Дашков көчөдө отурган видео: УКМК СИЗОсунун жетекчиси кызматтан алынды

© Фото / пресс-служба ГП "Кыргыз Темир Жолу""Кыргыз темир жолу" ишканасынын мурдагы директору Василий Дашков. Архив
Кыргыз темир жолу ишканасынын мурдагы директору Василий Дашков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.08.2021
Жазылуу
Буга чейин социалдык тармактарда Дашковдун "Бикард" клиникасынын жанында аял киши менен сүйлөшүп отурган видеосу тараган.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. УКМК СИЗОсунун башчысы М.М. жана анын орун басары Т.У. Василий Дашковдун тергөө учурундагы күзөт эрежелерин бузгандыгы үчүн ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлады.

Маалыматка караганда, "Бикард" медициналык борборунда дарыланып жаткан “Кыргыз темир жолу" ишканасынын мурдагы директору Дашковду кайтаруу тартибинин бузулушу боюнча кызматтык териштирүү жүргүзүлдү.

"УКМК СИЗОсунун башчысы жана анын орун басары кызматынан бошотулду. Алар тергөөдө жаткан адамды кармоо, коргоо жана коштоо тартибине жооптуу кызматкерлер болуп эсептелчү. Ал эми Василий Дашков УКМКнын тергөө абагына кайтарылды”, — деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин социалдык тармактарда Дашковдун "Бикард" клиникасынын жанында аял киши менен сүйлөшүп отурган видеосу тараган. Ошондой эле анын колунда кишен жана кайтаруучулар жок экенин көрүүгө болот.

Василий Дашков коррупцияга айыпталууда. Ал мамлекетке келтирген зыяндын жалпы көлөмү 1,5 миллиард сомдон ашканы белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0