Бишкектин көчөлөрүндөгү атчандардын видеосу. Майрамга даярдык

© AFP 2023 / VYACHESLAV OSELEDKOАтчан адамдар. Архив
Атчан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.08.2021
Жазылуу
45 атчандан турган колонна парадга чыккан дарыгерлерди, мугалимдерди, муниципалдык кызматкерлерди баштап өтөт.

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Бишкектиктер шаардын көчөлөрүнөн салтанаттуу жүрүш менен келе жаткан атчандарды байкашканын жазып жатышат.

Шаардыктар (37-секундада — ред.) "Манас" эпосундагы чоролордой кийинген атчандарды видеого тартып алышкан.

Анын чоо-жайы белгилүү болуп, ал борбор калаанын "Ала-Тоо" аянтында Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына көрүлгөн даярдык экени айтылды. Сценарийге ылайык, эртең 45 атчан шаардыктардын парадында алардын алдында бастырып өтүшөт. Сценарий боюнча, алар Манас баатырдын 40 чоросу. Булардан сырткары, Манас, Бакай, Кошой, Каныкей жана ырчылар аянттан өтөт.

Эртең, 31-августта, кандай иш-чаралар болорун Sputnik агенттигинин маалыматынан окууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0