Афган жана Баткен согушунун ардагери Болот Мамбеталиевдин сөөгү жерге берилди

© Sputnik / Табылды КадырбековАфган жана Баткен согушунун ардагери, отставкадагы полковник, аскердик учкуч Болот Мамбеталиев. Архив
Афган жана Баткен согушунун ардагери, отставкадагы полковник, аскердик учкуч Болот Мамбеталиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.09.2021
Жазылуу
Отставкадагы полковник Афганистанда көрсөткөн каармандыгы үчүн эки Кызыл Жылдыз, Кызыл Туу жана Афганистандын Эл Достугу ордендери менен сыйланган.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Афган жана Баткен согушунун ардагери, отставкадагы полковник, аскердик учкуч Болот Мамбеталиевдин сөөгү жерге берилди.

66 жаштагы ардагер 1-сентябрда жүрөк оорусунан улам көз жумган. Сөөгү Гроздь айылындагы көрүстөнгө коюлду.

Болот Мамбеталиев Афганистанда көрсөткөн каармандыгы үчүн эки Кызыл Жылдыз, Кызыл Туу жана Афганистандын Эл Достугу ордендери менен сыйланган.

860-өзүнчө мотоаткычтар полкунун.аскерлери Түндүк Афганистандын Бадахшан аймагында. 1980-жыл январь айынын башы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2021
Афганистан, сени эстесем жүрөк сыздайт... Кан кечкен согуш ардагерлеринин баяны
Ал 1972-жылы Фрунзе шаарындагы №36 орто мектепти аяктаган. Советтик армиянын Аба күчтөрүнүн катарында кызмат өтөгөн. Андан кийин 1974-жылдын жазында Балашов шаарындагы (Саратов облусу) жогорку аскердик учкучтарды даярдоочу окуу жайына өтүп, 1978-жылы учкуч-инженер квалификациясын алган. Бул аскердик окуу жайды бүткөн соң жетекчилик Алматы шаарындагы авиациялык полкко жиберген.

1980-жылы аны командачылык Афганистандагы согушка жөнөтөт. Кан майданда Мамбеталиев аскердик атайын авиациянын учкучу болгон. 1986-1987-жылдары кайрадан кан майданга катышкан. Афган согушунда 640 ирет учкан. Баш-аягы Афганистанда эки жыл салгылашкан.

1987-жылы 5-январда СССРдин Башкы аскердик чалгындоо башкармалыгынын чалгынчылары жана Мамбеталиевдин экипажы биргелешип АКШнын "Стингер" аттуу көтөрмө зениттик-ракеталык комплексин биринчилерден болуп Афганистандан жашыруун Ташкент шаарына жеткизген. 1988-жылы ноябрда Союзга келип, ГДРде кызматын уланткан.

1991-жылы Кыргызстанга кайтып, кыргыз авиациясын сактап калууга умтулган. 1999-жылы Баткендеги согушка да катышкан.

Мамбеталиев бир уул, бир кыздын атасы.

Болот Мамбеталиев жыл башында Sputnik агенттигине маек куруп, Афганистандагы аскердик кызматы тууралуу айтып берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0