Баткен шаарында үйлөрдүн курулушу дээрлик аяктады

Чек ара чырында көз жумгандардын үй-бүлөсүнө берилчү үйлөр дээрлик курулуп бүттү

118
(жаңыланган 11:48 28.08.2021)
Президент Садыр Жапаров Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында жеке курулуш компаниялары тарабынан курулуп жаткан шаарчага барды.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Баткен шаарында үстүбүздөгү жылдын апрель айында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон окуяларда курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө бериле турган 36 жаңы үйдүн курулушу дээрлик аяктады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлады.

Бүгүн, 28-августта, президент Садыр Жапаров Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында жеке курулуш компаниялары тарабынан курулуп жаткан шаарчага барган.

  • Президент Садыр Жапаров посетил городок, возводимый семьям погибших во время пограничного конфликта в Баткене. 28 августа 2021 года
    Баткен шаарында үстүбүздөгү жылдын апрель айында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон окуяларда курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө бериле турган 36 жаңы үйдүн курулушу дээрлик аяктады
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Комната в доме городка, возводимого семьям погибших во время пограничного конфликта в Баткене. 28 августа 2021 года
    Бүгүн, 28-августта, президент Садыр Жапаров Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында жеке курулуш компаниялары тарабынан курулуп жаткан шаарчага барган
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Садыр Жапаров посетил городок, возводимый семьям погибших во время пограничного конфликта в Баткене. 28 августа 2021 года
    Өлкө башчы тиричилик техникасы жана керектүү коммуникациялары киргизилген бир нече үйдү көрүп чыкты
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Комнаты в доме городка, возводимого семьям погибших во время пограничного конфликта в Баткене. 28 августа 2021 года
    Ошондой эле көчөлөргө асфальт төшөлүп, жарыктандырылган
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Садыр Жапаров посетил городок, возводимый семьям погибших во время пограничного конфликта в Баткене. 28 августа 2021 года
    Шаарчанын ичинде бала бакча, фельдшердик-акушердик пункт, парк жана башка керектүү инфраструктураны түзүү пландалууда
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Садыр Жапаров посетил городок, возводимый семьям погибших во время пограничного конфликта в Баткене. 28 августа 2021 года
    Жапаров маркумдарды эскерип, туугандары менен жолугуп, дагы бир жолу көңүл айтты
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 6
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Баткен шаарында үстүбүздөгү жылдын апрель айында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон окуяларда курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө бериле турган 36 жаңы үйдүн курулушу дээрлик аяктады

Өлкө башчы тиричилик техникасы жана керектүү коммуникациялары киргизилген бир нече үйдү көрүп чыкты. Ошондой эле көчөлөргө асфальт төшөлүп, жарыктандырылган. Шаарчанын ичинде бала бакча, фельдшердик-акушердик пункт, парк жана башка керектүү инфраструктураны түзүү пландалууда.

Жапаров маркумдарды эскерип, туугандары менен жолугуп, дагы бир жолу көңүл айтты.

"Элим менен кошо менин да жүрөгүм канап турат. 28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы окуяда алар Кыргыз мамлекетинин бүтүндүгү, аны көздүн карегиндей сактоо деген ыйык милдетти көкүрөгүнөн чыгарбай, эл-жерди коргойм деп жан беришти. Ооба, кандай гана колдоолорду көрсөтпөйлү, мындай оор жоготуунун орду толбойт. Эр-азаматтарыбыздын ата-энеси, жакындары, жубайы, балдары эл көзүнө жылмайганга аракет кылганы менен бүгүн да ичтеринен сызып, арман кылып турушат", — деди Жапаров.

Шаарчанын тургундары жана курман болгондордун туугандары президентке ыраазычылык билдирип, аны менен катар көйгөйлөрүн дагы айтышты.

Президент Садыр Жапаров Максат айылында
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Эске салсак, президент Садыр Жапаровдун трагедия курмандыктарынын үй-бүлөлөрүнө моралдык жана материалдык колдоо көрсөтүү боюнча демилгесинин алкагында Баткен шаарынын мэриясы Чет-Булак кварталында жер тилкесин бөлгөн. Ага жергиликтүү компаниялар бардык шарттары бар үйлөрдү куруу милдеттемесин алышкан. Учурда курулуш иштери дээрлик аяктап калганы айтылууда.

Белгилей кетсек, быйылкы жылдын 28-30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуудан улам 36 кыргызстандык каза болуп, 100дөн ашык адам жаракат алган. 136 үй урандыга айланып, 15 социалдык объект жана ондогон бизнес объектилери талкаланган.

118
Белгилер:
Кыргызстан, Баткен, Садыр Жапаров, чек ара, үй, колдоо
Тема:
Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы (314)
Тема боюнча
"Раззаковдун" жардамы менен Баткен коңшу өлкөлөргө көз каранды болбойт
Жапаров Баткенде жаштар менен футбол жана волейбол ойноду. Сүрөт
Баткендин Максат айылында 84 бүлөгө жаңы үй берилди. Сүрөттөр
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев. Архив

Ташиев: мамкызматкерлер аралашкан фармацевтикалык мафиянын бетин ачтык

107
(жаңыланган 21:29 26.09.2021)
УКМКнын төрагасы кошумча кенен маалымат дүйшөмбү күнү берилерин белгилеп, дагы бир иштин четин чыгарды.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Кыргызстанда ири фармацевтикалык мафиянын бети ачылды. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Алай районунда атайын кызматтын бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышында билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда дарылардын баасы 3-10 эсе кымбат сатылып келгени аныкталган.

"Ири фармацевтикалык мафиянын бети ачылды. Кыргызстанда дарылар эң аз дегенде 3, эң кымбат дегенде 10 эсе кымбат сатылып келиптир. Мамлекеттик кызматкерлер дарыгерлер менен чогуу мафия түзүшкөн. Биринчи күнү толук маалымат берилет", — деди Ташиев.

Мындан тышкары, УКМК төрагасы күйүүчү май ташыгандардын мафиясынын да изине түшкөнүн белгиледи.

"Бүгүнкү күндө күйүүчү май 56-58 сомдон сатылууда, бирок 50 сомго жетпеген баада сатылышы керек экен. Муну мамлекет да, жетекчилер да, эч ким караган эмес, биз азыр ошого багыт алдык", — деди Ташиев.

Кызматкерлерге кайрылып жатып жетекчи ар кимиси элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштеши керектигин, бул үчүн ар биринде бийлик да, мүмкүнчүлүк да бар экенин белгиледи. Сөзүнүн соңунда ар бир кызматкер отчет тапшырып, иши ошонун негизинде бааланарын кошумчалады.

107
Белгилер:
Камчыбек Ташиев, УКМК, Күйүүчү май, дары-дармек
Тема боюнча
Бишкек: заводдун аймагынан бомба табылган жок. Ишти эми УКМК изилдейт
Соцтармакка тараган "Ташиевдин тизмеси". УКМК төрагасы үн катты
Жаратылыш. Архив

Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

16
27-сентябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Дүйшөмбү, 27-сентябрда, күндүз өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +22...+27, Таласта +20...+25, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +24...+29 градус болору айтылды.

Күндүн табы Бишкекте +25...+27, Ош калаасында +27...+29 градуска көтөрүлөт.

16
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Келерки жуманын этеги жаан-чачындуу болот. Бир жумага карата аба ырайы