Рабочие во время ремонта дорожного покрытия на одной из улиц Бишкека

Бишкектин 22 көчөсүнө асфальт төшөлүп жатат. Тизме

263
(жаңыланган 17:13 02.09.2021)
"Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн жол тармагын өнүктүрүү" долбоорун ишке ашыруунун алкагында узундугу 70,87 чакырымды түзгөн 60 көчө оңдолуп, 5 көпүрө курулат. Долбоорду Кытай каржылап жатат.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Бишкек шаарынын 40,95 чакырымга жеткен 31 көчөсүндө оңдоо иштери уланууда. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Маалыматка караганда, жолдор этап-этабы менен ноябрь айына чейин эксплуатацияга берилет. Учурда 22 көчөнүн алдыңкы жана үстүнкү катмарына асфальт төшөлүүдө. Алар:

  • Сухэ-Батор көчөсүнүн Каралаевден Шабдан баатырга чейинки бөлүгү;
  • Карасаев көчөсүнүн Байтик баатырдан Кара-Дарыяга чейинки бөлүгү;
  • Көкчө-Тоо көчөсүнүн Махатма Гандиден Тоголок Молдого чейинки бөлүгү;
  • Ташкент көчөсүнүн Турусбековдон Тоголок Молдого чейинки бөлүгү;
  • Новая көчөсүнүн Ленскаядан Жеңиш конушундагы Жеңиш көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Түгөлбай-Ата көчөсүнүн Орозбековдон Ибраимовго чейинки бөлүгү;
  • Кулатов көчөсүнүн Кара-Көлдөн Байтик баатырга чейинки бөлүгү;
  • Архитектор көчөсүнүн Кыргыздан Ак-Босого конушундагы Кичи Чүй каналына чейин;
  • Каркыра көчөсүнүн Гагаринден Ак-Ордо конушундагы Ак-Ордо көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Стадионная көчөсүнүн Абдрахмановдон Ынтымак конушундагы Магистралга чейинки бөлүгү;
  • Ажибек баатыр көчөсүнүн Жунусалиевден Манас проспектисине чейинки бөлүгү;
  • Шота Руставели көчөсүнүн Ажибек баатырдан Манас проспектисине чейинки бөлүгү;
  • Баба-Ата көчөсүнүн Бакаевден Садырбаевге чейинки бөлүгү;
  • Шералиев көчөсүнүн Жайыл баатырдан Ахунбаевге чейинки бөлүгү;
  • Буденный көчөсүнүн Чүйдөн Жибек жолу проспектисине чейинки бөлүгү;
  • Култегин көчөсүнүн Гидростроителден Эне-Сай конушундагы Эне-Сай көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Дзержинский көчөсүнүн Күрөңкеевден Баялиновго чейинки бөлүгү;
  • Турусбеков көчөсүнүн Ташкенттен Щербаковго чейинки бөлүгү;
  • Жукеева Пудовкин көчөсүнүн Кулатовдон Ахунбаевге чейинки бөлүгү;
  • Матросов көчөсүнүн Ахунбаевден Медеровго чейинки бөлүгү;
  • Абдымомунов көчөсүнүн Манас проспектисинен Тоголок Молдого чейинки бөлүгү;
  • Өмүр көчөсүнүн Фрунзеден Ашарга чейинки бөлүгү.

Узундугу 8,95 чакырымга жеткен тогуз көчөгө асфальт-бетон төшөө үчүн жолду даярдоо иштери аткарылып жатат.

Бүгүнкү күндө 10 көчөдөгү оңдоо иштери аяктады.

Белгилей кетсек, "Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн жол тармагын өнүктүрүү" долбоорун ишке ашыруунун алкагында узундугу 70,87 чакырымды түзгөн 60 көчө оңдолуп, 5 көпүрө курулат. Долбоорду Кытай каржылоодо.

263
Белгилер:
Бишкек, көчө, жол оңдоо
Тема боюнча
Бишкектин тургундары акысыз медициналык кароодон өтө алат. Убакыт-сааты
Троллейбуста чыккан өрт: Бишкек мэриясы түшүндүрмө берди
COVID-19: Бишкектеги коомдук транспорттордо санитардык көзөмөл күчөтүлдү
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев. Архив

Ташиев: мамкызматкерлер аралашкан фармацевтикалык мафиянын бетин ачтык

135
(жаңыланган 21:29 26.09.2021)
УКМКнын төрагасы кошумча кенен маалымат дүйшөмбү күнү берилерин белгилеп, дагы бир иштин четин чыгарды.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Кыргызстанда ири фармацевтикалык мафиянын бети ачылды. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Алай районунда атайын кызматтын бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышында билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда дарылардын баасы 3-10 эсе кымбат сатылып келгени аныкталган.

"Ири фармацевтикалык мафиянын бети ачылды. Кыргызстанда дарылар эң аз дегенде 3, эң кымбат дегенде 10 эсе кымбат сатылып келиптир. Мамлекеттик кызматкерлер дарыгерлер менен чогуу мафия түзүшкөн. Биринчи күнү толук маалымат берилет", — деди Ташиев.

Мындан тышкары, УКМК төрагасы күйүүчү май ташыгандардын мафиясынын да изине түшкөнүн белгиледи.

"Бүгүнкү күндө күйүүчү май 56-58 сомдон сатылууда, бирок 50 сомго жетпеген баада сатылышы керек экен. Муну мамлекет да, жетекчилер да, эч ким караган эмес, биз азыр ошого багыт алдык", — деди Ташиев.

Кызматкерлерге кайрылып жатып жетекчи ар кимиси элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштеши керектигин, бул үчүн ар биринде бийлик да, мүмкүнчүлүк да бар экенин белгиледи. Сөзүнүн соңунда ар бир кызматкер отчет тапшырып, иши ошонун негизинде бааланарын кошумчалады.

135
Белгилер:
Камчыбек Ташиев, УКМК, Күйүүчү май, дары-дармек
Тема боюнча
Бишкек: заводдун аймагынан бомба табылган жок. Ишти эми УКМК изилдейт
Соцтармакка тараган "Ташиевдин тизмеси". УКМК төрагасы үн катты
Жаратылыш. Архив

Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

17
27-сентябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Дүйшөмбү, 27-сентябрда, күндүз өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +22...+27, Таласта +20...+25, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +24...+29 градус болору айтылды.

Күндүн табы Бишкекте +25...+27, Ош калаасында +27...+29 градуска көтөрүлөт.

17
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Келерки жуманын этеги жаан-чачындуу болот. Бир жумага карата аба ырайы