"Социал-демократтар" партиясынын лидеринин автоунаасына ок атылды. Милиция эмне дейт

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүКиши пистолет менен. Архив
Киши пистолет менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.08.2021
Жазылуу
Султанбеков Алдамүдүн РИИБине 26-август күнү болжол менен саат 18:30дар чамасында кайрылган. Бул факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "Ээнбаштык" беренеси менен катталган.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Буга чейин өзүнүн социалдык тармактардагы баракчасы аркылуу "Социал-демократтар" партиясынын лидери, жаш саясатчы Темирлан Султанбеков автоунаасын  белгисиз бирөөлөр аткандыгын айтып чыккан.

Өзү берген маалыматка караганда, 26-августка караган түнү иш боюнча жолугушуудан кайтып келе жатканда, анын автоунаасын атышкан. Ок Султанбеков отурган тараптагы (арткы орундук) терезеге тийген. Айдоочу ылдамдыкты тездетип, ал жерден качып кетишкен. Бир саат өткөн соң ал тарапташтарын алып, окуя болгон жерге кайра барган. Султанбековдун айтымында, ошол маалда бактын аркасында турган киши камераны көрүп из жашырган.

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Социал-демократтар" партиясынын лидери, жаш саясатчы Темирлан Султанбеков
Социал-демократтар партиясынын лидеринин автоунаасына ок атылды. Милиция эмне дейт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.08.2021
"Социал-демократтар" партиясынын лидери, жаш саясатчы Темирлан Султанбеков

Султанбеков "мени коркутуу иретинде травматикалык тапанча менен атышты" деп божомолдоп жатат.

Бүгүн Чүй облустук милициясынан окуянын чоо-жайын айтып беришти. Учурда ИИМдин, Чүй облустук жана Аламүдүн райондук милициясынын кызматкерлеринен турган ыкчам тергөө тобу түзүлүп, зарыл болгон иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Милициядан билдиришкендей, Султанбеков Алдамүдүн РИИБине 26-август күнү болжол менен саат 18:30дар чамасында кайрылган. Бул факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренеси ("Ээнбаштык") менен катталган.

"Султанбеков 26-август күнү Nissan X-TRAIL үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу А.Б. менен Кой-Таш айылындагы көчөдө бара жатканда уктап кетип, автокөлүктүн өзү отурган оң жак тарабынан чыккан катуу дабыштан ойгонгон. Кийин автоунаанын арткы оң жак терезесине зыян келтирилгендигин байкашкан", — деп айтылат билдирүүдө.

Даттануучу жана автоунаанын айдоочусу эч кандай жаракат албаганын билдиришип, соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тартышкан. Аламүдүн райодук ИИБдин ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерде тиешелүү иштерди жүргүзгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0