Кыргызстандын футбол командасынын биринчи оюндарына билет сатыла баштады. Баасы

© Sputnik / Табылды КадырбековФутбол күйөрманы. Архив
Футбол күйөрманы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.08.2021
Жазылуу
Буга чейин стадиондун теңине гана көрүүчүлөр киргизилери эскертилген. Өлкөнүн Футболдук союзу билеттердин баасын айтты.

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Бишкекте өтө турган футбол боюнча "Үч улуттун кубогу" жолдоштук мелдештин алкагындагы Кыргызстандын улуттук курама командасынын беттештерине билеттер сатыла баштады. Бул тууралуу өлкөнүн Футбол союзунун маалымат кызматы билдирди.

2-сентябрда Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо Кыргызстан — Палестина командалары ойнойт. Мелдеш саат 20:30да башталат.

Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын машыгуусу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.08.2021
Кыргызстандын футболчулары "Үч улуттун кубогу" мелдешине даярдана баштады. Сүрөт
КФС билдиргендей, стадиондун түштүк жана чыгыш тарабындагы орундарга билеттер 300 сомдон сатылат. Ал эми батыш жактагы орундар 500 сомдон турат. Чет элдик көрүүчүлөр үчүн коноктор секторундагы орундарга билет баасы 800 сом.

Кыргызстандык футбол фанаттары үчүн билеттер стадиондун кассасында жана "Фрунзе" гипермаркет тармактарында сатылууда. Батыш трибунадагы орундарга билеттерди онлайн түрүндө www.iticket.kg сайты аркылуу да алса болот. Ал эми чет элдиктер (0705) 34-88-06 номерине кайрылуусу керек.

Буга чейин стадиондун теңине гана көрүүчүлөр киргизилери эскертилген. Улуттук команда өз талаасында 2019-жылдын күз айынан бери ойной элек.

"Үч улуттун кубогу" мелдешиндеги оюндардын күнү, башталыш сааттары тууралуу төмөнкү материалдан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0