Жүрөк оорусунун мурда айтылбаган белгилери аталды

© Фото / Pexels / Karolina GrabowskaКардиолог. Архив
Кардиолог. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.09.2021
Жазылуу
Дарыгер көбүнесе жашы 60тан өткөн, мурда инсульт алган, ичимдикти көп ичкен жана чылым чеккен адамдарга өзүнөн бул белгилерди байкай жүрүүгө чакырды.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Муздак аба жутканда көкүрөктүн оорушу ден соолукта олуттуу көйгөй бар экенинен кабар берет. Бул тууралуу РФтин Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкары терапевти, профессор Оксана Драпкинанын сөзүнө таянып РИА Новости жазды.

"Муздак абаны жутканда көкүрөктүн оорушу, себепсиз ичтин оорушу жана колу-буттун талып оорушу жүрөк кыйналып жатканынын белгиси. Мындан ары көөнү айланууга чейин жетип, акыры инфарктка алып барат", — деди дарыгер.

Ошондой эле адам тынч абалда турганда демдин кысылышы жана көкүрөктүн талышы жүрөк оорусунун белгиси экени кошумчаланды.

Драпкина көбүнесе жашы 60тан өткөн, мурда инсульт алган, ичимдикти көп ичкен жана чылым чеккен адамдарга өзүнөн бул белгилерди байкай жүрүүгө чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0