27-августта Бишкектин көчөлөрү менен конуштарында жарык өчөт. График

© Photo / Pexels / SevenStorm JUHASZIMRUSОтключение света в Бишкеке
Отключение света в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.08.2021
Жазылуу
Электр жарыгы ишкананын бригадалары көмөк чордондордогу жабдууларды оңдоп, башка пландык жумуштарды аткаргандыктан үзгүлтүккө учурайт.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Бишкектин кээ бир аймактарында 27-август күнү жарык өчөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасы кабарлады.

Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:

  • 9:00-12:00 — Гагарин көчөсүнүн бир бөлүгү;
  • 9:00-13:00 — Раззаков, Орозбеков көчөлөрүнүн кесилиштеринде;
  • 9:00-17:00 — Чоң Арык (Чодронов, Кожобергенов көчөлөрү) жана "Калыс-Ордо" конуштарында;
  • 9:00-18:00 — Садырбаев, Северный, Масалиев көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө жана "Арча-Бешик" (Камбар-Ата, Чортеков, Эр-Тайлак көчөлөрү) конушунда;
  • 9:30-14:00 — 11-кичи райондо (№ 17а, 19-25 үйлөрдө) жана "Кара-Жыгач" конушунда (Дордой көчөсү);
  • 9:30-17:00 — Ахунбаев көчөсүндөгү № 94/2 үй, Широкий, Керамический жана Новосельский көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө;
  • 9:30-18:30 — ЧЧКнын Төрөкул Айтматов жана Курманжан датка көчөлөрү менен чектешкен аймагы;
  • 13:00-15:00 — "Джал-29" кичи районунда;
  • 15:00-17:00 — Шота Руставели көчөсү менен Чыңгыз Айтматов проспектисинин бөлүктөрүндө.
Жаңылыктар түрмөгү
0