Жусуп Абдрахмановдун Караколдогу эстелиги. Архивдик сүрөт

Жусуп Абдрахмановго Кыргыз Республикасынын Баатыры наамы берилди

80
(жаңыланган 13:02 31.08.2021)
Тийиштүү жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койду. Сыйлык көзү өткөндөн кийин Абдрахмановдун көөнөрбөс эмгеги үчүн берилди.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Мамлекеттик жана партиялык ишмер Жусуп Абдрахмановго "Ак Шумкар" өзгөчө белгисин тапшыруу менен Кыргыз Республикасынын Баатыры эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Сыйлык Абдрахмановдун көөнөрбөс эмгеги жана туулган күнүнүн 120 жылдыгына байланыштуу берилди.

Тийиштүү жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койду.

80
Белгилер:
Кыргызстан, Садыр Жапаров, Жусуп Абдрахманов
Тема:
Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгын майрамдоо (65)
Тема боюнча
Жусуп Абдрахмановго арналган тасманын сценарийине сынак жарыяланды
Бишкек — Ош автотрассасы. Архив

Шаршембиге карата аба ырайы

38
22-сентябрда күндүз жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Шаршембиде республиканын кээ бир аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда +22…+27, Талас өрөөнүндө +20…+25, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +25…+30, Ысык-Көл, Нарын аймактарында +20…+25 градус жылыйт.

Күндүн табы Бишкекте +24…+26, Ош шаарында +28…+30 градусту көрсөтөт.

38
Белгилер:
аба ырайы, сентябрь, Кыргызстан
Тема боюнча
Жаан-чачындуу күндөр башталабы? Бир жумага карата аба ырайы
Түндүк электрдин кызматкери оңдоо иштер учурунда. Архив

Эртең Бишкектин 29 көчөсүндө жарык өчөт. График

72
Электр жарыгы шаардын борбордук бөлүгүнөн тышкары жаңы конуштарда дагы өчүрүлөт. Буга пландык оңдоолор себеп болууда.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Эртең, 22-сентябрда, Бишкектин 29 көчөсүндө жарык өчөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасы кабарлады.

Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:

  • 9:00-13:00 — Ак-Босого конушунда;
  • 9:00-18:00 — Манас проспектисинин бир бөлүгүндө, Абдумомунов, Фурманов, Севастопольский, Шота Руставели, Целинное, Сухомлинов, Московский көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө;
  • 9:30-14:00 — Широкий, Томск, Зайсанский, Львов көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө, Тушинский туюк көчөсүндө;
  • 9:30-19:00 — Саратовский, Пархоменко, Фрунзе, Комсомольский, Буденный, Салиева, Шайыр, Тульский, Сводобный, 8-Март, Элебесов, Семипалатинский, Арычный, Токтоналиев көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө, Манас проспектисинде жана Грозненский туюк көчөсүндө.
72
Белгилер:
Бишкек, жарык өчүрүү, көчө, 'Түндүк Электр' ишканасы
Тема боюнча
Жаан-чачындуу күндөр башталабы? Бир жумага карата аба ырайы
Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров. Архив

ЛГБТны Чеченстанда да коргоого чакырган Байденге Кадыров жооп берди

0
(жаңыланган 23:35 21.09.2021)
Чечен Республикасынын президенти АКШ лидерине тамаша иретинде жооп берип, өз өлкөсүнө чакырган.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. АКШнын президенти Жо Байден БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясында сөз сүйлөп жатып ЛГБТны коргоого чакырды.

"Биз, баарыбыз, ЛГБТ өкүлдөрүнүн укуктарын коргоп турушубуз керек. Алар Чеченстанда же Камерунда, же дүйнөнүн башка бурчунда болобу, эч нерседен коркпой сүйүүсү менен ачык жашашы керек", — деди Байден.

Көп өтпөй Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров ага Telegram-каналы аркылуу жооп кайтарганын RT жазды.

"Байден ушунчалык акылга сыйгыс билдирүү жасады, жооп катары биздин республикага чакырам. Ал Чечен Республикасына келип бизде жадагалса андай сөз дагы жок экенин көрүп кетсин. Алардын ордуна бизде тооктун күйөөсү бар", — деп жазып, каткырган быйтыкча койгон.

Белгилей кетсек, учурда Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясы өтүп жатат.

0
Белгилер:
АКШ, Жо Байден, Рамзан Кадыров
Тема боюнча
Байден Австралиянын премьер-министринин атын эстей албай... Видео
Рамзан Кадыров UFC мушкери менен кармашты. Видео