CodifyLab Academy IT академиясынын негиздөөчүсү жана башкы директору Динара Руслан

IT адиси Динара Руслан: премьердин кеңешчиси болуудан чочулап кетенчиктегем

992
(жаңыланган 23:35 31.08.2021)
Sputnik Кыргызстан агенттигинин журналисти CodifyLab Academy IT академиясынын негиздөөчүсү жана башкы директору Динара Руслан менен бул тармактын оң-тескейи, жетишкен ийгиликтери тууралуу маектешти.

Динара Руслан быйылтан баштап Кыргызстандын премьер-министринин коомдук башталыштагы кеңешчиси да болуп эмгектенип келет.

— Жакындан бери өкмөт башчынын коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалдыңыз. Сунушту алгач кандай кабыл алдыңыз жана бул жаатта эмне иштерди жасап жатасыздар?

— Алгач мага Санариптик инновацияларды өнүктүрүү министри болуу кызматы сунушталды. Бирок өзүмдүн да бир катар бизнес долбоорлорум жана программаларым болгондуктан макул боло алган жокмун. Ошентсе да кийин өкмөт башчынын санариптик инновацияларды өнүктүрүү боюнча коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалдым. Бул кызматка келерде дагы бир аз кетенчиктегем. Себеби саясатты "булганыч" деп коюшат эмеспи. Бирок мен өлкөнү санариптештирүүдө билимиме жараша өз салымымды кошкум келди. Ошол себептен айлык маянадан баш тартып, коомдук башталыштагы кеңешчи болууга макулдугумду бердим. Иштеп баштагандан бери эки-үч долбоорду сунуштадык. Алар азыр каралып жатат жана долбоордун бири иштеп чыгуу процессине жөнөтүлгөн. Кызматка келгенимдин дагы бир себеби өкмөттү сындап отура бербей кол кабыш кылууну туура көрдүм.

— Жакында эле Antler global венчурдук бизнес компаниясынын сынагынан өткөнүңүздү уктук. Компаниянын артыкчылыктарын жана кантип өткөнүңүз тууралуу айтып берсеңиз.

— Antler - бул стартаптарды инвестициялоочу эл аралык программа жана венчурдук бизнес компаниясы болуп эсептелинет. Жыл сайын алар дүйнө жүзү боюнча 60 кишини тандап алышат. Бул ири компаниянын сынагынан өтүү үчүн бир орунга 2000 киши же компания туура келет. Ушул жылы мага да ийгилик жылмайып, сынактан өтүп кеттик. Сынак үч этаптан турат. Аталган компания Сингапурга учуп барып виза ачтырууга жардамдашат жана төрт миң доллар стипендия төлөйт. Программа сиздин дараметиңизге жараша алты айдан сегиз айга чейин созулат. Эки ай окугандан соң, сизден мыкты потенциал көрө алышса 100 миң доллар инвестиция бөлүп берет. Ал эми төрт айдан кийин ишиңизге бир миллион долларга чейин каражат бөлүшү мүмкүн. Бүтүрүүчүлөрдүн арасында миллиард долларлык кирешеге ээ болгон IT компаниялардын ээлери бар. Программа ушул жылдын 15-сентябрында башталганы турат.

Управляющий директор IT-академии Динара Руслан во время фотосессии. Архивное фото
© Фото / Айтурган Зулпукарова
CodifyLab Academy IT академиясынын негиздөөчүсү жана башкы директору Динара Руслан

— Убагында Афганистанда да иштеп келиптирсиз. Кандайча барып калдыңыз эле?

— Мен университетти бүткөн соң, Бишкектеги базарлардын биринде жарым жылдай иштеп калдым. Ошол учурда Афганистанда эмгектенип жүргөн байкем Кабулдагы АКШнын аскер базасында мага ылайыктуу штат ачылганын айтып калды. Ал жакта бир жылдай келишим менен иштеп, акча чогултуп Америкадагы окуу жайлардын бирине магистратурага тапшырууну көздөдүм. Себеби АКШда окуу менин кыялым эле. Бирок каражат жагынан күчүм жетпей жаткан. Ошентип Афганистанда бир жыл иштеп келдим да, АКШдагы жогорку окуу жайлардын биринин магистратурасына өтүп кеттим. Ал жактан англис тилин өтө мыкты деңгээлде өздөштүрүп алдым. Мен дайыма чет мамлекетте IT тармагында билим алууну кыялданчумун. Магистратурада "Маалымат системасын башкаруу жана эл аралык бизнес" факультетинде окудум. Биз ал жакта конспект жазып отурбастан, билими, тажрыйбасы мол профессорлор менен биргеликте бизнес кейстердин үстүндө иштедик. Ошондуктан билим алуу үчүн сарптаган каражатым талаага кеткен жок.

— Азыркы кезде Кыргызстанда IT тармагы өнүгүп жатканы айтылууда, сиздин оюңуз кандай?

— Ооба, акыркы 10 жылда аябай эле өстү. Адистер да көбөйдү.

— IT адистерине биздин кайсы тармактар көбүрөөк муктаж?

— Эгер статистиканы ала турган болсок, акыркы убакта ишкерлерден суроо-талап жогорулады. Ошол эле курулуш компанияларынан же ар кандай ири дүкөндөрдөн долбоорлор келет. Кээ бирлер бизнесин автоматташтырууну кааласа, дагы бири веб-сайт жасатууну, интернет дүкөн ачууну же мобилдик тиркеме жасатууну каалайт. Ошол эле учурда мамлекеттик мекемелерден да санариптик сервистерди жасатуу боюнча сунуштар түшүп турат. IT кафе, ресторан, мобилдик тиркеме, такси, банк, курулуш тармагы өңдүү бардык чөйрөдө колдонулуп жатат. Ал тургай азык-түлүктү да үйгө буюртма менен алдырууга болот.

Управляющий директор IT-академии Динара Руслан во время фотосессии. Архивное фото
© Фото / Айтурган Зулпукарова
Динара Руслан 2021-жылдан баштап Кыргызстандын премьер-министринин коомдук башталыштагы кеңешчиси

— IT тармагында кыздардын орду кандай? Мисалы, айрым кесиптердин кыздарга ылайык келбеген жактары бар эмеспи. Өзгөчө техникалык жааттагы адистиктерди эркектердики деп бөлгөндөр бар.

— IT адистигинде программалоо, дизайн же долбоордук башкаруу болобу ар ким тандоосуна жараша иштей берет. Эркектер көбүнчө программалоо жагына барса, кыздар долбоорду башкаруу жана дизайн менен алектенишет. Бул мүмкүнчүлүктөрүнөн улам эмес, жөн гана кыздардын "программалоону жөндөй албайт болушум керек" деген кооптонуусунан болушу ыктымал. Кыргызстанда инфраструктура жок болгондуктан көп мүмкүнчүлүктөр чектелүү. Мисалы, Өзбекстанда заводдор, фабрикалар иштейт. Машина, муздаткыч жана башка продукциялар чыгарылат. Адистер аларды долбоорлоо багытында иштешет. Ал эми бизде программалык камсыздоо менен чектелип калып жатышат. Себеби ал үчүн компьютер жана интернет гана керектелет. Ошондуктан бул тармак эч нерседен көз каранды болбой, өз алдынча өнүгүүдө. Инфраструктура алдыга жылса айтишниктерге жакшы болмок.

— Интернетте жеке маалыматтарды коргоо керектигин айтып калышат. Негизи эле кандай кооптуулуктар бар?

— Өзгөчө кичинекей балдарга интернетти туура колдонгонду үйрөтүш керек. Алар кайда бара турганын, жашаган дареги сыяктуу жеке маалыматтары менен бөлүшүп, коопсуздугуна коркунуч жаратышат. Социалдык тармактарды туура колдонууну ар бир адам билиши керек. Учурда жаштар байлыгын, дарегин, бара турган жерин жана башка коопсуздугуна зыян тийгизип калышы мүмкүн болгон маалыматтарды интернетке жарыялап мактанганды жакшы көрүшөт. Бул өтө опурталдуу маселе. Ошондуктан санарип сабаттуулукту жогорулатууну колго алуу зарыл. Бул жагынан абдан аксап жатабыз.

Биз кичинекей балдарга "чоочун киши чакырса барба, тааныбаган машинага түшпө" деп үйрөткөндөй эле 5-6 жашынан баштап ар кандай жаман оюндарга, кооптуу тиркемелерге кирбегенди дагы үйрөтүшүбүз керек. Анткени "көк кит" өңдүү коркунучтуу оюндар интернетте жортуп жүрөт. Ата-энелер балдары үйдө, диванда отурса эле баары жакшы деп кам санашпайт. Бирок телефон аркылуу кандай сайттарга кирип, кайсы тиркемелерге катталып, эмне деп жазып жатканы белгисиз.

Америкада окуп жүргөндө сабак берген профессорубуз "Google сага караганда, сен жөнүндө көп маалымат билет. Ал сенин кандай китеп окуп, ким менен кат алышып жатканыңды, дарегиңди, жакшы көргөн тамагыңдан бери жакшы билет. Керек болсо телефондон сүйлөшүп жатканда тамак тууралуу айтсаң, ал сага жакын жердеги кафелердин тизмесин даярдап турат" деген. Азыр интернетте реклама деген ушунчалык жогорку деңгээлге жетти, керек болсо Instagram, Facebook, Google баары сизди тыңшап турат, сөзүңүзгө, жазганыңызга жараша сунуштама тиркемелерди даярдап коёт. Анткени алардын акча табуу программасы ошондой негизделген. Өзгөчө Google сизге жага турган сунуш берүү үчүн сиз тууралуу маалыматтарды бардык булактардан бир тиркемеге чогултат. Муну үч-төрт жыл мурун профессорум айтса ишенген эмесмин, азыр ишенем. Жасалма интеллект деген бар.

Управляющий директор IT-академии Динара Руслан во время фотосессии. Архивное фото
© Фото / Айтурган Зулпукарова
CodifyLab Academy IT академиясынын негиздөөчүсү жана башкы директору Динара Руслан: Жашаган жеримди, эмнени жакшы көрөрүмдү жазып, жакындарымдын, ата-энемдин сүрөттөрүн эч качан социалдык тармактарга чыгарбайм. Муну санариптик сабаттуулук деп коёт. Ушуга көңүл буруу керек.

— Жогоруда сиз санап өткөн социалдык тармактар элдин маалыматтарын сактоодо канчалык деңгээлде коопсуздукка кепилдик берет?

— Мен Instagram, Facebook тармактарында иштеп көрбөгөндүктөн анын канчалык деңгээлде коопсуз экенин билбейм. Бирок эсиңизде болсо, 2016-жылы АКШда өткөн президенттик шайлоодо чоң жаңжал чыккан. Себеби хакерлер Facebook жана Yahoo базасынан колдонуучулардын жеке маалыматтарын уурдап алышкан. Ушундай гигант IT компаниялардан уурдап жаткандан кийин, хакерлердин каалоосу болсо маалымат алуунун бардык жолун табат деп ойлойм. Эгер өзүңүзгө тийиштүү жеке маалыматыңыз болсо, аны эч бир социалдык желеге жазбай эле коюуну сунуштар элем. Америкада жеке маалыматтарды алып, шайлоодо өздөрүнүн партиясынын пайдасына жарнама иретинде пайдаланган учурлар болгон. Сиз журналист болгон соң интернетте туура даярдалган контент адамдарга өтө чоң ишеним жаратарын жакшы билесиз. Мен социалдык тармакка кандай китеп окуп жатканымды же IT тармагы боюнча билдирүүлөрдү гана жазам. Бирок эч качан жашаган жеримди, эмнени жакшы көрөрүмдү жазып, жакындарымдын, ата-энемдин сүрөттөрүн чыгарбайм. Муну санариптик сабаттуулук деп коёт. Ушуга көңүл буруу керек.

— Маектин соңунда сизди тарбиялаган ата-энеңиз тууралуу да сурагым келип турат.

— Мен орточо жашаган үй-бүлөдө чоңойгом. Апам үй кожейкеси болсо, атам автомектепте унаа айдоо боюнча инструктор болчу. Мени, досторумду да унаа айдоого үйрөткөн атам болду. Өзүм Бишкекте төрөлгөнүм менен Нарында, Сокулукта да окудум. Орто мектепти аяктаганча сегиз жолу билим уясын которгом. Кичине кезимден эле карапайым үй-бүлөдө чоңойсом да англис тилин үйрөнүп, Америкада окуу кол жеткис кыялым эле. Мен дайыма эл аралык рынокто иштеп, каржы жагынан көз карандысыз болууну максат кылчумун. Алдыга койгон максатыңа жетүүдө үй-бүлөңдүн финансылык абалы, кайсы мектепте окуганың мааниге ээ эмес экенин түшүндүм. Башкысы каалоо күчтүү болушу керек. Эч качан өзүңдү чектебешиң керек. Акыркы 10 жылдан бери Кыргызстанда да, Америкада да IT тармагында иштеп жүрөм. Азыр менде бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Жаш болсом да бир катар компанияларда директор болуп, өзүмдүн компаниямды да ачтым. Азыр билим берүү мекемелеринде, чакан жана орто бизнесте ишкердик процесстерин автоматизациялоо жаатындагы экинчи компаниябызды ачып, эл аралык деңгээлдеги алгачкы келишимге ээ болдук. Antler global венчурдук бизнес компаниясынын сынагынан өткөнүбүз да бизге чоң жетишкендик жана колдоо болду.

992
Белгилер:
Динара Руслан, IT, АКШ, магистратура, Афганистан, бизнес, интернет
Тема боюнча
IT адиси болчуларды окутуп, такшалтабыз. Компаниялар бирикмесинин өкүлү менен маек
Кытайдын Тышкы иштер министри Ван И президент Садыр Жапаров менен жолукту

Кытай Кыргызстанга 100 млн. доллар жана миллион доза вакцина берүүгө даяр

114
(жаңыланган 23:02 16.09.2021)
Президент Садыр Жапаров Кытайдын тышкы иштер министри Ван И менен Душанбеде жолугуп, бир катар маселелерди талкуулады.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Кытай өкмөтү Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн колдоо иретинде 650 миллион юань (100 миллион доллардын тегереги) менен коронавирустук инфекцияга каршы кытайлык вакцинанын 1 миллион дозасын берүүгө даяр. Бул тууралуу Кытайдын тышкы иштер министри Ван И президент Садыр Жапаров менен жолукканда билдирди.

Тараптар Душанбеде өтүп жаткан ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин саммити менен ШКУ башчыларынын отурумунун алкагында баарлашкан.

  • Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров принял члена Государственного совета, министра иностранных дел Китайской Народной Республики Ван И. 16 сентября 2021 года
    Кытайдын Тышкы иштер министри Ван И президент Садыр Жапаров менен жолукту
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Член Государственного совета, министр иностранных дел Китайской Народной Республики Ван И во время встречи с президентом КР Жапаровым
    Тараптар Душанбеде өтүп жаткан ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин саммити менен ШКУ башчыларынын отурумунун алкагында баарлашкан.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 2
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Кытайдын Тышкы иштер министри Ван И президент Садыр Жапаров менен жолукту

Жапаров Кыргызстан Кытайды негизги соода инвестициялык өнөктөштөрдүн бири катары карай турганын жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирген.

Президент учурда өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча активдүү чаралар көрүлүп жатканын кошумчалаган. Анын айтымында, кыргыз тарап эки өлкө ортосундагы туруктуу аба каттамдарын жандантууну маанилүү деп эсептейт.

Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча да кеп болуп, Жапаров долбоорду ишке ашыруу Кыргызстан үчүн эле эмес, жалпы регион үчүн маанилүү экенин белгилеген.

"КЭР мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, тышкы иштер министри Кытай өкмөтү өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн колдоо иретинде Кыргызстанга 650 миллион юань (100 миллион АКШ долларынын тегерегинде) бөлүүгө даярдыгын айтты. Ошондой эле коронавирустук инфекцияга каршы кытайлык вакцинанын кошумча партиясын (1 миллион доза) жана медициналык каражаттарды берүү чечимин кабыл алганын билдирди", — деп айтылат маалыматта.

Мамлекеттик кеңештин мүчөсү Кытай тараптын автоунаа жолдорун куруу жана ирригациялык түйүндөрдү кеңейтүү тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирген. Мындан сырткары, тараптар регионалдык коопсуздук маселелерин талкуулаган.

114
Белгилер:
Кыргызстан, Кытай, Садыр Жапаров, вакцина, каражат
Тема:
Коронавируска каршы эмдөө
Тема боюнча
3 млн. бет кап, коргоочу костюм. Кыргызстанга Кытайдан гумжардам келди
Россиянын Ички иштер министрлиги кыргызстандык кесиптештерине 17 транспорт каражатын берди.

Россиянын ИИМи кыргызстандык кесиптештерине 17 транспорт каражатын берди. Сүрөт