Марипов шахтерлорду кесиптик майрамы менен куттуктады

© Sputnik / Эмиль СадыровШахтерский город Сулюкта в Баткенской области
Шахтерский город Сулюкта в Баткенской области  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.08.2021
Жазылуу
Министрлер кабинетинин төрагасы өлкөнүн көмүр казуу өнөр жайы туруктуу өнүгүп жатканын айтып, көмүр казып алуу көрсөткүчүнүн көлөмү жылына дээрлик 2,5 миллион тоннага жеткенине токтолгон.

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов көмүр өнөр жай тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы — шахтерлор күнү менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Марипов бул кесип эмгекчил адамдын мүнөзүн, рухун жана кадыр-баркын чыңдап, аны менен сыймыктануу сезимин жарата турганын белгилеген.

"Республикабызда көмүр өнөр жайынын кызматкерлеринин эмгеги татыктуу бааланып жана урматталып келет. Бул чындыгында эле эмгекчил, күчтүү, кайратман жана аларга таянууга мүмкүн болгон адамдардын майрамы. Мен бул тармактын ардагерлерине өзгөчө ыраазычылык билдиргим келет. Көк-Жаңгак, Таш-Көмүр, Кызыл-Кыя, Сүлүктү сыяктуу тоо-кен шаарларынын тарыхы сиздердин эмгек таржымалыңыздар менен тыгыз байланышта. Кенчилердин учурдагы мууну ар дайым сиздерге карай түздөнүп, багыт алат", — деп айтылат куттуктоодо.

Деятельность предприятия Алтынкен в Кеминском районе - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.08.2021
Кен байлыктарды пайдаланууга укук берүүнүн жаңы тартиби каралды
Министрлер кабинетинин төрагасы өлкөнүн көмүр казуу өнөр жайы туруктуу өнүгүп жатканын айтып, көмүр казып алуу көрсөткүчүнүн көлөмү жылына дээрлик 2,5 миллион тоннага жеткенине токтолгон.

"Ишиңиздерге болгон жоопкерчиликтүү мамиле, мурдагы муундун мыктыларынын тажрыйбасына таянуу сиздерге мындан ары да өндүрүштө олуттуу ийгиликтерди жаратууга өбөлгө болот деп ишенем. Көмүр өнөр жайынын бардык кызматкерлерине жана ардагерлерине ак ниет эмгеги үчүн дагы бир ирет ыраазычылык билдирем!", — деп жазылган куттуктоодо.

Марипов кесип ээлерине чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык жана ийгилик каалап өткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0