Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата Бишкекте өтө турган иш-чаралардын тизмеси

© Sputnik / Табылды КадырбековАла-Тоо аянтындагы майгамдын иш чага. Архив
Ала-Тоо аянтындагы майгамдын иш чага. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.08.2021
Жазылуу
Бишкек шаарынын ар бир району өзүнүн аймагында маданий программаларды, спорттук мелдештерди, түрдүү сынактарды, көргөзмөлөрдү уюштурат.

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына байланыштуу борбор калаанын ар бир районунда маданий, спорттук иш-чаралар өткөрүлөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, 31-августтагы майрамдык салтанаттарга шаар тургундары жана меймандары катыша алат.

Ленин району:

  • Саат 15:00дө Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында чоң концерт болот. Ошондой эле анын жанына алты боз үй тигилип, кол өнөрчүлөрдүн эмгектери көрсөтүлөт.

Свердлов району:

  • Саат 11:00дөн 13:00гө чейин Жеңиш аянтында ашпозчулар арасында палоо фестивалы уюштурулат. Андан сырткары, асфальтка сүрөт тартуу, бий боюнча сынактар жана спорттук мелдештер өтөт.

Октябрь району:

  • Саат 13:00дө Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркында "Шайыр балалык" балдар чыгармачылык борборунун, кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерт болот. Ошол эле жерде тамак-аштардын көргөзмөсү, кол өнөрчүлөрдүн мастер-класстары жана сүрөт тартуу боюнча сынак өтөт;
  • 11:00дө Көк-Жар 3 кичи районунда боз үйлөр тигилип, жергиликтүүлөр конокторду кабыл алат. Ошол эле маалда №6 жана №10 муниципалдык аймактык башкармалыгы концерт жана спорттук иши-чараларды уюштурат;
  • 10:00дө Тунгуч кичи районундагы № 73 орто мектебинин жанында, 13:00дө Көк-Жар конушунун Куйручук көчөсүндөгү боз үйлөрдө меймандарды кабыл ала баштайт.

Биринчи май району:

Уркуя Салиеванын эстелигинин жанында саат 10:00дөн 19:00гө чейин "Оймо" элдик кол өнөрчүлөрдүн жарманкеси, этнокөргөзмөсү болот.

Ошондой эле ал күнү майрамдык салтанатта тамак-аш, кийим-кече, кол эмгек, сүрөттөрдүн көрсөтмөсү да каралган:

  • 12:00дө Жаманбаев менен Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишинде;
  • 14:00дө Манас проспекти менен Боталиев көчөсүнүнүн кесилишиндеги паркта;
  • 10:00дө Махатма Ганди көчөсүндөгү жаштар паркында;
  • 14:00дө Бакай-Ата жаңы конушундагы №83 орто мектебинде.
Жаңылыктар түрмөгү
0