Маршруткалар алынат, бала бакчалар көбөйөт. Бишкек мэринин убадалары

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.08.2021
Жазылуу
Бишкек шаарынын мэри болуп шайланган Айбек Жунушалиев тез арада чече турган көйгөйлөрдү журналисттер менен депутаттарга санап берди.

Бүгүн шаардык кеңеш калаа мэрин шайлап, министрлер кабинетинин төрагасынын мурдагы биринчи орун басары Айбек Жунушалиевдин гана талапкерлиги каралды. Аны шаардык кеңештин 43 депутаты колдоп берсе, экөө каршы добуш берди. Жунушалиев эч кандай бизнеси жана финансылык кызыкчылыктары жок экенин белгилеп, шаарды өнүктүрүү боюнча пландары менен бөлүштү.

Тазалык

Жунушалиевдин айтымында, Бишкек таза шаар болушу керек. Ал борбор калааны кыска убакытта иретке келтирип, ар дайым көзөмөлдөп турууну убадалады.

"Мен ишти өз көзүм менен көрүп жатам, таштандынын өз убагында чыгарылышы жана көчөлөрдүн тазалыгы маанилүү деп эсептейм", — деди мэр.

Транспорт

Жунушалиев кыймыл кызыган кезде жол тыгын жаралып, шаар токтоп калбай турганын убадалады. Ал негизги жолдордон маршруткалар алып салынып, заманбап коомдук транспорт коё берилерин жана "акылдуу" жол чырактары коюларын айтты.

Жолдорду оңдоо

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.08.2021
Ош шаарына мэр болуп Алмаз Мамбетов шайланды. Сүрөт
Калаа башчысынын айтымында, кышка чейин оңдолуп жаткан көчөлөрдүн көпчүлүк бөлүгүнүн иши соңуна чыгат. Ошондой эле мындан ары көчөлөр азыркыга караганда тез реконструкцияланат. Жунушалиев мындай жыйынтыкка бюрократияны азайтып, шаардык кызматтардын өз ара иштешүүсүн жөнгө салуу менен жетерин айтты.

Мэр тез арада чечилип калбай турган көйгөйлөр шаарды өнүктүрүү программасына киргизилерин кошумчалады.

Телемедицина

Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун алдында телемедицина борбору түзүлөт. Мэрдин айтымында, бул нерсе бишкектиктерге алгачкы медициналык жардам алууга шарт түзөт.

Билим

Жунушалиевдин айтымында, Бишкектин мектептериндеги дистанциондук билим берүү сапаттуу болушу керек.

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев
Маршруткалар алынат, бала бакчалар көбөйөт. Бишкек мэринин убадалары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.08.2021
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев
"Бул нерсе айрыкча ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен көп балалуу үй-бүлөлөр үчүн маанилүү. Билим берүүнүн сапаты санариптик технологияларды ишке киргизүү менен дагы жогорулашы керек", — деди ал.

Аялдарды иш менен камсыздоо

Жаңы мэр аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн эффективдүү аянт түзүп, Бишкекте бала бакчанын санын көбөйтүүнү убадалады.

"Аялдар бизнесин өнүктүрө алышат. Балдар жашаган жерине жана ата-энесинин кирешесине карабастан өнүгүүгө, окууга жана мектепке даярданууга мүмкүнчүлүк алышат. Бул нерсе айрыкча жаңы конуштар менен мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн маанилүү", — деди ал.

Жаштар үчүн жумуш орду

Мэр өзүнүн стартап-бизнесин түзүп жаткан студенттер, жаштар үчүн бекер ачык аянттарды түзүп берүүнү убадалады.

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев
Маршруткалар алынат, бала бакчалар көбөйөт. Бишкек мэринин убадалары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.08.2021
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев
"Мындай коворкинг-аянттары кеңселерди ижарага алып, оператордун кызмат акысын төлөөгө мүмкүнчүлүгү жок жаштар үчүн жеткиликтүү болот", — деди Жунушалиев.

Ыш жана экология

Мэр ыш маселеси приоритет катары караларын айтты. Шаардык бийлик конуштарды газдаштыруу жана өнөр жай аймактарын шаардын сыртына чыгарып, автоунаалардын экологияга тийгизген таасирин карашат. Ошондой эле бактар отургузулат.

Бизнес

Жунушалиев Бишкек жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдүн шаары болушу керек деп эсептейт. Анын айтымында, борбор калаада бизнес менен инвестицияга шарт түзүлүшү керек.

"Менин оюм боюнча, Бишкекте экономикалык активдүү борборлорду түзүү боюнча перспективдүү пландарды иштеп чыгыш керек", — деди ал.

Жунушалиевдин айтымында, Бишкек шаарынын өнүктүрүү программасы шаардык кеңештин кароосуна ноябрь айынын аягына чейин же андан эрте берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0