Спортзал. Архивдик сүрөт

Сокулукта 20дан ашык бала баккан үй-бүлө спорт зал куруп алды. Сүрөт

123
(жаңыланган 15:46 29.08.2021)
Иса Өмүракунов менен Таалайгүл Арзыматова "Эне-бала мээрими" фондун 12 жыл мурда түптөгөн. Учурда алар 25 баланы карап, тарбиялашат. Көбүнүн энелери жалгыз бой болгондуктан балдарды бул үй-бүлө убактылуу карап, тарбиялап берет.

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Сокулук районунун Маловодное айылында 20дан ашык баланы асырап алган Иса Өмүракунов менен Таалайгүл Арзыматова балдарына спорт зал салып берди. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Өмүракунов билдирди.

  • Усыновившие более 20 детей Иса Омуракунов и Таалайгуль Арзыматова  построили для своих детей спортзал в селе Маловодное Сокулукского района
    Сокулук районунун Маловодное айылында 20дан ашык баланы асырап алган Иса Өмүракунов менен Таалайгүл Арзыматова балдарына спорт зал салып берди.
    © Фото / Иса Омуракунов
  • Усыновившие более 20 детей Иса Омуракунов и Таалайгуль Арзыматова  построили для своих детей спортзал в селе Маловодное Сокулукского района
    Белгилей кетсек, Иса Өмүракунов менен Таалайгүл Арзыматова "Эне-бала мээрими" фондун 12 жыл мурда түптөгөн. Дагы: https://sputnik.kg/society/20210829/1053720238/sokuluk-kop-balaluu-uj-bulo-sport-zal.html
    © Фото / Иса Омуракунов
1 / 2
© Фото / Иса Омуракунов
Сокулук районунун Маловодное айылында 20дан ашык баланы асырап алган Иса Өмүракунов менен Таалайгүл Арзыматова балдарына спорт зал салып берди.
"Жубайым экөөбүз "Эне-бала мээрими" фондун түптөгөндөн бери балдарыбызга спорт зал салып берсек деп жүрдүк эле. Кыбыраган кыр ашат экен, залыбыз да бүтүп чакан ачылыш аземин жасадык. Учурда 25тен ашык баланы тарбиялап жатабыз. Эки кабаттуу имаратыбыздын алды мончо, үстү спорт зал болду", — деди үй ээси.

Белгилей кетсек, Иса Өмүракунов менен Таалайгүл Арзыматова "Эне-бала мээрими" фондун 12 жыл мурда түптөгөн. Айырмасы — балдарга өз ата-энесиндей мамиле жасап, тарбияланган бөбөктөр аларды "ата, апа" деп айтат. Үй-бүлө баласын бага албаган жалгыз бой энелерге да жардам берип, убактылуу балдарын карап берет. Фонд өзүнүн алдына эне менен баланы бири-биринен ажыратпоо максатын койгон.

123
Белгилер:
Сокулук, үй-бүлө, жакшылык
Тема боюнча
Ишкер айымдар Токмоктогу балдар үйүнө тигүүчү өнөркана ачып берди
Орус тил мугалими экзамен учрунда. Архив

Орус тилди чектөө менен экономикага залал келтиребиз... Серепчилердин пикири

7
Постсоветтик өлкөлөрдө (мурдагы СССР өлкөлөрүндө) орус тилине чындыгында мамиле кандай? Ал улуттук тилдердин өнүгүшүнө жолтообу? Ушул соболдордун тегерегинде серепчилердин көз карашын тыңдадык.

Советтер Союзу ыдырагандан бери 30 жыл өттү. Постсоветтик мейкиндикте орус тили улуттук тилди өнүктүрүүгө тоскоол эмеспи деген маселе улам көтөрүлүп калат. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 23-сентябрда мамлекеттик тилде иш жүргүзүүгө бийлик өкүлдөрү тарабынан көңүл бурулуп жатканын, бир катар иш-пландар бышып-жетилип калганын, буга өтүүгө каалоо гана керектигин билдирди. Азыркы тапта республикада иш кагаздары эки — мамлекеттик жана расмий (орус) тилде жүргүзүлөт.

Ошол эле убакта постсоветтик өлкөлөрдүн бир тобунда орус тили экономикалык жана техникалык өнүгүү үчүн маанилүү деген тыянакка келишкен. Мурдагы союздук республикаларда орус тилинин ролу жана ага болгон мамиле кандай өзгөрүп жатканына Sputnik агенттигинин кабарчысы кызыгып көргөн.

Эки тилди айкалыштыруу

Президент Жапаров өлкөдө расмий иш кагаздарын жүргүзүүдөн орус тилин алууну сунуштап жатса, өлкөдөгү белдүү окуу жайлардын бири, Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети "Орус тили менен дүйнөнү багындырасыз!" деген ураан менен иштейт. Ал эми анын окумуштуулары жарыялаган изилдөөлөрдүн жыйынтыгында кыргызстандыктар мамлекетти өнүктүрүү үчүн зарыл экенин белгилешет.

"Сурамжылоо жүргүздүк, — дейт филология илимдеринин доктору, университеттин профессору Мамед Тагаев. — Өлкөнүн аймактарында жашаган 30дан 60 жашка чейинки 740 кишиге суроо салдык. Бишкектин жашоочуларынын арасында бул сурамжылоону жүргүзгөн жокпуз, борбор калаада орус тили да, кыргыз тили да активдүү колдонулат".

Сурамжылоонун жыйынтыгына ылайык, респонденттердин 99 пайызы орус тили сапаттуу билим алууга жол ачып, кесиптик чеберчиликти өстүрүүгө көмөкчү болуп, заманбап эмгек рыногундагы атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатарын белгилешкен. Ал гана эмес, тарыхый жактан республиканын жарандары үчүн орус тили тышкы дүйнө менен баарлашуу ыкмасына (каражатына) айланып калган деп эсептейт профессор Тагаев.

"Кыргызстандын жаңы Конституциясында орус тили расмий макамын сактап калган, — дейт ал. — Өлкөдөгү саясий окуялардын алдында орус тилин коомдук колдонуудан чыгаруу керек деген популисттик билдирүүлөр жаңырып калат". Республикада быйыл 28-ноябрда Жогорку Кеңешке шайлоо белгиленген эмеспи.

Иш кагаздарын жүргүзүүдөгү болжолдуу реформалар орус тилинин макамына таасир этпейби деген сурообузга жооп катары Мамед Тагаев: "Ушул тапта ар бир жаран орус тилинде кайрыла алат, бул – анын конституциялык укугу. Ошол себептен иш кагаздарын жүргүзүү кыргыз тилине өткөрүлсө, Кыргызстанда орус тилинин позициясын алда канча чабалдатары талашсыз". Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин 2021-жылга карата маалыматтарына таянсак, республиканын 6,6 миллион жаранынын 1,7 миллиону этникалык кыргыз эмес.

"Эки тилди айкалыштырууга мезгил жетти, — деп эсептейт профессор Тагаев. — Кыргыз жана орус тилдерин астыртан каршы коюуну токтотуп, орус тили кыргызстандыктарга чоочун эмес экенин моюнга алуу, ар бир адамдын да, бүтүндөй мамлекеттин да өнүгүшү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачып берерин түшүнгөн оң".

Тил жаатында коңшуларда жагдай кандай?

Ал ортодо коңшу Казакстанда активист Куат Ахметов тарабынан уюштурулган тил рейддеринен чыккан чырга карабастан орус тилинин ролун чектөөгө аракеттер байкалбайт. Тескерисинче, Ахметов жана анын тарапташтары беш шаардагы дүкөндөрдө казак тилин билер-билбеси боюнча текшерүүлөрүнөн кийин Казакстандын Башкы прокуратурасы кылмыш иши козголгонун, Ахметов улут аралык араздашууну тутантууга айыпталып жатканын маалымдады.

Ахметовдун жоругун республикадагы бийлик өкүлдөрүнүн көпчүлүгү сынга алды, ал эми президент Касым-Жомарт Токаев Казакстанда орус тили улут аралык баарлашуу тили макамына ээ экенин, "мыйзамга ылайык, анын колдонулушуна тоскоол кылууга болбостугун" эскертти.

"Казакстан Республикасынын тил жөнүндөгү" азыркы мыйзамында орус тили мамлекеттик уюмдар жана иш кагаздарында расмий түрдө мамлекеттик тил менен бирдей пайдаланууга болору каралган. Ал эми жарандарды сүйлөгөн тили боюнча кемсинтүү алардын укугун бузуу болуп саналат.

"Россия менен Казакстандын чек арасы дүйнөдөгү эң узун чек аралардан. Орус тили — Бириккен Улуттар Уюмунун алты расмий тилинин бири, ошондуктан бул маселеге маданияттуу мамиле жасоого тийишпиз", — деген Токаев казак тилин үйрөнүүгө умтулуу — бул "өз келечегин Казакстан менен байланыштыргандардын бардыгынын парзы", бирок өлкө "радикализмдин бардык формасына бөгөт болууга" даяр экенин кошумчалады.

Орус тилинин маанилүүлүгүнө жакында эле Азербайжан президенти Ильхам Алиев да токтолгон. Ал белгилегендей, өлкөдө орус тилинде билим берген 340 мектеп иштейт.

Өзбекстанда да аталган тил өнүгүү жолунда, өлкө өкмөтү эмгек мигранттарына орус тилин үйрөтүү чыгымдарын өз мойнуна алган.

"Өзбекстандын Ишке орноштуруу министрлиги Россиянын эл достугу университети менен кызматташат, — деп белгилейт Санкт-Петербургдун өзбек улуттук-маданий автономиясынын башчысы Суратбек Абдурахимов. — Бул долбоордун алкагында өзбекстандык 700 орус тил мугалими билимин өркүндөтүү программасынан өттү. Алар эми эмгек мигранттарына тил үйрөтө алышат".

Өзбекстан бийлигинин бул кадамы өлкө үчүн орус тили канчалык маанилүү экенинен кабар берерин айтат Абдурахимов.

"Кеп Россия менен алака туурасында гана эмес. Миграция деңгээли бул жакта албетте жогору, — дейт ал. — Бирок мурдагы СССРдин бөлөк өлкөлөрү менен мамилени деле алалы. Алар менен кантип сүйлөшүү керек? Орус тили — бул эл аралык билим берүүнүн, илим жана ишкерлик мамиленин тили".

"Улуттук тилдерге каршы болгон эч ким жок"

Орус тили өзүнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү менен жакынкы чет өлкөлөр үчүн маанилүү деп эсептейт филология илимдеринин доктору, Пушкин атындагы Орус тили мамлекеттик институтунун илим боюнча проректору Михаил Осадчий. Анын айтымында, сүйлөгөндөрдүн саны боюнча дүйнөдө орус тили 8-орунда турат. Аны менен бирге эле 15 эл аралык уюмда колдонулат (салыштырсак, англис тили 23 уюмда пайдаланылат).

"Көп тилдүүлүк — бул заманбап дүйнөнүн абсолюттук тренди, ийгилик жана атаандаштык артыкчылыгынын элементи, — дейт Осадчий Sputnik агенттигине берген маегинде. — Эгер өлкө өз калкынын көп тилдүүлүк боюнча мүмкүнчүлүктөрүн максаттуу түрдө төмөндөтө берсе, бизнес келишимдерин азайтып, жарандардын керектөөлөрүнө карама-каршы". Михаил Осадчий Украинаны мисал келтирет.

"Чындыгында кайсы гана тил болбосун, бул —  жөнөкөй керектөөлөрдү канааттандыруу, айталы, маалымат берүү жана алуу, кандайдыр социалдык кызматтардан пайдалануу каражаты, — деп түшүндүрөт ал. — Эмне үчүн Украина жарандары орус тилиндеги спектаклдерге барып жана фильм көргүсү келет? Алар Россиянын берилген фанаттары дейсизби? Жок, болгону аларга бул тил ыңгайлуу. Тиричилик траекториясына мамлекет бийлиги кийлигишип, сиздин тилиңиз керексиз деп жатат". Орус тилинен баш тартуу Россияга сокку урат деген айрым украиналык саясатчылардын пикирлери негизсиз экенин белгилейт Осадчий.

"Бул Россиянын ички абалына эч кандай таасир этпейт, — дейт ал. — Анткен менен Украина ичинде чыңалуу бар. Жасалма чектөөлөрдү адамдардын кыртышы сүйбөйт. Көп тилдүүлүк тууралуу сөз болгондо эч кимдин "орус тилинин үстөмдүгү артсын деп өлкөнүн улуттук тилин четке сүргөн" жери жоктугун түшүнгөн дурус".

Кеп мында теңдик туурасында, кээ бирөөлөр тилди үйрөнүүгө мажбур, чет тили менен алектенгендер бул канчалык татаал иш экенин жакшы билет. Ал эми бул жагдайда сиздин артыкчылыгыңыз бар, дароо эки тилди билесиз. Эми андай артыкчылыктан өз эркиңиз менен баш тартып турасыз".

7
Белгилер:
Кыргызстан, орус тили, чектөө, экономика, эксперт
Тема боюнча
Украина: каатчылык мааракеси
Электр станциясы. Архив

27-сентябрда Бишкектин кайсы аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Тизме

10
Монтаж жасоочу бригадалар Бишкек шаары менен айрым жаңы конуштарда трансформатордук көмөк чордондордун иштешин текшерет.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Бишкектин айрым аймактары эртең, дүйшөмбүдө, электр жарыгысыз калышат. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынан билдиришти.

Электр энергиясы өчүрүлчү аймактардын тизмеси:

  • 9:00дөн 18:00гө чейин — Көлмө (Кулуев, Мыскал, Республика, Максат көчөлөрү), Ак-Ордо (Бугу-Эне көчөсү), Керемет (Дыйкан, Профсоюз, Эркин Эл, Мессарош көчөлөрү) жана Арча-Бешик (Шералиев, Термечиков, Бердибаев, Кызыл-Адыр, Ак-Туз көчөлөрү) конуштары. Ошондой эле Москва көчөсүндө № 147, 193 үйлөрдө, Исанов көчөсүндө № 33 үйдө жарык өчүрүлөт;
  • 9:30дан 17:00гө чейин — Керамическая, Широкая, Жантөшев , Жукеев-Пудовкин, Скрябин, Суванбердиев көчөлөрүндө жана Ангарский тар көчөсүндө. Мындан тышкары, Токтоналиев көчөсүндөгү № 78 үйдө жарык жок болот.
10
Белгилер:
Бишкек, жаңы конуштар, электр жарыгы
Тема боюнча
Кулжыгачов: Бишкек ЖЭБи күзгү-кышкы жылытуу мезгилине даяр