ШАмдын алдында отурган мышык. Архивдик сүрөт

Дем алышта Бишкектин бир катар бөлүгүндө электр жарыгы өчүрүлөт. График

341
Электриктер бул күндөрү чубалгылардын тирөөчтөрүн бекемдөө жана кошумча жабдууларды орнотуу иштери менен алектенишет.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Ишемби, жекшемби күндөрү Бишкектин 14 көчөсүндө электр энергиясы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

Электриктер бул күндөрү чубалгылардын тирөөчтөрүн бекемдөө жана кошумча жабдууларды орнотуу иштери менен алек болушат.

Өчүрүлүүчү аймактар:

  • 9:00дөн 12:00гө чейин — Чүй, Кирпичный, Алматы, Осмонкул жана Древесной көчө бөлүктөрүндө;
  • 9:00дөн 18:00гө чейин — Ак-Өргө конушунда (Ынтымак, Проектируемая, Соң-Көл, Тимур Фрунзе, Адилет, Мурманская көчөлөрүндө);
  • Жекшемби күнү өчүрүлүүчү аймак:
  • 9:00дөн 18:00гө чейин — Үсөнбаев, Күрөңкеев жана Абдрахманов көчөлөрүнүн айрым бөлүктөрүндө.
341
Белгилер:
Бишкек, электр жарыгы, өчүрүү, дем алыш, график
Тема боюнча
Өзбекстанда күндүн нуру менен иштеген электр станциясы ишке кирди. Видео
"Кыргызстандын улуттук электр тармагы" жаңы жетекчилүү болду
Кол кармашып турган түгөй. Архив

Түгөйлөрдүн бири эмнеден улам орой болуп калат? Адистин түшүндүрмөсү

7
Психологдун айтымында, орой адамды жар катары тандаган киши "жылытууга" аракет кылышы керек. Мисалы, кыйкырыкка кыйкырык менен жооп бербей, тескерисинче, жумшак мамиле кылган туура.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Психолог Александр Колмановский жубайлардын оройлугу эмнеден келип чыгарын жана аны кантип жеңсе болорун айтып берди. Адистин пикирин РИА Новости жарыялады.

"Кандай адамдар жакындарына ороңдоп бир тийип, көңүлүн көп оорутат? Адатта булар кичинесинде ата-энеси жетишерлик көңүл буруп, бооруна тартпаган балдар. Көкүрөгүндө кичине кезинде албай калган мээримдин орду бош болуп, кийин анын ордун түгөйүнүн мээрими менен толтургусу келет. Бирок ошол нерсеге жылуу-жумшак жол менен жетүүнүн ордуна оройлугун көрсөтөт, башка жолун билбейт", — деди адис.

Колмановский түшүндүргөндөй, мындай адамды кабыл алып, жар катары тандаган киши "жылытууга" аракет кылышы керек. Мисалы, кыйкырыкка кыйкырык менен жооп бербей, тескерисинче, жумшак мамиле кылган туура.

"Мисалы, сиз аябай шашып бара жатканда, бирөө токтотуп алып сиз үчүн маанисиз бир нерсе сурады дейли. Албетте, жиниңиз келип, кагып коюшуңуз мүмкүн. Ошол учурда ал кечирим сурап, кичипейил мамиле кылса, сиз уялып каласыз. Кийин ал адамды көргөндө ыңгайсыз болуп, жакшы сүйлөгөнгө аракет кыласыз", — деди психолог.

Адис кошумчалагандай, түгөйүн мындай абалдан алып чыгып кетем деген киши ал уруша баштаганда сөздөрүнө эмес, ошол учурдагы абалына көңүл бурушу керек. Ошондо гана кырдаал даана көрүнүп, жакын адамга жардам берүү оңоюраак болот.

7
Белгилер:
күйөө, аял, уруш, психология, абал
Тема боюнча
Бош убакыттын көптүгү маанайды чөгөрүп, ден соолукка залакасын тийгизет
Окумуштуулар коронавирустун дагы бир олуттуу кесепетин айтышты
Ок атуу болгон Россиянын Пермь мамлекеттик улуттук изилдөө университетинин жаныдагы полиция кызматкерлери

ТИМ: Пермдеги ЖОЖдо ок жегендердин арасында кыргызстандыктар жок

52
(жаңыланган 00:29 21.09.2021)
Кечээ, 20-сентябрда, Пермдеги жогорку окуу жайдын студенти имараттын ичиндегилерге ок чыгарган. Бир нече убакыттан соң полиция аны жарадар кылып, кармаган.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Россиянын Пермь мамлекеттик улуттук изилдөө университетинде болгон окуяда жабыркагандардын жана каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматынан кабарлады.

"Пермь аймагынын компетенттүү органдарынын алдын ала маалыматы боюнча, 2021-жылдын 20-сентябрында Пермь мамлекеттик улуттук изилдөө университетинде болгон окуяда жабыркагандардын жана каза болгондордун арасында Кыргызстандын жарандары жок", — деп айтылат таратылган билдирүүдө.

Эске салсак, бүгүн эртең менен Россиянын Пермь мамлекеттик изилдөө университетинде студент имараттын ичиндегилерди аткылап, алты киши каза таап, 26сы жаракат алган. Ок чыгарган студент полиция кызматкери окуя болгон жерге барганда аны көздөй бир нече ирет аткылаган. Тартип сакчысы куралчанды жарадар кылып, мылтыгын колунан алгандан кийин биринчи жардам көрсөткөн. Жыйынтыгында ок чыгарган студент кармалган.

52
Белгилер:
Россия, Пермь, студент, ок атуу, полиция
Тема боюнча
Пермдеги элди аткан студент полиция кызматкерине да ок чыгарган. Чоо-жайы
Жапаров Путинге Пермдеги окуя боюнча көңүл айтты