Кадамжай районунда ички иштер башкармалыгынын жаңы имараты

Жапаров Кадамжайда курулган милициянын жаңы имаратын көрдү. Сүрөт

234
(жаңыланган 17:54 28.08.2021)
Садыр Жапаров жакын арада укук коргоо органдарынын жана бюджеттик кызматкерлердин айлык акылары көтөрүлөрүн кошумчалап, баарына бейпил жашоо жана бекем ден соолук каалады.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Кадамжай районунда ички иштер башкармалыгынын жаңы имараты курулуп, аны мамлекет башчы Садыр Жапаров көрүп чыкты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

  • Президент Садыр Жапаров в рамках рабочей поездки в Баткенскую область осмотрел новое современное здание отдела внутренних дел Кадамжайского района. 28 августа 2021 года
    Кадамжай районунда ички иштер башкармалыгынын жаңы имараты курулуп, аны мамлекет башчы Садыр Жапаров көрүп чыкты
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Садыр Жапаров в рамках рабочей поездки в Баткенскую область осмотрел новое современное здание отдела внутренних дел Кадамжайского района. 28 августа 2021 года
    Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Сотрудники во время визита президента КР нового современного здания отдела внутренних дел Кадамжайского района . 28 августа 2021 года
    Билдирмеге караганда, кадамжайлык милиция кызматкерлери үчүн 2 миң чарчы метрге эки кабаттуу заманбап имараты салынган
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Новое современное здание отдела внутренних дел Кадамжайского района во время визита президента КР. 28 августа 2021 года
    Буга чейин алар курулганына 80 жылдан ашкан, иштөөгө мүмкүн болбой калган имаратта эмгектенип келгени айтылды
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Садыр Жапаров в рамках рабочей поездки в Баткенскую область осмотрел новое современное здание отдела внутренних дел Кадамжайского района. 28 августа 2021 года
    Жапаров укук коргоо органдарын жаңы имараты менен куттуктап, эски имарат кызматкерлерге гана ыңгайсыздыкты жаратпастан, жарандарды кабыл алууда да бир катар көйгөй туудурганын белгилеген
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Новое современное здание отдела внутренних дел Кадамжайского района во время визита президента КР. 28 августа 2021 года
    Өлкө башчы жакын арада укук коргоо органдарынын жана бюджеттик кызматкерлердин айлык акылары көтөрүлөрүн кошумчалап, баарына бейпил жашоо жана бекем ден соолук каалады
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 6
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Кадамжай районунда ички иштер башкармалыгынын жаңы имараты курулуп, аны мамлекет башчы Садыр Жапаров көрүп чыкты

Билдирмеге караганда, кадамжайлык милиция кызматкерлери үчүн 2 миң чарчы метрге эки кабаттуу заманбап имарат салынган. Буга чейин алар курулганына 80 жылдан ашкан, иштөөгө мүмкүн болбой калган имаратта эмгектенип келгени айтылды. Жапаров укук коргоо органдарын жаңы имараты менен куттуктап, эски имарат кызматкерлерге гана ыңгайсыздыкты жаратпастан, жарандарды кабыл алууда да бир катар көйгөй алып келгенин белгилеген.

"Бул маселе эми чечилди. Негизинен коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу жана сапаттуу иштерди жасоо иш шарттарын түзүүдөн башталат. Биз мындан ары да ички иштер органдарынын материалдык-техникалык инфраструктурасын жакшыртууну улантабыз", — деди Жапаров.  

Өлкө башчы жакын арада укук коргоо органдарынын жана бюджеттик кызматкерлердин айлык акылары көтөрүлөрүн кошумчалап, баарына бейпил жашоо жана бекем ден соолук каалады.

234
Белгилер:
Садыр Жапаров, Кадамжай, милиция, имарат
Тема боюнча
Чек ара чырында көз жумгандардын үй-бүлөсүнө берилчү үйлөр дээрлик курулуп бүттү
Кадамжайдагы ишканаларда 2 миңдей жумуш ордун түзүү пландалууда
"Раззаковдун" жардамы менен Баткен коңшу өлкөлөргө көз каранды болбойт
Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков. Архив

Нарындын мэри Болотбеков сыртка чыкпоо тил каты менен бошотулду

9
Шаар башчысы 2020-жылы өткөн паралменттик шайлоо маалында коррупциялык иштерге аралашкан деп шектелүүдө.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков сыртка чыкпоо тил катынын негизинде бошотулду. Бул туурасында Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы билдирди.

Мындай чечим кечээ, 20-сентябрда, чыккан. Болотбеков шайлоодогу коррупциялык иштерге аралашкан деп шектелүүдө.

УКМК былтыркы парламенттик шайлоодо Жогорку Кеңештин депутаты мандатын убадалап 300 миң доллар алган деген шек менен "Кыргызстан" партиясынын мүчөсү, экс-депутат Руслан Чойбековду 16-сентябрда кармаган. Бул иш боюнча Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгүнө ("Алдамчылык, өзгөчө ири өлчөмдө жасалган жосун") ылайык өндүрүш ачылып, Чойбеков тергөө абагына киргизилген.

Ал эми 18-сентябрда аталган кылмышка катыштыгы бар деген шек менен шайлоодо "Кыргызстан" партиясынан талапкер болгон, учурда Нарындын мэри Самарбек Болотбеков кармалган болчу.

9
Белгилер:
Самарбек Болотбеков, мэр, кармоо, коррупция, бошотуу
Тема боюнча
500 миң долларлык мүлк. "Кыргызстандын" дагы бир экс-депутаты кармалды
Чач тарач иш учрунда. Архив

COVID-19дан кийин чачтын түшүшүн кантип токтотсо болот? Трихологдун кеңеши

4
(жаңыланган 11:52 21.09.2021)
Адистин пикиринде, адам чачтын түшө баштаганын дароо байкабайт. Алгачкы белгилер оору башталгандан 3-4 жума же сакайгандан эки ай өткөн соң билинет.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. COVID-19га чалдыгып сакайгандардын көпчүлүгү чачынын түшүп жатканын айтууда. Аны токтотууга өз алдынча тандап алган каражаттар жардам бере албасын Sputnik радиосунун эфиринде трихолог Юлия Нагайцева айтты.

Адистин пикиринде, адам чачтын түшө баштаганын дароо байкабайт. Алгачкы белгилер оору башталгандан 3-4 жума же сакайгандан эки ай өткөн соң билинет.

"Бул процесстин башталышы гана. Менин жарым жылдык байкоомо караганда, чач түшүп эле тим болбой, башка ооруларды дагы пайда кылууда. Албетте, түшсө дагы өзү калыбына келип, мурдагыдай калыңдыкка жеткен учурлар бар. Ал үчүн адам жаш, организми күчтүү болушу керек. Ал эми чачы оголе жукарып кеткендер адиске кайралганы туура", — деди Нагайцева.

Анын айтымында, дарыканадагы бардык эле каражаттар чачтын түшүшүн токтотууга жардам бере бербейт.

"Чач түшүү — бул оору, аны дарылоо керек. Алгач организмге кайсы элемент жетпей жатканын анализдер аркылуу аныктоо зарыл. Ошондо гана дарыгер бейтапка керектүү каражатты сунуштай алат", — деди трихолог.

Ошондой эле адис COVID-19дан сакайган адамдарды медицинадык кароодон өткөрүү маалында айрымдардан андрогенетикалык алопеция илдети табылып жатканын кошумчалады. Бул илдет чачтын өсүшүн толугу менен токтотуп коет.

4
Белгилер:
дарыгер, коронавирус, чач, кесепет
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Окумуштуулар коронавирустун дагы бир олуттуу кесепетин айтышты
Беларуста COVID-19дун төртүнчү толкуну башталганын айтты