Анкарада алп Манастын эстелиги ачылды. Видео

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевТурциядагы Манастын эстелиги. Архив
Турциядагы Манастын эстелиги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.09.2021
Жазылуу
Эстелик баш калаадагы Кечиөрен муниципалитетинин башкы аянтына Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата орнотулду.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Кечээ, 31-августта, Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгынын урматына Түркиянын баш калаасы Анкара шаарында Айкөл Манастын эстелиги ачылды.

Монумент борбор калаанын Кечиөрен районунун башкы аянтынан орун алды.

Салтанаттуу иш-чарага Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев, жергиликтүү администрация башчылары, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнөн 30дан ашуун элчилер, элчиликтердин өкүлдөрү жана Түркиядагы мекендештер катышты.

Айкелди орнотуу демилгесин элчи Кубанычбек Өмүралиев көтөрүп, жалпы эл колдогон. Аны Кыргызстандын скульпторлору жасашкан.

Айкел жез темирден жасалып, бийиктиги алты метрди түзөт. Ал эми астындагы негизди кошкондо 10 метрден ашат.

Жаңылыктар түрмөгү
0