ИИМдин ички аскерлеринде кызмат өтөгөндөрдүн пенсиясы көбөйтүлөт

ИИМдин аскерлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.08.2021
Жазылуу
Буга чейин өлкө жетекчилиги ИИМдин ички аскерлеринин айлыгы 40 пайызга көтөрүлөрүн айткан. Эми пенсияны көбөйтүүнү чечти.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Министрлер кабинети ИИМдин ички аскерлеринде кызмат өтөгөндөрдүн пенсиясын көбөйтүү үчүн алардын стажысын кошулган мөөнөт менен эсептөөнү чечти. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлады.

Тагыраак айтканда, кызмат өтөп жаткандарга (ыкчам кызматтагылардан тышкары) бир айлык мөөнөт 1,5 ай деп эсептелет. Ал эми Баткен облусундагы аскер бөлүктөрүндө жана башка мекемелерде кызмат өтөгөндөрдүн бир айы эки айга барабар болору айтылат.

"Аталган кадам социалдык кепилдиктерди ишке ашыруу жана кызматкерлерге дем берүү үчүн жасалды. Мындай токтом долбоорун министрлер кабинети президент Садыр Жапаровдун тапшырмасын ишке ашыруу үчүн кабыл алды", —  деп айтылган билдирүүдө.

Эске салсак, Жапаров бир нече күн мурда ИИМдин ички аскерлерин 80 жылдыгы менен куттуктап, айлыгы 40 пайызга көтөрүлөрүн айткан.

Токтом күчүнө жети күндөн кийин кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0