Кыргызстанда бир суткада 21 172 адам коронавируска каршы эмделди

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүНачало вакцинации иностранцев от covid-19 в Санкт-Петербурге
Начало вакцинации иностранцев от covid-19 в Санкт-Петербурге - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.08.2021
Жазылуу
Өлкө боюнча 412 346 адам вируска каршы вакцинанын экинчи дозасын да сайдырып, толугу менен эмдөөдөн өткөнү айтылды.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Өткөн суткада өлкөдө 21 172 адам коронавируска каршы вакцина алды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Мектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы Марат Усеналиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.08.2021
Радио
Усеналиев: эмделбеген мугалимдер окуучулар менен иштей албайт
Бир суткада эмделгендердин ичинен 7 973ү вакцинанын биринчи дозасын алса, 13 199у экинчи компонентин сайдырган. Жалпысынан 663 497 адам коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын алган. Ал эми 412 346сы экинчи дозаны сайдырып, толугу менен эмдөөдөн өттү.

COVID-19га каршы вакцинациялоо боюнча улуттук пландын алкагында Кыргызстанда 3,4 миллион адамды эмдөө каралган. Жамааттык иммунитет жаралышы үчүн кеминде калктын 70 пайызы вакцина алышы зарыл. Бул 2,4 миллион адамды түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0