Эртең Бишкектин көчөлөрү менен конуштарында жарык өчөт. График

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүЛампа накаливания
Лампа накаливания - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.09.2021
Жазылуу
Электр жарыгы ишкананын бригадалары көмөк чордондордогу жабдууларды оңдоп, башка пландык жумуштарды аткаргандыктан үзгүлтүккө учурайт.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Бишкектин кээ бир жерлеринде 2-сентябрь күнү жарык өчөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасы кабарлады.

Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:

  • 9:00-18:00 — Раззаков, Гагарин көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө, Чоң-Арык (Волокаламский, Садырбаев, Подольский көчөлөрү) айылында, Ак-Босого (Чүй, 39-45 көчөлөрү), Арча-Бешик (Жайыл баатыр, Шербет, Бердибаев көчөлөрү), Ак-Өргө (Тагылдыр-Тоо, Бекбекей, Акчөлмөк, Ак шоокум, Ашар көчөлөрү), Кара-Жыгач токою (Широкий, Кайынды көчөлөрү) конуштарында, Тимирязев көчөсүндөгү № 34 үйдө;
  • 9:30-14:00 — 44 Га, Рухий Мурас конуштарында;
  • 9:30-17:00 — Тыныстанов көчөсүндөгү № 7 үйдө;
  • 9:30-18:00 — Горький менен Матросов көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө;
  • 9:30-18:30 — Кара-Дарыя, Суванбердиев, Юнусалиев, Скрябин көчөлөрүндө, Салиеванын Пархоменкодон Кантемирге чейинки бөлүгүндө, Кара-Жыгач (Достоевский, Дордой, Исакеев көчөлөрү) конушунда.
Жаңылыктар түрмөгү
0