Таластагы Киров суу сактагычы

Былтыр өлкөдө электр энергиясы 1,9 пайызга көбүрөөк өндүрүлдү

89
Жалпы көлөмдүн 91 пайызга жакыны гидроэлектр станциялары тарабынан өндүрүлгөн. Ошол эле учурда 15,5 миллиард кВт саат электр энергиясы сарпталды.

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. 2020-жылы энергетика тармагынын ишканалары тарабынан 15,4 миллиард кВт саат электр энергиясы өндүрүлдү. Бул 2019-жылга салыштырмалуу 1,9 пайызга көп экенин Улуттук статистика комитети маалымдады.

Жалпы көлөмдүн 91 пайызга жакыны гидроэлектр станциялары тарабынан өндүрүлгөн. Ошол эле учурда 15,5 миллиард кВт саат электр энергиясы сарпталды.

"Былтыр электр энергиясынын жарымынан көбү (53 пайызы) өнөр жайдын үлүшүнө туура келди. Мунун ичине үй тиричилигине жана калкка бөлүштүрүлгөн көлөм дагы кирет. 26 пайызы айыл чарбасына туура келди, ал эми башка тармактарга калган 21 пайызы кетти", — деп айтылат билдирүүдө.

Ал ортодо жоготуулар дагы болбой койгон жок. Жыл ичинде жалпысынан 2,4 миллиард кВт саат электр тогу жоголду. Анын 99,5 пайызы технологиялык жоготууларга туура келди.

89
Белгилер:
Кыргызстан, электр энергиясы, өндүрүү, жоготуу
Тема боюнча
Бишкекте электр энергиясы үчүн карызы барлардын жарыгы өчүрүлө баштайт
Мигранттардын акчасы өлкөдөгү жакырчылыкка канчалык таасир этет. Статистика
Дээрлик жарымы аялдар. Иш издегендердин саны дагы 4 пайызга көбөйдү
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев. Архив

Ташиев: мамкызматкерлер аралашкан фармацевтикалык мафиянын бетин ачтык

0
(жаңыланган 21:25 26.09.2021)
Кошумча, кенен маалымат УКМКнын төрагасы дүйшөмбү күнү берилерин белгилеп, дагы бир иштин четин чыгарды.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Кыргызстанда ири фармацевтикалык мафиянын бети ачылды. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Алай районунда атайын кызматтын бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышында билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда дарылардын баасы 3-10 эсе кымбат сатылып келгени аныкталган.

"Ири фармацевтикалык мафиянын бети ачылды. Кыргызстанда дарылар эң аз дегенде 3, эң кымбат дегенде 10 эсе кымбат сатылып келиптир. Мамлекеттик кызматкерлер, дарыгерлер менен чогуу мафия түзүлгөн. Биринчи күнү толук маалымат берилет", — деди Ташиев.

Мындан тышкары, УКМК төрагасы күйүүчү май ташыгандардын мафиясынын да изине түшкөнүн белгиледи.

"Бүгүнкү күндө күйүүчү май 56-58 сомдон сатылууда, бирок 50 сомго жетпеген баада сатылышы керек экен. Муну мамлекет да, жетекчилер да, эч ким караган эмес, биз азыр ошого багыт алдык", — деди Ташиев.

Кызматкерлерге кайрылып жатып жетекчи ар кимиси элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштеши керектигин, бул үчүн ар биринде бийлик да, мүмкүнчүлүк да бар экенин белгиледи. Сөзүнүн соңунда ар бир кызматкер отчет тапшырып, иши ошонун негизинде бааланарын кошумчалады.

0
Белгилер:
Камчыбек Ташиев, УКМК, Күйүүчү май, дары-дармек
Тема боюнча
Бишкек: заводдун аймагынан бомба табылган жок. Ишти эми УКМК изилдейт
Соцтармакка тараган "Ташиевдин тизмеси". УКМК төрагасы үн катты
Жаратылыш. Архив

Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

4
27-сентябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Дүйшөмбү, 27-сентябрда, күндүз өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +22...+27, Таласта +20...+25, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +24...+29 градус болору айтылды.

Күндүн табы Бишкекте +25...+27, Ош калаасында +27...+29 градуска көтөрүлөт.

4
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Келерки жуманын этеги жаан-чачындуу болот. Бир жумага карата аба ырайы