Дээрлик жарымы аялдар. Иш издегендердин саны дагы 4 пайызга көбөйдү

© Фото / Pixabay / StartupStockPhotosНоутбукта иштеп жаткан кыз. Архив
Ноутбукта иштеп жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.09.2021
Жазылуу
Иштеген иши жоктордун басымдуу бөлүгү Жалал-Абад (22,8 миң киши), Ош (20 миң) жана Баткен облустарында (10,7 миң) жашайт. Калган аймактарда жумушу жок адамдардын саны 7,4 миңден төмөн.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Кыргызстанда 1-августка карата иш издегендердин саны 104,6 миң кишиге жетти. Бул өткөн жылдын ушул учуруна караганда төрт пайызга жогорулады дегенди түшүндүрөрүн Улуттук статистика комитети билдирди.

"2021-жылдын август айында өлкө боюнча ишсиз катары расмий каттоого туруп, жумуш издегендердин саны 104 миңден ашты. Бул былтыркы жылдын ушул учуруна салыштырмалуу 5 пайызга көп", — деп айтылат билдирүүдө.

Президент Садыр Жапаров Айдаркен сымап комбинатынын абалы менен таанышты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.08.2021
Кадамжайдагы ишканаларда 2 миңдей жумуш ордун түзүү пландалууда
Ал эми жөн гана жумушсуздардын саны 80,5 миң киши экени белгилүү болду, бул 2020-жылдын август айына караганда 1,5 пайызга көбүрөөк киши кирешесиз отурат дегенди түшүндүрөт.

Иштеген иши жоктордун басымдуу бөлүгү Жалал-Абад (22,8 миң киши), Ош (20 миң) жана Баткен облустарында (10,7 миң) жашайт. Калган аймактарда жумушу жок адамдардын саны 7,4 миңден төмөн.

Маалыматка караганда, өлкөдө бул топко кирген жарандардын 46,1 пайызы аялдар.

Жаңылыктар түрмөгү
0