Бишкекте электр энергиясы үчүн карызы барлардын жарыгы өчүрүлө баштайт

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүЭлектрик устанавливает современные электросчетчики
Электрик устанавливает современные электросчетчики  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.09.2021
Жазылуу
Электр жарыгын колдонуучуларга тез аранын ичинде жеке эсебин текшерип, карыздан кутулуу эскертилди.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Ордо калаада 6-сентябрдан тарта карызы бар 7,2 миң абоненттин электр жарыгы өчүрүлө баштайт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынын маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, электр жарыгы үчүн карызы барлардын жарыгы акылдуу эсептегичтердин жардамы менен өчүрүлмөкчү. "Түндүк электр" ишканасы карыздын жалпы суммасы 6,4 миллионго жеткенин айтып, шаардыктарды андан кутулууга чакырды.

Өзбекстанда күндүн нуру менен иштеген электр станциясы ишке кирди. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.08.2021
Өзбекстанда күндүн нуру менен иштеген электр станциясы ишке кирди. Видео
Колдонуучулардын ыңгайлуулугу үчүн компаниянын se.kg сайтында "Абоненттин балансы" бөлүмү түзүлгөн. Ал жакка каалаган убакытта кирип жеке эсептин абалын текшерсе болот. Мындан сырткары, эсеп балансын 1209 кыска номерине чалып же (0551) 00-12-09 WhatsApp-номерине жазып сурап билүүгө мүмкүн.

Карыздан Quickpay, Pay24, UMAI, KICB, MSТС (Касса-24), MegaCom, "О!", "Оңой" төлөө терминалдарынын жардамы менен "О!", "MegaPay", UMAI, "Элсом" электрондук капчыктары аркылуу кутулса болот. Ошондой эле "РСК Банк", "ДосКредоБанк", "Керемет Банк", "Бакай Банк", "Кыргызстан коммерциялык банкы", "Халык Банк", "КICВ Банк", "Оптима Банк" банктарынын кассаларына же "Кыргыз почтасына" төгө аласыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0