Организмди суукка кантип даярдоо керек. Адистин түшүндүрмөсү

© Фото / Pixabay / ivabalkКолун жууп жаткан аял. Архив
Колун жууп жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.08.2021
Жазылуу
Көбүрөөк суу ичип, организмди кыйнабаган спорттук көнүгүүлөрдү жасап туруу зарыл. Жемиштен алма, кара өрүк, шабдаалы жана абрикосту көп жеш керек. Буларда кышкысын организмге керектүү витаминдер арбын.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Күздө организмге өзгөчө кылдаттык менен кам көрүү керек. Анткени бул учурда ал өзүн суук, күндүн нуру жана витаминдер аз кыш мезгилине даярдайт.

Терапевт жана гастроэнтеролог Алексей Цыстиндин "Известия" басылмасына айтып бергенине караганда, D витамини сыяктуу маанилүү элементтердин канчалык жетиштүү экенин билүү үчүн күзүндө анализ тапшырып, жыйынтыгын дарыгерге көрсөтүп коюу ашыкча болбойт.

"Суукта имараттан көп чыкпай калат эмеспизби, дал ошол учурда D витамини азаят. Андыктан дарыгер менен кеңешип, витамин ичип туруу керек. Мындан тышкары, көбүрөөк суу ичип, организмди көп кыйнабай спорттук көнүгүүлөрдү жасап туруу зарыл. Жемиштен алма, кара өрүк, шабдаалы жана абрикосту жеш керек. Буларда кышкысын организмге керектүү витаминдер арбын", — деди дарыгер.

Ошондой эле адис адам өзүнүн психологиялык абалына көңүл бурушу керектигин кошумчалады.

Работа перинатального центра в Челябинске - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.08.2021
Окумуштуулар аялдар төрөттөн кийин канча жылга картая турганын айтты
"Суук жана күн кыска учурда адам өзүнөн-өзү зеригип, стресске кабылышы мүмкүн. Андыктан кышкысын бош учурларда эмне менен алек болоруңузду күн мурун пландап алыңыз. Жаңы хобби таап, достор менен жолугуп, майда-чүйдөдөн ырахат алууга аракет кылыңыз", — деди терапевт.

Мындан тышкары, дарыгер күндүн суугу териге дагы терс таасир этерин айтып, мыкты азыктандырчу бет майларды алдын ала камдап алууга чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0