Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин. Архив

Путин Жапаровду жана кыргызстандыктарды эгемендүүлүк майрамы менен куттуктады

103
(жаңыланган 16:12 31.08.2021)
Владимир Путин Садыр Жапаровго бекем ден соолук жана ийгилик, ал эми Кыргызстандын бардык жарандарына бакыт жана гүлдөп өнүгүү каалаган.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин өлкө башчы Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин мамлекеттин көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Путин эки өлкө ортосундагы өнөктөштүк мамиле өз нугунда өнүгүп жатканын белгилеген.

"Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүн жарыялоонун 30 жылдыгына байланыштуу чын дилимден куттуктоомду кабыл алыңыз. Биздин мамлекеттер ортосундагы мамиле стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык духунда өнүгүүдө. Маңыздуу саясий диалог, ар кыл багыттагы конструктивдүү кызматташтык, ошондой эле ЕАЭБ, ЖККУ жана ШКУ алкагындагы натыйжалуу өз ара кызматташуу жолго коюлган. Бул биздин боордош элдерибиздин кызыкчылыктарына толук жооп берип, Евразия мейкиндигинде тынчтык, коопсуздук жана стабилдүүлүктү камсыздоо нугунда жүрүүдө", — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Владимир Путин Садыр Жапаровго бекем ден соолук жана ийгилик, ал эми Кыргызстандын бардык жарандарына бакыт жана гүлдөп өнүгүү каалаган.

103
Белгилер:
Кыргызстан, Россия, Владимир Путин, куттуктоо
Тема:
Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгын майрамдоо (65)
Тема боюнча
Бишкектин борборун аралаган айбаты күчтүү аскердик техникалар. Видео
Жапаров Кыргызстан 5 жылда кандай өзгөрөрүн айтты. Президенттин кебинен тезистер
Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарындагы турмуш. Кыргызстандыктар сүрөттө
Кабулдагы нааразылык акциясында афгандык аял

Талибдер аялдар үйдө отуруп, алардын ордуна эркектер иштеши керектигин айтты

4
(жаңыланган 10:31 20.09.2021)
Кабулдун мэринин милдетин аткарып жаткан адамдын айтымында, аялдар мурда иштеп келген кызматын эми эркектерге бериши кажет.

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Кабулдун шаардык чарба системасындагы эркектер иштей алчу кызматты аркалаган аялдар үйдө отуруп, жумушка чыкпашы керек. Бул тууралуу Афганистандын борбор калаасынын мэринин милдетин аткаруучу Молави Хамдулла Номани айтканын РИА Новости жазды.

Калаа башчынын милдетин аткаруучунун айтымына караганда, шаардык чарбада 2,9 миң адам иштесе, алардын 27 пайызы аялдар. Кыз-келиндер райондордун администрацияларында, курулуш жана инженерия тармагында да эмгектенишет.

"Биз жумушун эркектер алмаштыра албай турган же эркектин иши эмес болгон кызматтарда кыз-келиндердин иштөөсүнө уруксат бердик. Алар күн сайын ишке чыгат. Маселен, шаардагы аялдар ажатканаларында иштегендер, себеби ал жакка эркектер барганга болбойт", — деген мэр. Анын сүйлөгөн учурунун видеосун AL Arabiya телеканалы Twitter баракчасына жазды.

Убактылуу мэр райондордо жана борбордук кеңселерде эркектер алардын ишин жасай албагандыктан, аялдар өздөрүнүн ордунда каларын белгилеген. Бул — электр энергетика жана курулуш тармагы экени айтылды.

"Башкалар (эркектер – ред.) иштей ала турган кызматтар туурасында айтсак... Биз аларга (аялдар – ред.) абал турукташмайын үйдө отургула дедик. Айлыктары жүрө берет", — деген мэр.

"Талибан"* августтун башында активдешип, айдын орто ченинде Кабулга кирген. Согуш аягына чыкканы жар салынып, 31-августта америкалык аскерлер, Батыш өлкөлөрүнүн жарандары жана алар менен кызматташкан афгандар толугу менен өлкөдөн чыгып кеткен.

7-сентябрда Афганистандын убактылуу өкмөтүнүн курамы жарыяланып, аны Мохаммад Хасан Ахунд жетектемей болгон. Өкмөт башчы 2001-жылдан бери БУУнун санкциясында.

Буга чейин талибдердин бийлиги менен кызматташууга Өзбекстан, Казакстан жана Кытай даярдыгын билдирген болчу.

* — Кыргызстан, Россия жана башка бир катар мамлекеттерде тыюу салынган уюм.

4
Белгилер:
Афганистан, 'Талибан' кыймылы, аялдар, укук, жумуш
COVID-19 менен ооруган бейтаптар үчүн убактылуу оорукананын реанимациясы

COVID: 58 киши вирус жугузуп, эки бейтап көз жумду

26
(жаңыланган 09:40 20.09.2021)
Кыргызстан боюнча илдет илештиргендердин жалпы саны 177 780ге жетип, анын ичинен 172 261 киши дартты жеңген.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда 58 кишиден коронавирус аныкталып, 72 киши сакайып кетти. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 36;
  • Чүй облусу – 6;
  • Талас облусу – 1;
  • Нарын облусу – 1;
  • Ысык-Көл облусу – 9;
  • Жалал-Абад облусу – 5.

Өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 177 780ге жетип, анын ичинен 172 261 киши дартты жеңген.

Акыркы 24 саат ичинде эки киши каза таап, коронавирустан көз жумгандардын саны жалпысынан 2 590го жетти.

Стационарда 591 жана амбулатордук шартта 868 адам дарыланып жатканы кабарланды.

26
Белгилер:
Кыргызстан, коронавирус, статистика
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
Коркпой-этпей алгыла! Мамакеев элди эмдөөдөн өтүүгө үндөдү