Баткенде Түштүк-2021 командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуунун ачылыш аземи өттү

Кыргызстандын түштүгүндө аскердик машыгуулар башталды. Сүрөт

1566
(жаңыланган 22:52 02.09.2021)
Аскердик машыгууга Коргоо министрлиги, ИИМ, ӨКМ, Чек ара кызматынан 200 кызматкер жана 1 500 жаран катышуусу күтүлүүдө.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Баткенде "Түштүк-2021" командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуунун ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

  • В Баткене прошла церемония открытия совместного командно-штабного и мобилизационного учения Юг-2021
    Баткенде "Түштүк-2021" командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуунун ачылыш аземи өттү
    © Фото / пресс-служба Минобороны КР
  • В Баткене прошла церемония открытия совместного командно-штабного и мобилизационного учения Юг-2021
    Машыгууда республиканын аймактарында аскердик абал киргизилген шарттарда аскердик түзүм, мамлекеттик башкармалык жана өзүн-өзү башкаруу органдарынын даярдыгын текшерүү пландалууда
    © Фото / пресс-служба Минобороны КР
  • В Баткене прошла церемония открытия совместного командно-штабного и мобилизационного учения Юг-2021
    Ага Коргоо министрлиги, ИИМ, ӨКМ, Чек ара кызматынан 200 кызматкер жана 1 500 жаран катышуусу күтүлүүдө
    © Фото / пресс-служба Минобороны КР
  • В Баткене прошла церемония открытия совместного командно-штабного и мобилизационного учения Юг-2021
    Ачылыш аземинде коргоо министри Таалайбек Өмүралиев мекенди коргоодон өткөн ыйык милдет жок экенин белгилеп, аны аскер адамдары, тартип сакчы, куткаруучу жана жөнөкөй эл тастыктап жатканына токтолгон.
    © Фото / пресс-служба Минобороны КР
1 / 4
© Фото / пресс-служба Минобороны КР
Баткенде "Түштүк-2021" командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуунун ачылыш аземи өттү

Машыгууда республиканын аймактарында аскердик абал киргизилген шарттарда аскердик түзүм, мамлекеттик башкармалык жана өзүн-өзү башкаруу органдарынын даярдыгын текшерүү пландалууда.

Ага Коргоо министрлиги, ИИМ, ӨКМ, Чек ара кызматынан 200 кызматкер жана 1 500 жаран катышуусу күтүлүүдө.

Ачылыш аземинде коргоо министри Таалайбек Өмүралиев мекенди коргоодон өткөн ыйык милдет жок экенин белгилеп, аны аскер адамдары, тартип сакчы, куткаруучу жана жөнөкөй эл тастыктап жатканына токтолгон. Аскердик иш-чарага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов, мамлекеттик мекемелердин башчылары жана өкүлдөрү катышкан.

1566
Белгилер:
Баткен, аскердик машыгуу, сүрөт, Коргоо министрлиги
Тема боюнча
Афганистандагы кырдаалдан улам Кыргызстанда ЖККУнун машыгуусу өтөт
Элчи Тотуяев этникалык кыргыздар менен жолугушуусу

Элчи Тотуяев Пакистанда жашаган этникалык кыргыздар менен жолукту. Сүрөт

22
(жаңыланган 17:17 20.09.2021)
Элчи боордоштордун Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы маданий жана тарыхый байланыштарды өнүктүрүүдөгү маанилүү ролун белгилеген.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Уланбек Тотуяев Исламабад шаарында аталган өлкөдө жашаган этникалык кыргыздардын өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуунун алкагында элчи этникалык кыргыздардын Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы маданий жана тарыхый байланыштарды өнүктүрүүдөгү маанилүү ролун белгилеген. Ошондой эле ар кандай укуктук, социалдык жана күнүмдүк маселелерди чечүүдө ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даярдыгын айткан.

Встреча посла КР в Пакистане Уланбека Тотуяева с представителями этнических кыргызов, проживающими в Пакистане. 20 сентября 2021 года
© Фото / пресс-служба МИД КР
Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Уланбек Тотуяев Исламабад шаарында аталган өлкөдө жашаган этникалык кыргыздардын өкүлдөрү менен жолукту

Өз кезегинде этникалык кыргыздар Кыргыз-Пакистан мамилесин өнүктүрүүгө жана Пакистанда Кыргызстандын имиджин бекемдөөгө багытталган мындан аркы биргелешкен иштерге кызыкдар экенин билдиришкен.

Тараптар Пакистандагы кыргыздардын жана Ала-Тоого көчүп кетүүнү каалаган кайрылмандардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу максатында жашаган жерлерине элчинин жакын арада баруусун макулдашты.

22
Белгилер:
Пакистан, этникалык кыргыздар, элчи, жолугушуу, Уланбек Тотуяев
Тема боюнча
Өзбекстанда канча этникалык кыргыз жашаары айтылды
Кыргыздардын Памирде жашашы Афганистанга пайда. Кандаштарды эмне үчүн көчүрбөө керек
Милиция кызматкерлери Бишкектеги Фрунзе заводунун аймагынан бомба издөө учурунда

Бишкекте Фрунзе заводунун аймагынан бомба издеп жатышат

38
(жаңыланган 17:18 20.09.2021)
Милицияга бомба тууралуу эки саат мурун чалуу түшкөн. Учурда заводдун аймагында издөө иштери жүрүп жатат.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Борбор калаадагы Фрунзе заводунун аймагынан бомба изделип жатат. Бул тууралуу Ленин райондук милициянын маалымат кызматы билдирди.

Жарылуучу зат коюлганы тууралуу жашыруун билдирүү милицияга саат 14:50дө түшкөн.

Сотрудники милиции во время поисков бомбы, на территории завода имени Фрунзе в Бишкеке. 20 сентября 2021 года
Жарылуучу зат коюлганы тууралуу жашыруун билдирүү милицияга саат 14:50дө түшкөн

Жерине ыкчам-тергөө тобу, Ленин райондук жана Бишкек шаардык милициянын жетекчилиги чыгып кеткен.

Жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана эвакуациялоо максатында заводдун аймагы курчоого алынган. Ошондой эле УКМКнын кызматкерлери дагы келген.

Учурда издөө жана текшерүү иштери жүрүп жатат. Кенен маалымат кийинчерээк берилет.

38
Белгилер:
Бишкек, завод, бомба, издөө
Тема боюнча
ЦУМ менен ГУМда бомба бар деп кабарлоого шектелген аял камакка алынды