Милиция Ысык-Көлдө жүргөн пакистандыктарга түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Сүрөт

© Фото / пресс-служба УВД Иссык-Кульской областиЫсык-Көлдүн милициясы пакистандык жарандарга түшүндүрүү иштери учурунда
Ысык-Көлдүн милициясы пакистандык жарандарга түшүндүрүү иштери учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.08.2021
Жазылуу
Ысык-Көлдүн аймагында жүргөн пакистандыктар өзгөчө муктаждык болбогон учурда мейманканалардан жана пансионаттардан чыкпашы керек.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Ысык-Көл районунун милициясы чет элдик, анын ичинде пакистандык жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу облус милициясынын маалымат кызматынан билдирди.

"Ысык-Көл райондук ички иштер башкармалыгынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы кызматынын кызматкерлери Кыргызстан аркылуу транзит менен Бириккен Араб Эмирлигине жана Сауд Аравиясына жумушка бара жаткан чет мамлекеттик, анын ичинде Пакистандын жарандары менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Тартип сакчылары аларга Кыргызстандын мыйзамдарын сактоону эскертип жатат. Мындан тышкары, мейманканалардан же пансионаттардан муктаждыксыз чыкпоого чакырууда", — деп айтылат билдирүүдө.
© Фото / пресс-служба УВД Иссык-Кульской областиГраждане Пакистана во время профилактических мероприятий среди иностранных граждан на Иссык-Куле. 28 августа 2021 года
Ысык-Көл районунун милициясы чет элдик, анын ичинде пакистандык жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө - Sputnik Кыргызстан
1/2
Ысык-Көл районунун милициясы чет элдик, анын ичинде пакистандык жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө
© Фото / пресс-служба УВД Иссык-Кульской областиСотрудники милиции и граждане Пакистана во время профилактических мероприятий среди иностранцев на Иссык-Куле. 28 августа 2021 года
Мындай эскертүүлөр Бишкек шаарында жүргөн пакистандыктарга дагы берилген - Sputnik Кыргызстан
2/2
Мындай эскертүүлөр Бишкек шаарында жүргөн пакистандыктарга дагы берилген
1/2
Ысык-Көл районунун милициясы чет элдик, анын ичинде пакистандык жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө
2/2
Мындай эскертүүлөр Бишкек шаарында жүргөн пакистандыктарга дагы берилген

Мындай эскертүүлөр Бишкек шаарында жүргөн пакистандыктарга дагы берилген. Эске салсак, социалдык тармактарда көчөдө Пакистандын жарандары көбөйгөнү тууралуу маалыматтар тараган. Мындан улам Тышкы иштер министрлиги алар мындан ары Бириккен Араб Эмирлигине жана Сауд Аравиясына иштөө үчүн бара жаткан жарандар деп түшүндүргөн.

Милициядан кошумчалагандай, Ысык-Көл аймагында жүргөн учурда кандайдыр бир маселе жаралса чет элдиктер туристтик милициясынын Call-борборуна 0705 009102 номери аркылуу кайрылып, англис же орус тилдеринде жооп алса болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0