Раззаков жаңы көмөкчү чордонун ишке киргизүү

"Раззаковдун" жардамы менен Баткен коңшу өлкөлөргө көз каранды болбойт

265
(жаңыланган 21:02 27.08.2021)
"Баткен облусунун Арка массивин электр энергия менен камсыздоону жакшыртуу" долбоорунун алкагында 110 кВт-саат кубатындагы "Раззаков-Арка" жаңы электр линиялары 51 чакырым аралыкка тартылган.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Баткен облусунда коңшу өлкөлөрдөн энергетикалык жактан толук көз карандысыз болууга мүмкүндүк берген "Раззаков" жаңы көмөк чордону ишке кирип, анын ачылыш салтанатына президент Садыр Жапаров катышты. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлады.

Жапаров Баткенге жасаган сапарында андан сырткары "Раззаков-Арка" жаңы электр линияларынын тартылып бүтүшүнө жана "Арка" электр чордонунун оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүшүнө байланыштуу өткөн иш-чарада болгон.

  • Президент Садыр Жапаров во время запуска новой подстанции Раззаков в Лейлекском районе Баткенской области. 27 августа 2021 года
    Баткен облусунда коңшу өлкөлөрдөн энергетикалык жактан толук көз карандысыз болууга мүмкүндүк берген "Раззаков" жаңы көмөк чордону ишке кирип, анын ачылыш салтанатына президент Садыр Жапаров катышты
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Садыр Жапаров во время запуска новой подстанции Раззаков в Лейлекском районе Баткенской области. 27 августа 2021 года
    Жапаров Баткенге жасаган сапарында андан сырткары "Раззаков-Арка" жаңы электр линияларынын тартылып бүтүшүнө жана "Арка" электр чордонунун оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүшүнө байланыштуу өткөн иш-чарада болгон
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Сотрудники новой подстанции Раззаков во время запуска президентом КР, в Лейлекском районе Баткенской области. 27 августа 2021 года
    Жапаров энергетика ар бир мамлекеттин экономикалык жактан өнүгүшү үчүн стратегиялык мааниге ээ тармак экендигин белгилеген
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Новая подстанция Раззаков во время запуска президентом КР, в Лейлекском районе Баткенской области. 27 августа 2021 года
    Эске салсак, "Баткен облусунун Арка массивин электр энергия менен камсыздоону жакшыртуу" долбоорунун алкагында 110 кВт "Раззаков-Арка" жаңы электр линиялары 51 чакырым аралыкта тартылган
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • План воздушной линии электропередачи Раззаков–Арка (51 километр), в Лейлекском районе Баткенской области. 27 августа 2021 года
    110/35/10 кВт-сааттык "Раззаков" атындагы жаңы электр чордону курулду жана 110/35/6 кВт-сааттык "Арка" чордонун реконструкциялоо иши аягына чыккан
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 5
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Баткен облусунда коңшу өлкөлөрдөн энергетикалык жактан толук көз карандысыз болууга мүмкүндүк берген "Раззаков" жаңы көмөк чордону ишке кирип, анын ачылыш салтанатына президент Садыр Жапаров катышты

Жапаров энергетика ар бир мамлекеттин экономикалык жактан өнүгүшү үчүн стратегиялык мааниге ээ тармак экендигин белгилеген.

"Баткен облусу толугу менен энергетикалык жактан көз карандысыздыкка ээ болот. Муну менен Баткен аймагынын социалдык-экономикалык абалы жакшырат, элдин жашоо деңгээлин жогорулатууга өбөлгө түзүлөт. Баткен облусу коңшу мамлекеттердин энергетикалык системасы аркылуу электр энергиясы менен камсыздалып келгендиги белгилүү. Мындан улам, тилекке каршы, элдин жашоосунда кыйынчылыктар жаралып келген эле. Эми ал кыйынчылыктардын баары артта калды", — деген Жапаров.

Эске салсак, "Баткен облусунун Арка массивин электр энергия менен камсыздоону жакшыртуу" долбоорунун алкагында 110 кВт "Раззаков-Арка" жаңы электр линиялары 51 чакырым аралыкта тартылган. 110/35/10 кВт-сааттык "Раззаков" атындагы жаңы электр чордону курулду жана 110/35/6 кВт-сааттык "Арка" чордонун реконструкциялоо иши аягына чыккан.

Мамлекет башчы жыл сайын жаңы өнөр жай ишканаларынын ачылышы, курулуш тармагы менен инфраструктуранын өнүгүшү, калктын санынын көбөйүшү өз кезегинде электр энергиясын керектөөнүн өсүшүнө алып келүүдө.

Президент Садыр Жапаров во время запуска новой подстанции Раззаков в Лейлекском районе Баткенской области. 27 августа 2021 года
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Мамлекет башчы жыл сайын жаңы өнөр жай ишканаларынын ачылышы, курулуш тармагы менен инфраструктуранын өнүгүшү, калктын санынын көбөйүшү өз кезегинде электр энергиясын керектөөнүн өсүшүнө алып келүүдө
"Экономика тармактарынын жана калктын электр энергияга болгон муктаждыгын толук канааттандыруу максатында ГЭСтердин, подстанциялардын абалын жакшыртуу, жаңыларын куруу, электр кубатын берүүчү линияларды алмаштыруу жана башка иштерди аткаруу милдеттери турат. Мындан улам министрлер кабинети энергетика тармагында болуп жаткан кезектеги реформалардын алкагында бардык тийиштүү шарттарды түзүп берүүгө болгон күч-аракетин жумшап жатат", — деген ал.

Жапаров энергетиктерге аталган долбоордогу иши үчүн ыраазылыгын айткан.

Лейлек районунун Максат айылында жаңы үйлөр
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
"Жапаров энергетика системасында иштеген бардык кызматкерлерге Кыргызстан үчүн маанилүү болгон "Баткен облусунун Арка массивин электр энергиясы менен камсыздоону жакшыртуу" долбоорун аяктап, энергетикалык көз карандысыздыкка жетишүүгө жасаган ак ниет эмгеги үчүн терең ыраазычылыгымды билдирем", — деген Жапаров.

Үстүбүздөгү жылдын апрель айында регионалдык деңгээлдеги КАСА-1000 (CASA-1000) долбоорунун алкагында жогорку вольттуу электр кубатын өткөрүүчү мамынын пайдубалына капсула салынган. Бул эл аралык долбоордун ишке ашырылышы өлкөнүн электр энергияны экспорттоо потенциалын, ошондой эле мамлекеттин экономикасын жогорулатууга жана республиканын бюджетин толтурууга мүмкүндүк берет.

265
Белгилер:
Кыргызстан, Садыр Жапаров, Баткен облусу, 'Раззаков' көмөк чордону
Кабул шаары. Архив

Электростанциядагы жарылуудан улам Кабул толугу менен жарыксыз калды

60
(жаңыланган 23:18 21.10.2021)
Өлкөнүн Мамлекеттик энергетикалык корпорациясы электр кубатын өткөрүүчү зымдар иштен чыкканын маалымдаган.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Афганистандын борбору Кабул шаары жана башка бир катар провинциялар жарыксыз калды. Бул тууралуу Афганистандын Мамлекеттик энергетикалык корпорациясы билдиргенин РИА Новости жазды.

Маалыматка ылайык, борбор калаанын түндүк-батышындагы электростанцияда жарылуу болгон. Анын кесепетинен электр кубатын өткөрүүчү зымдар иштен чыккан.

60
Белгилер:
Кабул, электр энергиясы, жарылуу, өчүрүү
Тема боюнча
Кабулдагы терактылар, Багландагы салгылаш. Талибдер көзөмөлдү колдон чыгаргандай
Афганистанда полиция имаратынын жанында жардыруу болду
Санарип коомчулук 2021 конференциясын банери

Huawei компаниясынын конференциясында санариптик тренддер талкууланат

49
(жаңыланган 21:20 21.10.2021)
Huawei ишканасынын өкүлдөрү "Келечектеги бирдиктүү санарип коомчулук" деп аталган өнүктүрүү стратегиясынын пландары менен бөлүшөт.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Huawei компаниясы 26-27-октябрда жыл сайын болуучу экинчи "Санарип коомчулук 2021" конференциясын (Huawei Digital Community Conference 2021, HDCC) өткөрөт. Бул тууралуу компаниядан билдирди.

Huawei ишканасынын өкүлдөрү Россияда коопсуз жана көз карандысыз экосистема тармагын куруу процессине катышуунун алкагында "Келечектеги бирдиктүү санарип коомчулук" деп аталган өнүктүрүү стратегиясынын пландары менен бөлүшөт.

"Конференция – бул кардарларга жана өнөктөштөргө санарип трансформациясына байланыштуу өзгөрүүлөргө байкоо салууга жардам бере турган ачык платформа. Ошондой эле маалыматтык-коммуникациялык экосистеманы өнүктүрүүнү тездетүү үчүн биргеликте иштөө жана тажрыйба алмашуу каралган. Жарандар онлайн режиминде пленардык сессияны жана форумду көрө алышат жана санарип жаатындагы маселелерди эксперттер менен талкуулоого шарт түзүлөт", — деп айтылат маалыматта.

Конференцияга катышуучуларына дүйнөдө жана Россияда маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын өнүгүп жаткан тренддери менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзөт. Ошондой эле санарип энергетика, "булут" технологиялары жана уюлдук экосистема боюнча маалымат берилет.

Президент Huawei в Евразии Дэниел Чжоу
© Фото / пресс-служба Huawei / ARSEN GALSTYAN
Huawei компаниясынын Евразиядагы президенти Дэниела Чжоу
"Маалыматтык технология жаатындагы алдыңкы эксперттер менен биргеликте биз ар кандай тармактагы санариптик бизнес-моделдерди колдонуунун практикалык кейстерин изилдейбиз жана санарип технологиялар доорунда бизнести өнүктүрүү үчүн соңку чечимдерди ортого салабыз", — деди Huawei компаниясынын Евразиядагы президенти Дэниела Чжоу.

Иш-чарада маалыматтык-коммуникациялык технология индустриясынын ар кандай аспектилерин талкуулоо үчүн алты темада форум уюштурулат.

Катышуучулар үчүн виртуалдуу көргөзмө зонасы жеткиликтүү болот. Ал жактан Huawei компаниясы өзүнүн ийгиликтүү кардарлары менен өнөктөштөрүнө өнөр жайды санариптештирүү үчүн жасап берген продукциялары көрсөтүлөт. Ошондой эле Huawei эксперттери менен реалдуу убакыт режиминде сүйлөшүүгө шарт түзүлмөкчү.

49
Белгилер:
Huawei, конференция, эксперт, санарип
Тема боюнча
Бишкектин борбордук бөлүгүндө акысыз Wi-Fi зона иштей баштады
Кыргызстанда Илон Масктын Starlink компаниясынын өкүлчүлүгү ачылышы мүмкүн
Россиянын президенти Владимир Путин

Путин: коммунисттер менен улутчулдарга бирдей кароо такыр туура эмес

0
(жаңыланган 01:00 22.10.2021)
Россиянын башчысы экинчи дүйнөлүк согушка байланыштуу маселелерди талашууга аргументтери бар экенин айтты.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Коммунисттер менен улутчулдарды бирдей кароо такыр туура эмес. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин Эл аралык “Валдай” дискуссиялык клубунун жыйынында билдирди.

Путин тарыхый эстеликтер тууралуу сөз болгондо экинчи дүйнөлүк согушка байланыштуу маселелерди талашууга аргументтери бар экенин айтты.

“Бизде 1917-жылдан 1990-жылга чейинки өлкөнүн башкаруучуларына көптөгөн дооматыбыз бар. Бул кадыр эсе көрүнүш. Бирок экинчи дүйнөлүк согуштун алдында коммунисттер менен улутчулдарды бир жерге коюп, жоопкерчилигин 50\50 пайыздан бөлүп кароо такыр орунсуз”, — деди Россия лидери.

Путин бул сөздөрдү СССРдин мураскери аталган Россиянын башчысы жана орус жараны болгону үчүн гана айтып жатпаганын белгиледи.

“Мен муну изилдөөчү катары айтып жатам. Архивде жаткан документтерди окуп чыктым”, — деди Россиянын башчысы.

Анын айтымында, анын арасында лагерлер жана репрессия сыяктуу Сталин жөнүндө көп нерсени эстесе болот.

“Бирок мен документтерден анын резолюцияларын көрдүм. Совет өкмөтү экинчи дүйнөлүк согуштун башталышына жол бербөө үчүн күрөшкөн”, — деди Путин.

Ошондой эле ал тарыхты бурмалоо аракети ар дайым болушу мүмкүн экенин, бирок жок дегенде документтерди окуп коюуга чакырды.

0
Белгилер:
Владимир Путин, тарых, улутчул, коммунист
Тема боюнча
Путин Афганистандын экономикасын калыбына келтирүү үчүн көмөктөшүүгө чакырды