Кырчын капчыгайы

Жаанчыл болбойт. Бир жумага карата аба ырайы

137
Апта ичи көпчүлүк аймактарда, анын ичинде ордо калаада күн ачык болору божомолдонду. Нарын, Ысык-Көл облустарында кээ бир күндөрү жаан жаашы ыктымал.

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги келе жаткан аптага карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат берди. Ага ылайык, Бишкек шаарында жана башка аймактарда апта ичи жаанчыл болбойт. Айрым жерлерге күн күркүрөп, жаан себелеши ыктымал.

Чүй облусу

29-августта кээ бир райондордо өткүн өтүшү, тоолуу аймактарга жаан жаашы ыктымал. Калган күндөрү жуманын аягына чейин күн жылуу болот.

Талас облусу

Талас облусунда апта ичи жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 30-августта күндүз жана 31-августта кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары

Өлкөнүн түштүк аймактарында 29-августта өткүн өтүп, жаан жаашы ыктымал. Башка күндөрү 4-сентябрга чейин күн ачык болот.

Ысык-Көл облусу

29-30-августта жана 2-3-сентябрда кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. 1-сентябрь менен 4-сентябрда күн ачык болору айтылды.

Нарын облусу

Нарын облусунда 29-30-августта жана 2-сентябрда жаан жаайт, башка убакытта 4-сентябрга чейин күн ачык болот.

137
Тема боюнча
Көздүү мончок жерде калбайт. Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата видеоролик
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев. Архив

Ташиев: мамкызматкерлер аралашкан фармацевтикалык мафиянын бетин ачтык

63
(жаңыланган 21:29 26.09.2021)
УКМКнын төрагасы кошумча кенен маалымат дүйшөмбү күнү берилерин белгилеп, дагы бир иштин четин чыгарды.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Кыргызстанда ири фармацевтикалык мафиянын бети ачылды. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Алай районунда атайын кызматтын бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышында билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда дарылардын баасы 3-10 эсе кымбат сатылып келгени аныкталган.

"Ири фармацевтикалык мафиянын бети ачылды. Кыргызстанда дарылар эң аз дегенде 3, эң кымбат дегенде 10 эсе кымбат сатылып келиптир. Мамлекеттик кызматкерлер дарыгерлер менен чогуу мафия түзүшкөн. Биринчи күнү толук маалымат берилет", — деди Ташиев.

Мындан тышкары, УКМК төрагасы күйүүчү май ташыгандардын мафиясынын да изине түшкөнүн белгиледи.

"Бүгүнкү күндө күйүүчү май 56-58 сомдон сатылууда, бирок 50 сомго жетпеген баада сатылышы керек экен. Муну мамлекет да, жетекчилер да, эч ким караган эмес, биз азыр ошого багыт алдык", — деди Ташиев.

Кызматкерлерге кайрылып жатып жетекчи ар кимиси элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштеши керектигин, бул үчүн ар биринде бийлик да, мүмкүнчүлүк да бар экенин белгиледи. Сөзүнүн соңунда ар бир кызматкер отчет тапшырып, иши ошонун негизинде бааланарын кошумчалады.

63
Белгилер:
Камчыбек Ташиев, УКМК, Күйүүчү май, дары-дармек
Тема боюнча
Бишкек: заводдун аймагынан бомба табылган жок. Ишти эми УКМК изилдейт
Соцтармакка тараган "Ташиевдин тизмеси". УКМК төрагасы үн катты
Жаратылыш. Архив

Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

13
27-сентябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Дүйшөмбү, 27-сентябрда, күндүз өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +22...+27, Таласта +20...+25, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +24...+29 градус болору айтылды.

Күндүн табы Бишкекте +25...+27, Ош калаасында +27...+29 градуска көтөрүлөт.

13
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Келерки жуманын этеги жаан-чачындуу болот. Бир жумага карата аба ырайы