Баткендин Максат айылында 84 бүлөгө жаңы үй берилди. Сүрөттөр

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЛейлек районунун Максат айылында жаңы үйлөр
Лейлек районунун Максат айылында жаңы үйлөр - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.08.2021
Жазылуу
Бүгүн Баткен облусуна сапар менен барган президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан жабыркагандар үчүн Максат айылында курулган үйлөрдү кыдырып көрдү.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Лейлек районундагы Максат айылында 84 үй-бүлөгө жаңы турак жай берилди. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдирди.

Бүгүн Баткен облусуна барган президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан жабыркагандар үчүн Максат айылында курулган үйлөрдү кыдырып көрдү.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров во время осмотра новых жилых домов для 84 семей в селе Максат Лейлекского района. 27 августа 2021 года
Лейлек районундагы Максат айылында 84 үй-бүлөгө жаңы турак жай берилди - Sputnik Кыргызстан
1/5
Лейлек районундагы Максат айылында 84 үй-бүлөгө жаңы турак жай берилди
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров осмотрел новые жилые дома для 84 семей в селе Максат Лейлекского района, которые были сданы в эксплуатацию. 27 августа 2021 года
Бүгүн Баткен облусуна барган президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан жабыркагандар үчүн Максат айылында курулган үйлөрдү кыдырып көрдү - Sputnik Кыргызстан
2/5
Бүгүн Баткен облусуна барган президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан жабыркагандар үчүн Максат айылында курулган үйлөрдү кыдырып көрдү
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров осмотрел новые жилые дома для 84 семей в селе Максат Лейлекского района, которые были сданы в эксплуатацию. 27 августа 2021 года
Өлкө башчы жергиликтүү тургундар менен жолугушуу учурунда аларды келе жаткан эгемендүүлүк күнү менен куттуктады - Sputnik Кыргызстан
3/5
Өлкө башчы жергиликтүү тургундар менен жолугушуу учурунда аларды келе жаткан эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЖители села Максат Лейлекского района во время визита президента КР. 27 августа 2021 года
Президенттин айтымында, Мекендин көз карандысыздыгы — тынчтык жана өлкөнүн бүтүндүүлүгү - Sputnik Кыргызстан
4/5
Президенттин айтымында, Мекендин көз карандысыздыгы — тынчтык жана өлкөнүн бүтүндүүлүгү
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЗдание школы в селе Максат Лейлекского района во время визита президента КР. 27 августа 2021 года
Жапаров Баткен районунун аймагында калган 40тай үй сентябрь айынын соңуна чейин бүтөрүн кошумчалады - Sputnik Кыргызстан
5/5
Жапаров Баткен районунун аймагында калган 40тай үй сентябрь айынын соңуна чейин бүтөрүн кошумчалады
1/5
Лейлек районундагы Максат айылында 84 үй-бүлөгө жаңы турак жай берилди
2/5
Бүгүн Баткен облусуна барган президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан жабыркагандар үчүн Максат айылында курулган үйлөрдү кыдырып көрдү
3/5
Өлкө башчы жергиликтүү тургундар менен жолугушуу учурунда аларды келе жаткан эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
4/5
Президенттин айтымында, Мекендин көз карандысыздыгы — тынчтык жана өлкөнүн бүтүндүүлүгү
5/5
Жапаров Баткен районунун аймагында калган 40тай үй сентябрь айынын соңуна чейин бүтөрүн кошумчалады

Өлкө башчы жергиликтүү тургундар менен жолугушуу учурунда аларды келе жаткан эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

Президенттин айтымында, Мекендин көз карандысыздыгы — тынчтык жана өлкөнүн бүтүндүүлүгү.

“Баткендеги чек ара жаңжалы учурунда элибиз биримдиктүү экенин дагы бир ирет далилдеди. Биргеликте тоскоолдуктарга туруштук бердик. Каргашалуу окуялар учурунда 36 жараныбыз каза таап, жүздөгөн киши жаракат алды. Алардын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам, ар биринин үй-бүлөсүнө колдоо көрсөтүүгө аракет кылуудабыз. Талкаланган үйлөрдүн ордуна жаңы, бардык шарттары бар тамдар курулууда. Ошону менен бирге социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө аракет кылып жатабыз”, — деди президент.

Жапаров Баткен районунун аймагында калган 40тай үй сентябрь айынын соңуна чейин бүтөрүн кошумчалады. Ошондой эле ал жаңы үйлөргө эмерек сатып алуу боюнча дагы жардам берилерин айтты.

Эске салсак, быйылкы жылдын 28-30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуудан улам 36 кыргызстандык каза болуп, 100дөн ашык адам жаракат алган. 136 үй урандыга айланып, 15 социалдык объект жана ондогон бизнес объектилери талкаланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0