Кыргыз эл артисти, залкар комузчу Нурак Абдрахмановдун кызы, Маданияттын мыкты кызматкери төш белгисинин ээси, обончу Ширин Абдрахманова

Нурак Абдрахмановдун кызы Ширин: байбичелеринин акылмандыгы бизди бириктирди

1502
(жаңыланган 18:44 29.08.2021)
"Соң-Көл", "Ата мурасы", "Улуу тоолор", "Эне жүрөгү" аттуу мыкты күүлөрдүн автору Нурак Абдрахманов кыргыз элинин улуттук аспабы комузга дагы бир ирет жан киргизип кеткендей болду. Бул ирет боюна тоодой өнөрдү батырган улуу талантты эскердик.

Sputnik Кыргызстан агенттигинде конокто Кыргыз эл артисти, залкар комузчу Нурак Абдрахмановдун кызы, "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисинин ээси, обончу Ширин Абдрахманова болду.

— Нурак Абдрахмановду залкар комузчу жана обончу катары билебиз. Бала кезден анын так теке ойнотконун көрүп чоңойдук. Эсиңизде атаңыз кандай адам катары калды?

— Тагдырдын буйругу менен чыгармачылыкка келип калдым. Атамды өнөр жагынан теңдешсиз чыгармачыл инсан деп баалайм. Андан тышкары, кудай мага ушул залкардын туягы болуу бактысын ыйгарыптыр. Буга абдан сыймыктанам. Атам өтө жакшы адам эле. Азыр баары эле "атаңыз аябай мээримдүү, айкөл, дайыма күлүп жүргөн сонун адам болгон" деп айтышат. Ооба, ушул мүнөздөмөнүн баары ага дал келет. Мындан тышкары, ал абдан ишенчээк, баёо, жумшак ата болчу. Эч качан балдарын урушуп, кагып-силкип жаман сөз айткан эмес. Сыртынан кандай көрүнсө, ичи деле ошондой көл эле. 

Архивные фотографии народного артиста КР, лауреата специальной номинации ЮНЕСКО, комузиста и композитора Нурака Абдрахманова
© Фото / из семейного архива Ширин Абдрахмановой
Ширин Абдрахманова: Атамды өнөр жагынан теңдешсиз чыгармачыл инсан деп баалайм. ал абдан ишенчээк, баёо, жумшак ата болчу. Эч качан балдарын урушуп, кагып-силкип жаман сөз айткан эмес. Сыртынан кандай көрүнсө, ичи деле ошондой көл эле.

— Балалыгы тууралуу айтып берсеңиз.

— Чоң атам мергенчи киши болгон. Атам Ак-Талаанын Куртка, Тоголок Молдо айыл аймактарында боз топурак кечип чоңойгонун айтып тамашалап калчу. Кийин апам экөө тең Тоголок Молдо айылындагы орто мектепте окуп, бири-бирин кичинесинен таанып өскөн. Ошол кезде атамды айылдаштары "бала комузчу" деп атап коюшчу экен. Согуштун мүңкүрөткөн жылдарынан эми баш көтөрүп, ыр-күүнү эңсеп турган элге атамдын комузу дары болсо керек. Чоң атам да күүгө жакын, манас айтууну жакшы көрүп, элдик чыгармаларды баалаган. Ал киши атамдын комузга шыктуулугун байкап, булактын көзүн ачкан алгачкы адам болгон экен. Атам кичинесинде бир ай ооруканага жатып калат, ошондо Тоголок Молдо айылына сыйлык иретинде бир патефон келет. Чоң энемдин төркүндөрү башкарма болгондуктан патефон аларга ыйгарылган экен. Чоң атам атайын барып ошол патефонду сурап, ооруканадагы уулуна алып барып биринчи жолу күү угузган экен. Атам Ыбрай Тумановдун, Карамолдо Орозовдун күүлөрүн өздөрүнүн аткаруусунда угуп абдан таасирленип, ар бир кайрыгына чейин маани бергенин айтчу.

Кичинесинен абдан жоош, кыялкеч болуптур. Эч качан сөгүнүп же баладай болуп бир нерсе талкалап койгонун көрүшпөгөнүн айтып калышчу. Сүрөткө да абдан кызыкчу. Булуттарды, таштарды карап алып эле ар нерсеге окшотуп кыялдана берчү экен. Азыр атасы менен жүргөн жерлерге барсак, бейиштин эле бир үзүмүндөй сезилет. Атамдын чыгармачылыкка жакын болуп калуусу да ошол жаратылыштын, кокту-колоттун кооздугунан улам деп ойлойм. 

Родители народного артиста КР, лауреата специальной номинации ЮНЕСКО, комузиста и композитора Нурака Абдрахманова
© Фото / из семейного архива Ширин Абдрахмановой
Нурак Абдрахмановдун ата-энеси

— Нурак атанын чоң аталарында да таланттын кени болсо керек?

— Негизи менин чоң энемдин түбү Жумгал. Чоң тайларыбыздан Сагынбайдай манасчылар чыккан. Чоң атам жакта да өнөрпоздор болуп, бирок алар ошол жашаган чөлкөмүндө эле таанылган экен. Апам кайнатасын аябай жакшы көрүп, азыр да жылуу эскерет. "Атам чолок-чолок күлөрдү укмуштуудай келиштирип чертчү" деп айтат.

— Бир туугандары тууралуу да сурай кетели...

— Атамдын "Илбирс чапкан" деген ылакап атка ээ эжеси бар. Ал Кума апабыз азыр 90 жашта. Атамдын 80дин тегерегине келип калган Эламан деген агасы менен эжеси биздин жакшылыгыбызда төрүбүздүн көркү. Андан тышкары, көзү өтүп кеткен агасынын аялы, 90го таяп калган жеңеси да бар. Анан кичүү иниси Акберди абабыз Тоголок Молдо айылында, ата конушунда турат. Бир туугандары ушулар.

Ал эми атамдын өзүнүн балдары тууралуу айтсам, биринчи байбичесинен төрт уул, үч кыз. Экинчи байбичесинен да төрт уул, үч кыз бар. Бир агам өтүп кеткен. Азыр эки байбичесинин тең көзү тирүү. Менин апам жанымда, ал эми берки апабыз атамдын Байтиктеги үйүндө уулдары менен турат. Улуу байбиченин балдары баарыбыз турмуштабыз. Ал эми экинчи апабыздан эң улуу кызы менен эң кичүү кызы гана турмушта. Баарынын жумуштары бар. 

Архивные фотографии народного артиста КР, лауреата специальной номинации ЮНЕСКО, комузиста и композитора Нурака Абдрахманова
© Фото / из семейного архива Ширин Абдрахмановой
Ширин Абдрахманова: эки аялдын акылмандуулугу менен биз атамдын кийинки турмушундагы балдары менен катышып, бирге чоңойдук. Апаларыбыз бул киши ушундай мамилеге, колдоого татыктуу деп чечишкен.

— Апаңыз менен атаңыз чогуу окуган турбайбы? Кантип түтүн булатып калышты болду экен?

— Эми экөөнүн мамилесин атайылап сурап деле уккан эмеспиз. Бирок биздин угушубузча, экөө абдан бири-бирин жакшы көрүп, турмуш курууга далалаттанышкан экен. Нарындагы училищени бүтүп айылга барган апама куда түшүп, ала каччулар көп чыгыптыр. Аны уккан классташтары атама жеткирип барышат. Анан атам дароо эле келип "Күмүш, үйлөнүп албасак болбойт" деп колун сурап, экөө 17 жашында үйлөнүшкөн.

Кийин атам экинчи апабызга үйлөнүп кетет. Бирок эки аялдын акылмандуулугу менен биз атамдын кийинки турмушундагы балдары менен катышып, бирге чоңойдук. Апаларыбыз бул киши ушундай мамилеге, колдоого татыктуу деп чечишкен. Апам атамды кызганып чектөө салып кармабай, чыгармачылыгына да, сезимине да түшүнүү менен мамиле кылган. 

Архивное фото комузчу Нурака Абдрахманова
© Фото / предоставлено семьей Нурака Абдрахманова
Ширин Абдрахманова: биринчи байбичесинен төрт уул, үч кыз. Экинчи байбичесинен да төрт уул, үч кыз бар. Бир агам өтүп кеткен. Азыр эки байбичесинин тең көзү тирүү. Менин апам жанымда, ал эми берки апабыз атамдын Байтиктеги үйүндө уулдары менен турат.

— Тээ мындан 400 чакырым алыс Тоголок Молдо айылынан борборго алып келген чыгармачылык жолдон кеп салсаңыз?

— Маданият министрлиги ал убакта башкача талаптар менен иштечү эмес беле. Алар жер-жерлерди кыдырып, өнөрлүү адамдарды таап, таланттардын алтынын калпып келип Улуттук филармониянын өзөгүн түптөгөн да. Атам адегенде Ак-Талаадагы музыкалык мектепте (азыр Нурак Абдрахманов атындагы мектеп — ред.) иштеп, бир катар шакирттерди таптаган. Шаарга чейин келип, кароо-сынактарда бир топ байгелүү орундарды багындырып жүргөн. Ошентип көзгө илинсе керек. Негизи ага чейин Токмоктогу музыкалык окуу жайынын баян ойноо жагын бүткөн. Атам өзү абдан новатор болчу. Ал кезде сальфеджо, гармония сабактарынан берген мугалимдер жок. Атам айыл жериндеги комуз үйрөнүүнү дегдеп келген балдарга комузду оңой үйрөтүүнүн жол-жобосун издеди. Кийин "Камбаркан" этнографиялык-фольклордук ансамбли түптөлгөндөн баштап, көзү өткөнгө чейин ушул филармонияда эмгектенди.

— Жумуш башка, ал эми чыгармачылык өзүнчө эмеспи. Улуу комузчунун "Соң-Көл баяны", "Улуу тоолор", "Атилла хан" аттуу күүлөрүн угуп жүрөбүз. Чыгармачылыкка кайсы убакта көңүл буруп, күүлөрү кантип жаралып калды эле?

— Бул фанаттык. Бизге чейинки залкарлардын автору унутулуп, элдик болуп кеткен күүлөрүнүн кайрыктарын угуп, жүрөгүндө бапестеп аткарып, ага өз салымын кошуп, өзүнө жаккандай эпчилдик менен өзгөртүп черткен. Бул жаратмандыктын биринчи кадамдары болсо керек. Залкарлардын күүлөрүн өз вариантында аткарууга умтулуп жүрүп, жүрөгүндөгү чыгармачылыктын мөмөсү бышкан. Апамдын айтымында, алгач улам бир кайрыгын чыгарып, акырындан баарын топтоп анан күү жаратчу экен. "Ата мурасы", "Соң-Көл", "Уулу тоолор", "Эне жүрөгү" деген күүлөрү — булар алгачкы чыгармалары.

Азыр атамдын черткенин телефонумдан угуп, жакшы өздөштүрүп жатып мага да ошол нерсе сиңип келе жатат. Окуучуларыма да үйрөтөм. "Ата мурасы" күүсүнүн кайрыктары 1970-жылдары келе баштаган экен. 1979-жылы атамдын агасы каза болуп, ал кишинин кыркына жетип-жетпей эле чоң энем, андан көп өтпөй чоң атам кетиптир. Үйдө удаа-удаа үч өлүм болуп, атам кайгыга батып аябай мөгдөптүр. Ошол кезде кулагы да укпай чөгүп кетет. Анан агасынын балдары да кичине, өз балдары, ага кошуп инисине да баш-көз болуу керектигин ойлоп, кадимкидей чыйралат. Ошентип алгачкы күүсү абдан муңдуу чыккан. Аны чыгармачылыгындагы өзү сыйлаган адамдарга угузса, "бул күүдө атаңа, атаңдай болгон агаңа болгон кусалыгың чагылдырылыптыр. Муну "Ата мурасы" деп атап кой" деп кеңеш беришет.

Экинчисинде атам боорунан эхинококкоз болуп ооруканада жатып, дарыгерлер Соң-Көлгө бээнин сүтүнө жиберишет. Беш маал бээнин сүтүн жылуулай ичип, кырда көлдү карап комузун эрмектеп отуруп "Соң-Көл" деген күүсүн чыгарат.

Ал эми "Улуу тоолорду" атасы илбирс чаап, кийик атып жүргөн тоо койнун сагынып, жаратылышка сый-урматын билдирип жараткан. Күүгө улардын үнүн да туурап киргизген. Ал эми "Эне жүрөгү" менен "Сары өзөк" күүлөрү Чыңгыз Айтматовдун чыгармасындагы кадимки маңкурт баянына негизделген. Атам чыгарманын философиясына таасирлениптир.

"Атилла хан" кийинки эле күү. Кийинчерээк атам "мен кимден келгем, тегимди тааныйын" деп санжыраны абдан көп изилдеди. Анан дүйнөнү багындырган кадимки Атилла биздин бабабыз Адил хан болгон деген тыянакка келип, эң биринчилерден болуп айтып чыккан. Муну айрым сынчылар менен тарыхчылар моюнга алгысы келбей, бир топ сындашкан. Бирок аларга көңүл бурбаган атам өмүрүнүн аз калганын сезгендей эле эмгектене бериптир. Атам каза болгондон кийин Германиядан Атилланын генетикасы изилденип калып, кыргыз болгон деген жыйынтык факт болуп чыкты. Көптөрү аргасыз баш ийкешти. Ошондо мен көрөгөч болгон экен деп атам менен абдан сыймыктандым, сүйүндүм. Ал үчүн атам эч ким менен талашып, кыжыңдашкан да жок. Адатынча күлүп коюп эле ишин уланта берди. 

Комузчу Нурак Абдрахманов исполняет песню на берегу озера
© Фото / предоставлено семьей Нурака Абдрахманова
Ширин Абдрахманова: "Аппак сүйүүнү" атам Руцкаяга өзү үйрөтүп, ыраазычылыгы менен батасын берип, ырдоосуна макул болгон. Жаны кыйналып ооруп турса да барып, клибине чейин тартылып келген.

— Эми Нурак атанын ар бир күүсүн уккан адамдын көз алдына ар кандай сүрөттөр баяндалып, ар бир адам өз дараметине жараша кабыл алса керек. Ошондой эле бир кезде "Аппак сүйүү" деген ырын баарыбыз сүйүп уктук. Бул ыр кимге арналган, жаралуу тарыхына токтолсоңуз?

— Ооба, сезим ырлары негизинен бирөөгө арналат. Бирок атамдын "Аппак сүйүү" аттуу ырын бирөөгө арнады деген туура эмес. Ал болгону улуу сезимди адамдар ушундай баалап-барктаса деген ниетте жазылган. Атам бир эмес эки байбичелүү жана 14 баланын атасы болгон кезде жаралган ыр. Балким байбичелерине арнап жазгандыр. Жанында турбагандан кийин так айта албайбыз. Атамдын айтуусунда "Камбаркан" фольклордук тобу менен Нарын тарапка концерт койгону бара жатышып, автобуста сүйүү ырлары аябай ырдалат. Анан атама ушул ырдын кайрыктары, сөздөрү келген экен. "Аз эле убакытта, ушу Долонго түшүп-чыккыча эле жаратып койгом" деген өзү. Жылдап топтогон сүйүү сезиминин саат-мүнөтү ошондо келип, ушундай керемет чыгарма жаралса керек. Ал эми "Бул дүйнө" аттуу ырын жаратарда бир нече жыл ойлонгонун айткан. "Тагдыр мени өйдө-ылдый калчап, бир топ эле кыйнады. Бирде оорутуп, бирде соолуктуруп, чет элге да барып, өз жеримде да болдум. Баарын көрүп, ойлорум бышкан кезде абдан толгонуп жазган чыгармам" дечү. Мен "Аппак сүйүүнү" 1995-жылдан бери алымдын келишинче фольклордук багытта аткарып келе жатам. Бирок бул ырдын багын орус кызы ачты.

— Юлия Руцкаянын аткаруусун атаңыз кандай кабыл алган?

— Негизи Юлия атамды жана анын чыгармачылыгын абдан сыйлаган адам. Бүгүнкүгө чейин Юлиядан атам жөнүндө жылуу сөз, жакшы пикир гана угабыз. Ал кызды биз да абдан сыйлайбыз. Атам да "ананайын, жакшы ырдайт экен" деп Юлиянын чыгармачылыгын алкап калчу эле. "Аппак сүйүүнү" атам Руцкаяга өзү үйрөтүп, ыраазычылыгы менен батасын берип, ырдоосуна макул болгон. Жаны кыйналып ооруп турса да барып, клибине чейин тартылып келген. Ал ыр элге чыккыча экөө ырдын ар бир кайрыгына, нотасына чейин талкуулап, абдан катуу иштешишти. Ыр жакшы чыкканда атам да абдан кубанган. 

— "Аппак сүйүү" ыры авторду дагы да обондуу ырларды жаратууга шыктантса керек?

— Ооба. Негизи күүнү бардык эле адам түшүнө бербейт. "Сөз бүткөн жерде музыка башталат" деген кеп бар. Музыка — өтө бийик нерсе. Ал эми ырдын сөзү жакшы болсо, обондун анча-мынча кемчилигин кечирип, угармандар кабыл ала берет. Атам муну билген. Ошол себептен обончулукту илгертен эле кошо ала жүргөн. 1969-жылдары жазган ырлары атамдын кол жазмасы менен ушул күнгө чейин менде сакталуу. Обондуу ырлардын да орду бар экенин айтчу. Күүлөрү жакшы дейбиз, обончулугу да мыкты болгон. Эч кимге окшобогон өзүнө тийиштүү кол тамгасы бар. Нурактын кызы болуунун жакшы жагы ал кишинин эл билбеген жактарын билүү менен көп чыгармачылыгына жакындан күбө болгонумда жатат.

Дочь народного артиста КР, комузиста Нурака Абдрахманова, обладательница значка Лучший работник культуры, мелодистка Ширин Абдрахманова во время беседы на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Асель Сыдыкова
Ширин Абдрахманова: Музыка — өтө бийик нерсе. Ал эми ырдын сөзү жакшы болсо, обондун анча-мынча кемчилигин кечирип, угармандар кабыл ала берет. Атам муну билген. Ошол себептен обончулукту илгертен эле кошо ала жүргөн.

— Жакшы жагы менен бирге жоопкерчилиги да бар го...

— Ооба, тирүүчүлүктө адамдын башына келүүчү сыноолор бизге деле келип жатат. Келген жок деп айтпайбыз. Чыгармачылыкта атамдын жолун улоочу катары менин жоопкерчилигим — музыкада билбеген нерсемди "билем" деп айтпашым керек. Ошол себептен мен өзүмдү комузчу, күү аткаруучумун деп айта албайм. Анткени атамдын деңгээлинде эмесмин. Мен ырчы, аткаруучумун. 

Народный артист КР, лауреат специальной номинации ЮНЕСКО, комузист и композитор Нурак Абдрахманов с дочерью Ширин Абдрахмановой
© Фото / предоставлено Ширин Абдрахмановой
Залкар талан Нурак Абдрахманов кызы Ширин менен сахнада

— Бул кишинин комуз да чапканын билебиз. Балдарынын арасынан ушул өнөрүн алып калгандар барбы?

— Атам негизи өнөрлүү адам болчу. Ыр жазган акын, санжырачы, манас да айта койчу, сүрөтчү эле. Өзүнүн портретин сонун кылып тарткан. Чоң атамдын элесин гипстен жасаган, ушундай скульптордук да жайы бар эле. Бир нерсе ойлоп таба калган сапатка ээ болгон. Так теке черткенде башкалардыкы ордунда бир эле кыймылды жасаса, атамдыкы тегеренип, бийлеп да жиберчү. Бул киши анын механизмдерин атайын иштеп чыккан. Алмазбек деген комуз чапкан бир тууган агам бар. Акыркы жылдары байкем эле комуз чаап, атам аны оңдоп-түздөп койчу. Так текени да ошол байкем экөө мурунку так текелердин элесинде жасашкан. Атабыздын күү чыгаргандан тышкаркы өнөрлөрүнүн баарын эле бир туугандарым алып калыптыр. Менден тышкары эң кичүү иним менен сиңдим консерваторияда окуп, музыкалык билим алышкан. Биздин үй-бүлөнүн чогулуусу абдан шаңдуу өтөт. Күү аткаруучулук боюнча Алмазбек агамдын баласы жакшы келе жатат. 

Архивные фотографии народного артиста КР, лауреата специальной номинации ЮНЕСКО, комузиста и композитора Нурака Абдрахманова
© Фото / из семейного архива Ширин Абдрахмановой
Ширин Абдрахманова: Атабыздын күү чыгаргандан тышкаркы өнөрлөрүнүн баарын эле бир туугандарым алып калыптыр. Менден тышкары эң кичүү иним менен сиңдим консерваторияда окуп, музыкалык билим алышкан. Биздин үй-бүлөнүн чогулуусу абдан шаңдуу өтөт.

— Атаңыздын кыялдарынын ичинен аткарылбай калгандары болдубу?

— Атам көзү тирүү болсо дагы далай мыкты чыгармаларды жаратмак. Эмне деген күүлөрү, обондору жарык көрбөй өзү менен кошо кеткенине өкүнөм. Ал киши бир жаралган инсан экен.

Ырчы Сайкал Садыбакасова апасы Гулшайыр Садыбакасова менен. Архив
© Фото / из личного архива Сайкал Садыбакасовой
Жетпей калган кыялдары демекчи, Карамолдо Орозовдун комузунун үнүн бала кезинен угуп, абдан таасирленген экен. Карамолдонун комузунун үнүнүн кооздугун табам деп комуз чаап баштаган. Эң негизги максаты ошол болгон. Ошол комуздун үнү менен күүлөрүмдү жаздырам деп көп жыл убактысын өткөрдү.

Ошол комузду "таптым" деп толук кандуу, оозу толуп айта алган жок. Комуз чапкан сайын мындан да жакшысын табам деп улам изденип отурду.

Келечекте атамдын атын алып жүрүүчү ар тармактуу, атамдын өнөрлөрүнүн баарын камтыган өнөр ордосун ачуу тилегибиз бар.

1502
Белгилер:
Нурак Абдрахманов, комуз, кыз, күү, Ак-Талаа, санжыра, ыр, үй бүлө
Тема боюнча
Улуу көчтү улаган Нурак Абдрахманов 70ке чыкмак... Залкардын эл көрө элек сүрөттөрү
Кыргыздын музыкалык аспаптары. Кылымдарды карыткан кереметтүү добуштар инфографикада
Орус тил мугалими экзамен учрунда. Архив

Орус тилди чектөө менен экономикага залал келтиребиз... Серепчилердин пикири