Сабакта бет кап кийип отурган окуучулар. Архивдик сүрөт

Кыргызстандык окуучулар мектепте бет кап тагынышы керекпи? Расмий жооп

1589
(жаңыланган 12:51 03.09.2021)
Адис эгер ата-эне бала өзүн начар сезип жатканын байкаса мектепке жибербеши керектигин белгилеген. Өлкөдө быйылтан тарта окуу жылы 15-сентябрда башталат.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Кыргызстанда окуучулар коронавирус пандемиясынан улам сабакта бет кап тагынып отурууга милдеттендирилбейт. Бул тууралуу Мектепке чейинки, мектептеги жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын алдыңкы адиси Айнура Кусеинова КТРКнын эфириндеги маегинде билдирди.

Анын айтымында, мектепте маска тагынып жүрүү сунушталганы менен милдеттүү эреже катары эсептелбейт.

"Эгер буга чейин бет кап тагынуу милдеттүү болсо, эми сунуштама катары гана каралат. Себеби узак убакыт бою маска тагынып жүрүү балдарга оор. Балдар вирусту алып жүрүүчүлөр болгондуктан мугалимдер эмделүүдө. Мындан улам балдар менен мугалимдерге чоң коркунуч жаралбайт деп эсептейм", — деди адис.

Ошондой эле ал мында ата-энелердин дагы жоопкерчилиги чоң экенин белгилеген. Кусеинова эгер ата-эне бала өзүн начар сезип жатканын байкаса мектепке жибербеши керектигин кошумчалады.

1589
Белгилер:
Кыргызстан, мектеп, окуу жылы, бет кап
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2907)
Тема боюнча
Усеналиев: аралыктан окутуу жүргүзүлгөн эки жылда 1 700 сабак тартылды
Тамеки чегип жаткан адам. Архив

Пляж, базарда. Тамеки, кальян чегүүгө тыюу салынган жайлардын тизмеси

620
(жаңыланган 21:34 28.09.2021)
Тыюу салынган жайларда чылым чегүүгө ылайыкталган шарттарды түзүүгө да уруксат берилбейт. Бир гана аэропорттордо өрт жана авиация желдетүү системаларын коюу менен атайын бөлмөлөрдү уюштурууга болот.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Бүгүн президент Садыр Жапаров коомдук жайлар менен мекемелерде чылым чегүүгө тыюу салган мыйзам долбооруна кол койду.

Ага ылайык, белгилүү бир жайларда тамеки, электрондук чылым жана кальян чегүүгө толугу менен чектөө киргизилди.

Аталган мыйзамдын 13-беренесинде кайсы жерде чегүүгө тыюу салынары жазылган.

Алар төмөнкүлөр:

  • Ведомствонун жана менчигинин түрүнө карабастан подъезддерде, лифттерде, аянттарда, дааратканаларда, көп кабаттуу үйлөрдүн жалпы колдонуучу жайларында;
  • Жаштар, маданият жана спорт иштери боюнча мекемелерде, социалдык кызматтардын имараттарында, стадиондордо;
  • Темир жол жана автобекеттерде;
  • Калкка кызмат көрсөтүүчү жайларда, анын ичинде мейманканаларда, тиричилик тейлөө, коомдук тамактануучу жайларда, убактылуу тургузулган соода объектилеринде;
  • Мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү имараттарда;
  • Имараттарда жана курулмаларда уюштурулган жумуш орундарында, жумушчу зоналарда;
  • Өрт чыгуу коркунучу бар жерлерде, анын ичинде күйүүчү май куюучу жайларда;
  • Коомдук тамактануу жайларында (түйүндөрдө);
  • Коомдук транспортто, анын ичинде таксиде, суу жана аба кемелеринде, жергиликтүү жана алыс каттамдагы поезддерде;
  • Ведомстволугуна жана менчигинин түрүнө карабастан бардык билим берүү уюмдарында, балдардын эс алуу жайларында, балдар аянтчаларында;
  • Ведомстволугуна жана менчигинин түрүнө карабастан бардык саламаттык сактоо уюмдарынын мекемелеринде;
  • Реабилитациялык жана санаторий-курорттук кызматтарды көрсөтүүгө арналган жайларда;
  • Калкка соода кызматтары көрсөтүлүүчү имараттарда, курулмаларда жана жабык базарлардын аймактарында;
  • Аялдамаларда;
  • Тамеки чегүү үчүн атайын жайларды кошпогондо массалык-маданий, спорттук иш-чараларды, акцияларды, чогулуштарды өткөрүп жатканда ачык аянтчаларда, пляждардын аймагынын чектеринде.

Аталган жайларда чылым чегүүгө ылайыкталган шарттарды түзүүгө да тыюу салынат. Бир гана аэропорттордо өрт жана авиация коопсуздугунун талаптарын сактап, желдетүү системаларын коюу менен атайын бөлмөлөрдү уюштурууга болот.

Ар бир орган жана мекеменин жетекчилери бул мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөөгө милдеттүү.

Чылым чегүүгө тыюу салынган жайларды аныктоо жана белгилерди коюу тартибин Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги иштеп чыгат.

Мыйзам долбоорунун авторлору Кыргызстанда өлүмдүн жана майыптыктын негизги себеби тамеки тартуу экенин буга чейин белгилешкен.

Ошондой эле чылым чегүүгө бардык эле жерлерде тыюу салынбасын айтышкан. Бирок башкалардын эркин дем алуусуна тоскоол болбошу керек деген принцип сакталышы шарт.

620
Белгилер:
тамеки, тыюу салуу, имарат, Кыргызстан
Тема боюнча
КРде кафе жана ресторандарда чылым чеккенге тыюу салынат. Мыйзамга кол коюлду
Көрбөй, укпай каласың! Министрлик тамекинин зыянын эскертти
Дарак. Архив

Шаршембиге карата аба ырайы

34
29-сентябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Шаршемби, 29-сентябрь күнү, күндүз өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүйдө +22...+27, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +20...+25, Талас жергесинде +19...+24, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +25...+30 градус болот.

Бул күнү күндүн табы Бишкекте +25...+27, Ош калаасында +28...+30 градуска жетет.

34
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Келерки жуманын этеги жаан-чачындуу болот. Бир жумага карата аба ырайы