Киши лампа менен. Архив

6-сентябрда Бишкектин айрым жерлеринде электр жарыгы өчөт. Тизме

445
Электриктер бригадасы борбор калаанын айрым аймактарында трансформатор подстанцияларын оңдоп, башка дагы ремонт иштерин жүргүзмөкчү.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Бишкек шаарынын айрым аймактарында дүйшөмбү, 6-сентябрь күнү, электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынан кабарлашты.

Тизме:

  • 9:00дөн 17:00гө чейин — Күрөңкеев, Эркиндик, Фрунзе, Буденный, Огонбаев, Чүй, Саратовский, Веселый, Курманалиев, Кишинев, Достоевский, Бабушкин, Армавирский, Бакинская, Элебесов, Тульская, Арычная көчөлөрүнүн айрым бөлүктөрү. Ошондой эле 7-кичи райондогу коттедждерде жарык өчүрүлөт;
  • 9:00дөн 18:00гө чейин — Аска-Таш (Месарош, Набережная, Кедейкан көчөлөрү), Ак-Өргө (Ынтымак, Проектируемая, Соң-Көл, Тимур Фрунзе, Адилет, Мурманская көчөлөрү), Арча-Бешик (Эр-Тайлак, Камбар-Ата, Проектируемая, Кең-Көл, Ак-Чөлмөк, Кырк-Кыз, Бекбекей, Тагылдыр-Тоо, Шербет, Масалиев, Чортеков, Алты-Түтүн, Жайыл-Баатыр, Кара-Кужур,Тогуз-Түтүн көчөлөрү) жаңы конуштарында;
  • Ушул эле убакатта Жал-29 кичи районунун (№ 4/1, 4/2, 45/2 үйлөр) айрым жерлеринде;
  • 9:30дан 17:00гө чейин —  Сүйөркулов көчөсү, № 5 үйдө;
  • 9:30дан 18:30га чейин — Орто-Сай айылынын айрым көчөлөрү, Көлбаев көчөсү (№ 22, 24/1, 24/2, 24/3, 24/4, 28, 30 үйлөр).
445
Белгилер:
Бишкек, электр жарыгы, ремонт
Тема боюнча
Бишкектин айрым жерлеринде үч күнгө газ өчүрүлөт. Тизме
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев. Архив

Ташиев: мамкызматкерлер аралашкан фармацевтикалык мафиянын бетин ачтык

47
(жаңыланган 21:29 26.09.2021)
УКМКнын төрагасы кошумча кенен маалымат дүйшөмбү күнү берилерин белгилеп, дагы бир иштин четин чыгарды.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Кыргызстанда ири фармацевтикалык мафиянын бети ачылды. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Алай районунда атайын кызматтын бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышында билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда дарылардын баасы 3-10 эсе кымбат сатылып келгени аныкталган.

"Ири фармацевтикалык мафиянын бети ачылды. Кыргызстанда дарылар эң аз дегенде 3, эң кымбат дегенде 10 эсе кымбат сатылып келиптир. Мамлекеттик кызматкерлер дарыгерлер менен чогуу мафия түзүшкөн. Биринчи күнү толук маалымат берилет", — деди Ташиев.

Мындан тышкары, УКМК төрагасы күйүүчү май ташыгандардын мафиясынын да изине түшкөнүн белгиледи.

"Бүгүнкү күндө күйүүчү май 56-58 сомдон сатылууда, бирок 50 сомго жетпеген баада сатылышы керек экен. Муну мамлекет да, жетекчилер да, эч ким караган эмес, биз азыр ошого багыт алдык", — деди Ташиев.

Кызматкерлерге кайрылып жатып жетекчи ар кимиси элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштеши керектигин, бул үчүн ар биринде бийлик да, мүмкүнчүлүк да бар экенин белгиледи. Сөзүнүн соңунда ар бир кызматкер отчет тапшырып, иши ошонун негизинде бааланарын кошумчалады.

47
Белгилер:
Камчыбек Ташиев, УКМК, Күйүүчү май, дары-дармек
Тема боюнча
Бишкек: заводдун аймагынан бомба табылган жок. Ишти эми УКМК изилдейт
Соцтармакка тараган "Ташиевдин тизмеси". УКМК төрагасы үн катты
Жаратылыш. Архив

Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

12
27-сентябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Дүйшөмбү, 27-сентябрда, күндүз өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +22...+27, Таласта +20...+25, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +24...+29 градус болору айтылды.

Күндүн табы Бишкекте +25...+27, Ош калаасында +27...+29 градуска көтөрүлөт.

12
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Келерки жуманын этеги жаан-чачындуу болот. Бир жумага карата аба ырайы