргызстандык спортчу Илья Тяпкин эркектер арасында 02:24:23 убакытта келип, коло медалга ээ болду.

  • Участники марафона Astana Marathon 2021 в Нур-Султане. 26 сентября 2021 года
    Акимчилик баш-аягы Казакстандын 45 шаарынан үч миңге жакын киши чуркагандыгын билдирди
    © Фото / пресс-служба акимата города Нур-Султан
  • Участники марафона Astana Marathon 2021 в Нур-Султане. 26 сентября 2021 года
    Марафон Казакстандын 30 жылдык эгемендүүлүгүнө арналган
    © Фото / пресс-служба акимата города Нур-Султан
1 / 2
© Фото / пресс-служба акимата города Нур-Султан
Акимчилик баш-аягы Казакстандын 45 шаарынан үч миңге жакын киши чуркагандыгын билдирди

Акимчилик баш-аягы Казакстандын 45 шаарынан үч миңге жакын киши чуркагандыгын билдирди. Марафон Казакстандын 30 жылдык эгемендүүлүгүнө арналган.

Финишке жеткен ар бир марафончуга эстелик медаль тапшырылып, ал эми чогултулган 37 миллион теңге кайрымдуулукка жумшалары айтылды.

0
Белгилер:
Казакстан, Кыргызстан, Илья Тяпкин, жөө күлүк, марафон, медаль, Гүлшаной Сатарова
Тема боюнча
Бишкекте мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар катышкан жарым марафон аяктады. Сүрөт
Ошто COVID баштаган ооруларды алдын алууга арналган марафон өттү. Сүрөттөр