Коронавирус 142 кишиден аныкталып, 4 бейтап көз жумду

© Sputnik / Кирилл Брага / Медиабанкка өтүүОоруканада бейтапты карап жаткан дарыгерлер. Архив
Ооруканада бейтапты карап жаткан дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.09.2021
Жазылуу
Акыркы маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө стационарда 1 036 жана амбулатордук түрдө 795 адам дарыланып жатат.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Өткөн сутканын жыйынтыгы менен 142 адамдан коронавирус илдети аныкталып, 290 киши айыгып чыкканын Республикалык штаб кабарлады.

COVID-19дун жаңы учурлары:

  • Бишкек - 70;
  • Ош шаары - 1;
  • Чүй облусу – 18;
  • Ош облусу – 0;
  • Талас облусу - 1;
  • Нарын облусу - 6;
  • Ысык-Көл облусу – 35;
  • Жалал-Абад облусу – 1;
  • Баткен облусу - 10.

Ушуну менен илдет илештирип алгандардын жалпы саны 175 876 болду. Ал эми бир сутка ичинде 290 киши сакайып, былтыртан бери 170 067 адам жакшы болуп кетти. Тилекке каршы, бир суткада төрт бейтап көз жумган. Пандемия башталгандан бери оору 2 532 кишинин өмүрүн алды.

Акыркы маалымат боюнча, ушу тапта стационарда 1 036 жана амбулатордук түрдө 795 адам дарыланып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0