Ташиев гимн жаңырганда колун фуражкага эмес, төшүнө койгон. УКМК түшүндүрмөсү

© Sputnik / Табылды КадырбековПредседатель ГКНБ Камчыбек Ташиев
Председатель ГКНБ Камчыбек Ташиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.09.2021
Жазылуу
Социалдык тармакка ички иштер министринин, УКМК төрагасынын жана башкы прокурордун сүрөтү тарады. Интернет-колдонуучулар Ташиев гимн жаңырганда колун фуражкага коюшу керек болчу деп сындап жатышат.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. УКМКнын маалымат кызматы ведомствонун жетекчиси Камчыбек Ташиев Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган майрамда гимн аткарылган кезде эмне себептен колун фуражкага эмес, төшүнө койгону боюнча түшүндүрмө берди.

Эске салсак, буга чейин социалдык тармакка ички иштер министри Улан Ниязбековдун, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин жана башкы прокурор Курманкул Зулушевдин сүрөтү жарыяланган. Ниязбеков колун фуражкага койсо, Ташиев менен Зулушев төшүнө койгон. Интернет-колдонуучулар Ташиев аскер формасын кийген офицер катары колун фуражкага коюшу керектигин айтып сындап чыгышты.

УКМКдан билдиришкендей, "Мамлекеттик символдор жөнүндө" мыйзамга ылайык, мамлекеттик гимн расмий түрдө аткарылган учурда катышуучулардын бардыгы оң колун көкүрөктүн сол жагына коюшат.

"Белгилей кетсек, генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилеринин жана чакырылган ардактуу коноктордун арасында болгон. Гимн ойногондо шарттуу түзүлүш пайда болду. Куралдуу күчтөрдүн ички кызматынын уставына ылайык, мамлекеттик гимнди аткарып жатканда катардагы аскер кызматчылары командасыз туруп жүрүшкө чыгышат, ал эми командирлер бөлүктүн жанында туруп колун баш кийимине коюп саламдашат. Ташиев ардактуу коноктордун шарттуу түзүлүшүндө болгондуктан гимн ойнолгон учурда оң колун көкүрөгүнө койгон", — деп айтылат маалыматта.

Экипаж салтанаттуу марш басканда Ташиев ордунан туруп, отургандардан бир кадам алдыга жылып, баш кийимине колун коюу менен тосуп алды.

"Камчыбек Ташиев бир эле учурда жаран жана аскер башчысы катары туура иш кылган", — дешти ведомстводон.

УКМК жарандарды алгач маселени изилдеп, түшүнүп алгандан кийин сын айтууга чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0