Буттун дароо шишип кетүүсү кандай оорудан кабар берет? Медиктин жообу

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүЗанятия "Московского долголетия" возобновились в парках
Занятия Московского долголетия возобновились в парках - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.09.2021
Жазылуу
Дарыгер бутта шишик дароо жөн жерден пайда болбой турганын белгилеп, ал кайсы бир оорунун белгиси болушу ыктымал деп божомолдогон. Медик ооруну өтүштүрбөй убагында дарыгерге көрүнүүнү сунуштаган.

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Бутта шишиктин дароо пайда болушу бөйрөк жана жүрөк-кан тамыр ооруларынан кабар бериши ыктымал. Бул тууралуу терапевт жана диетолог Елена Черненконун айтымына таянып РИА Новости кабарлады.

Адис белгилегендей, эгер бутта шишик биринчи жолу жана тез убакытта пайда болсо, анда ал адам батыраак терапевтке кайрылышы керек. Эгер вена шишисе, анда хирург же флебологдун кеңеши зарыл болорун кошумчалаган.

"Бул көйгөйгө өзгөчө улгайган адамдар маани бергени оң. Эгер бир эле бутта шишик дароо пайда болсо, анда Тез жардам кызматын чакырыш керек. Анткени бул буттагы кан тамырларда пайда болгон тромбдун белгиси болушу ыктымал", — деди терапевт.

Буга чейин дарыгер Александр Мясников көздүн алдындагы жана буттагы шишик ден соолуктун начарлаганынан кабар бере турганын белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0