Баткендин башчысы Алимбаев 32 кг гиряны 35 жолу көтөрүп таң калтырды. Видео

© Фото / пресс-служба полпредства президента в Баткенской областиПрезиденттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев 32 килограмм салмактагы гиряны 35 жолу көтөрдү
Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев 32 килограмм салмактагы гиряны 35 жолу көтөрдү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.09.2021
Жазылуу
Алимбаев чек ара аскерлеринин полковниги. Ал быйылкы жылдын жаз айында президенттин Баткен облусундагы өкүлү кызматына дайындалган.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев 32 килограмм салмактагы гиряны 35 жолу көтөрдү. Мындай кызыктуу окуянын видеосу социалдык тармактарга чыкты. Окуя Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган салтанатта болгон. 

Элдик майрамга карата Баткен шаарындагы борбордук стадиондо кыргыз күрөшү, аркан тартыш, таяк тартыш, шахмат, гиря көтөрүү боюнча мелдеш уюштурулган.

Облус башчысы теннис жана гиря көтөрүү таймашына катышып, үлгү көрсөткөн.

Кадрдан Алимбаевдин гиряны элдин алдында көтөрүп, көрүүчүлөр анын ар бир түрткөнүн эсептеп жатканын көрүүгө болот.

Алимбаев өлкөнүн чек ара аскерлеринин полковниги. Ал быйылкы жылдын жаз айында президенттин Баткен облусундагы өкүлү болуп дайындалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0