Бишкектеги Төмөнкү Төкөлдөштүн жашоочулары Садыр Жапаровго кайрылышты

© Sputnik / Акылбек БатырбековПогода в Бишкеке
Погода в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.08.2021
Жазылуу
Жарандардын мамлекет башчыга кайрылуусунда бул конуштагы жер маселесинен келип чыккан көйгөй айтылган.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Бишкектеги Төмөнкү Төкөлдөш конушунун жашоочулары Кыргызстандын президентине кайрылуу жолдошту.

Алар конуштун Курманжан датка, Кийизбаева, Төрөкул Айтматов жана Артемов көчөлөрүндөгү турак жайларды мыйзамдаштыруу маселесин өз көзөмөлүнө алууну өтүнүшүүдө.

Бишкектеги Ак-Ордо коңуштагы үйлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.03.2021
400 үй көчүрүлбөйт. Өкмөттүн өкүлү митингчилер менен жолукту
Кайрылууда айтылгандай, бул аймактын жашоочулары көп жылдан бери үйлөрүнөн кол жууп калуудан коркуп жашап келишет. Шаардык бийлик участкалар менен турак жайларды мыйзамдаштыруудан баш тартууда. Бирок тургундар бул үйлөр жерди басып алуу аркылуу эмес, 60-70 жыл мурда эле курулганын жүйө келтиришкен. СССР урагандан кийин көпчүлүк жергиликтүү тургундарга техникалык паспорт жер ээси катары эмес, колдонуучу деп берилип калган. Мындай катанын айынан жашоочулар бүгүнкү күнгө чейин жер участокторун өздөрүнө каттата албай убара.

Кээ бирлеринин техникалык паспорту дагы жок. Себеби алар үйлөрүн 1990-жылдары, мамлекеттик каттоо жок учурунда алып калышкан. Бүгүнкү күндө алар үй-бүлө мүчөлөрүн жашаган жери боюнча каттата албай жатышат. Паспортторунун дагы мөөнөтү бүтүп баратат. Жаңысын алса үй ээлери өздөрү дагы каттоого тура албай калышат.

"Каттоо жок болсо көп көйгөй жаралат. Кредит, балдарга жөлөк пул ала албайбыз. Ошондой эле мектепке, бала бакчага барууда маселе жаратат. Шайлоого катышуу укугунан дагы ажыраганбыз", — дешти жашоочулар.

Шаардыктардын айтымында, бул көйгөйлөрдү жоюу шаардык кеңештин № 339 токтомунда каралган. Документте 1999-жылга чейин салынган үйлөрдү мыйзамдаштырууга жол берилген. Жарандар мүмкүнчүлүктөн пайдаланып калууну пландап жүрүшкөн, бирок 2006-жылы кабыл алынып 2025-жылга чейин иштей турган башкы план буга жолтоо болгон.

"Бишкек башкы архитектура" башкы планды эске алып аталган аймактын чегин аныктап берүүдөн баш тартты, бирок альтернативдүү варианттарды сунуштаган жок", — деп айтылат кайрылууда.

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нурбек Алимбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.06.2020
Таш бакадай. Депутат өкмөттүн жерди трансформациялоо боюнча ишин сындады
Бишкектиктер мэрия жерди курулуш компанияларына сатыш үчүн убакытты атайын 2025-жылга чейин создуктуруп жатат деп шек санашууда. Бүгүнкү күндө 200гө жакын үй чарбасы "кызыл китеп" ала албай жатат.

Кайрылууда Свердлов райондук администрациясы менен мэрия үйлөрдү Жарандык кодекске таянып соттук процесс менен мыйзамдаштырууну сунуштаганы айтылат. Бирок аймактын жашоочулары баш тартып коюшкан, себеби сот жерди мыйзамдаштырып берерине кепилдик жок, ал эми мүмкүнчүлүк ошону менен жок болушу мүмкүн.

Жашоочулар башкы планга карабай эле чекти аныктоо процедурасын жүргүзүп маселени чечсе болорун айтып жатышат. Алар жерди мыйзамдаштыруу жана мыйзам боюнча майда көйгөйлөрдү жоюу боюнча комиссия түзүүнү сунушташты.

Жаңылыктар түрмөгү
0