Бишкек жана Ош шаарында жерлерди мыйзамдаштыруу: мыйзам долбоору иштелип чыкты

© Sputnik / Акылбек БатырбековНовостройка Ак-Ордо на окраине Бишкека
Новостройка Ак-Ордо на окраине Бишкека - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.09.2021
Жазылуу
Документтин автору — вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев. Анын айтымында, жашаган жерине расмий түрдө укугунун жоктугу жарандарды көптөгөн социалдык кепилдиктерден кол жуудуруп жатат.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңеште Бишкек жана Ош шаарларында жарандар өз алдынча басып алып, үй салган жер тилкелерин мыйзамдаштыруу боюнча мыйзам долбоору демилгеленди.

Документтин автору — вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев. Анын айтымында, жашаган жерине расмий түрдө укугунун жоктугу жарандарды көптөгөн социалдык кепилдиктерден кол жуудуруп жатат.

"Мындай жерлерде көпчүлүк учурда жакыр адамдар жашайт. Алар болгон-бүткөн акчасын ошол үйүн салууга жумшашкан. Алар социалдык чыңалууларды жаратып, көпчүлүк учурда митингдерге себеп болууда", — деди Сыдыгалиев.

Погода в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.08.2021
Бишкектеги Төмөнкү Төкөлдөштүн жашоочулары Садыр Жапаровго кайрылышты
"2012-жылдын 3-августуна чейин өзү билемдик менен тургузулган үйлөрдү легалдаштыруу жөнүндө" мыйзам долбоору үйлөрдү мыйзамдаштыруу боюнча бир жолку акциясын өткөрүү жаңы конуштардагы маселени жөнгө салууга багытталган. Документ 2012-жылдын 3-августуна чейин өзү билемдик менен тургузулган үйлөрдү жана сатып алынган жер тилкелерин мыйзамдаштырат.

Ошол эле учурда газ түтүгүнө, жогорку чыңалуудагы электр зымына жакын аймактарда, көрүстөндөрдүн, адам өмүрүнө коркунуч жаратуучу кайра иштетилбей турган таштандылардын аймагына курулган үйлөр мыйзамдаштырылбайт.

Пайдубал турган жер жана кыймылсыз мүлк объектилеринин жанындагы жерлер муниципалдык менчикте калат.

Мыйзам долбоору менен кененирээк Жогорку Кеңештин сайтынан таанышсаңыз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0