Манасчы Дөөлөт Сыдыковдун Москвада манас айтуу учурунда

Дөөлөт Сыдыков 5 күнгө созулган манас айтууну баштады. Видео

385
(жаңыланган 22:54 31.08.2021)
Буга чейин Сыдыков Гиннес рекорддор уюмунун талабына ылайык Москва шаарында беш күн, беш түн манас айтары тууралуу кабарланган.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Бүгүн, 31-августта, Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин имаратында манасчы Дөөлөт Сыдыковдун беш күн, беш түн манас айтуусу башталды. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Гүлзар Кокенова билдирди.

Анын айтымында, Дөөлөт Сыдыков узак мөөнөткө манас айтып Гиннес рекорддор китебине кирүүгө аракет кылат. Ал манас айтар алдында президент Садыр Жапаров ага Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти наамын бергени маалым болду.

Буга чейин манасчы өзүнүн Facebook баракчасына Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата жана Гиннес рекорддор уюмунун талабына ылайык Москва шаарында беш күн, беш түн манас айтары тууралуу жазган.

Иш-чарага Кыргызстандын Россиядагы элчилиги жана Кыргыз диаспора кеңеши колдоо көрсөтмөкчү.

Эске салсак, Сыдыков былтыркы жылдын ноябрь айында "Ала-Тоо" аянтында ордунан жылбай 14 саат 27 мүнөт тынбай манас айткан. Бул иш-чаранын максаты — элди ынтымакка, биримдикке чакыруу жана узак убакытка тынбай манас айтууну Гиннестин рекорддор китебине каттатуу болчу. Филологдор анда Сыдыков Манастын бабаларынан тартып, кыргыздардын Алтайдан Ала-Тоого көчө турган мезгилине чейин айтканын билдиришкен.

385
Белгилер:
манасчы, Дөөлөт Сыдыков, рекорд, Гиннес китеби
Тема боюнча
Сыдыков: "Манас айылы" маданий комплекси жараксыз абалда турат
Талантбеков: "даркан" деген көөнө сөздүн бир нече мааниси бар
Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев. Архив

Министрлик Купешевге кылмыш иши козголду деген маалыматты төгүндөдү

2
(жаңыланган 11:32 21.09.2021)
Буга чейин ЖМКлардын бирине Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Купешевге карата кылмыш ишин козгоду деген маалымат чыккан.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешевге кылмыш иши козголду деген маалымат жалган. Бул төгүндөөнү аталган министрлик таратты.

Буга чейин ЖМКлардын бирине Улуттук коопсуздук боюнча мамлкеттик комитет Купешевге карата кылмыш ишин козгоду деген кабар чыккан.

"Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешевге кылмыш иши козголду" деген маалымат чындыкка дал келбейт", — деп айтылган таратылган билдирүүдө.

Министрлик ЖМКлардан жалган маалыматты атайылап элге жар салуудан карманууну өтүндү.

2
Белгилер:
Кыргызстан, Билим берүү жана илим министрлиги, Болотбек Купешев, кылмыш иши, төгүндөө
Тема боюнча
16 батир, 18 жер. УКМК Абдраимов жана жакындарына тиешелүү мүлктөрдү санады. Сүрөт
Өкмөттүн Чүй облусундагы мурдагы өкүлү Туйгунаалы Абдраимов. Архив

Туйгунаалы Абдраимов тергөөгө келип туруу милдеттемесин алып сурактан чыкты

16
(жаңыланган 11:12 21.09.2021)
Буга чейин УКМК Абдраимовду мыйзамсыз баюу беренесине айыптап, бир нече мүлккө ээлик кыларын жарыялаган.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Өкмөттүн Чүй облусундагы мурдагы өкүлү Туйгунаалы Абдраимов тергөөгө дайыма келип турууга милдеттендирилип сурактан чыкты. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Кыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбеков. Архив
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Атайын кызмат Абдраимовду мыйзамсыз баюу беренесине айыптап, бир нече мүлккө ээлик кыларын жарыялаган. Ал жакын туугандарына жана аффилирленген адамдарга 16 батир, 18 жер тилкеси, унаа токтотуучу 2 жай, 5 турак жай, 3 дыйкан чарба, 16 автоунаа, "Ысык-Ата" курортунун аймагындагы бүтпөгөн курулуш объектилерди каттаганын билдирген.

Андан мурдараак саясатчы бийликти күч менен басып алууга шектелип ИИМге сурак берип чыккан.

Эске салсак, Туйгунаалы Абдраимов мурда Борбордук шайлоо комиссиясын эки ирет башкарган, 2018-2019-жылдары өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү болуп иштеген. Журналисттин келбетине асылып, коомчулуктун кескин сынынан кийин кызматтан алынган.

 

16
Белгилер:
сурак, Туйгунаалы Абдраимов, тергөө, УКМК
Тема боюнча
16 батир, 18 жер. УКМК Абдраимов жана жакындарына тиешелүү мүлктөрдү санады. Сүрөт
Жанар Акаев ИИМде сурак берип чыкты