Коомдук транспорттогу жол кирени көтөрүү. Шаардык кеңештин төрагасы оюн билдирди

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаардык кеңешинин төрагасы Кубанычбек Конгантиев
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Кубанычбек Конгантиев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.09.2021
Жазылуу
Бишкек шаардык кеңеши коомдук транспорттогу жол кире акысын көтөрүү боюнча маселени карай баштады. Төрага жакынкы күндөрү чечим чыгарын айтты.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Кубанычбек Конгантиев коомдук транспорттогу жол кире акысын жогорулатуу боюнча жеке пикирин билдирди. Бул тууралуу шаардык кеңештин маалымат кызматы кабарлады.

Төраганын айтымында, социалдык тармактарда жана ЖМКларда "Конгантиев коомдук транспорттун тарифтерин шаардык кеңеш бекиткенге укуктуу эмес деп айтты, жоопкерчиликти алуудан качып жатат" деген маалыматтар тарап жатат.

"Мен жоопкерчиликтен качкан жокмун. Шаардык кеңештин ушул чакырылышы жоопкерчиликти мойнуна алып, коомдук транспорттун тарифтерин убактылуу эмес, мындан ары маселе, көйгөй болбогудай кылып чечиши керек деген ойдомун", — деген төрага.

Ал ошондой эле коомдук транспорттун тарифтери 10 жылдан бери өзгөрүүсүз калып, муну шаардык кеңеш карашы керек деген маселеге жети жыл болгонун белгилеген.

"Транспорт багытында иштеген адамдар, фирмалар бул маселени кабыргасынан койгондо мэрия тарифтерди шаардык кеңеш бекиткенде гана маселеңиздер чечилет деп, бизге шылтап келишет. Шаардык кеңеш коллегиялуу орган болгондуктан маселе тиешелүү комиссияларда каралып, талкууланып кайра мэрияга жөнөтүлөт. Ал кайра келгиче убакыт өтүп кетип жатат", — деди Конгантиев.

Анын айтымында, мэрия мындай маселени шаардык кеңешке шылтап отура бербестен Бишкектеги экономикага, социалдык абалга карап чечимди өзү тез кабыл ала тургандай кылыш керек.

Бишкектин жолундагы троллейбус жана маршрутка. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.07.2021
Мэрия шаардык кеңешке маршруткадагы жол кире маселесин кароону сунуштады 
"Ошондуктан тарифтерди бекитүү укугун тактап, мэрияга өткөрүп берүү маселесин карашыбыз абзел. Азыр шаардык кеңештин тиешелүү комиссиялары бул маселени талкуулап баштадык. Буюрса жакын арада жаңы тарифтерди дагы бекитип, ошол эле учурда бул укукту толугу менен мэрия өз алдынча чече тургандай кылуу жолдорун табабыз деп ойлойм", — деди ал.

Эске салсак, июндун башында Бишкектин маршрутка айдоочулары жол кире акысын 15 сомго көтөрүүнү талап кылып иш таштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0