Бишкек шаарынын сейил бактарынын бириндеги дарактар. Архив

Бишкектеги бак-дарактар каттоого алынат. Ыктыярчылар керек

96
(жаңыланган 20:15 06.09.2021)
Ыктыярчыларды кайсы бакты кандай критерий менен аныктоо керектигин үйрөтүү пландалууда. Мэрия эки апталык акцияга катышуунун шартын жарыялады.

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Бишкек мэриясы шаардагы дарактардын эсебин алуу үчүн ыктыярчыларды тартууну пландап жатат. Бул тууралуу муниципалдык мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Ыктыярчыларды кайсы бакты кандай критерий менен аныктоо керектигин үйрөтүү пландалууда.

"Эгерде сиз бак-дарактарды өстүрүүгө кызыксаңыз, ушундай ишке убактыңызды коротууга даяр болсоңуз, анда бул акция сиз үчүн! Бизге тез арада шаардагы дарактардын эсебин алууга жардам берүүчүлөр керек", — деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.

Муниципалитет иш-чарага келген бардык ыктыярчылар инвентаризациялоо иштерине катышкандыгы тууралуу сертификат жана билим берүү мекемелерине бериле турган керектүү коштомо каттарды аларын белгиледи.

Ыктыярчыларга коюлуучу шарттар:

  • Күнүнө төрт сааттык убактысын бөлүшү зарыл, эртең мененки смена саат 9:00дөн 12:00гө чейин. Ал эми түштөн кийинки смена саат 14:00дөн 17:00гө чейин. Акция 13-сентябрдан 24-сентябрга чейинки эки апта аралыгында болот. Ишемби, жекшемби күндөрү дем алыш;
  • Өзүндө Android операциялык системасы бар, интернетке туташтырылган смартфону болушу зарыл;
  • Окутуу жана команданы түзүү 9-10-сентябрь күндөрү 18:00дөн 20:00гө чейин өтөт;
  • Командага катышуу үчүн 7-сентябрга чейин форма толтуруу зарыл.

Бак-дарактарды инвентаризациялоонун зарылдыгы эмнеде:

Жашыл бактардын электрондук маалымат базасы түзүлөт. База ар бир дарактын жайгашкан жери, толук аталышы, өзгөчөлүгү, өстүрүү шарты, абалы тууралуу билүүгө мүмкүндүк берет. Бул маалыматтар муниципалитетке да, шаардыктарга да жеткиликтүү болот. Инвентаризацияда бак-дарактардын абалы жана аларга кам көрүү боюнча керектүү чаралар тууралуу маалыматтар берилет. Ушундан улам шаардын дарактарын өстүрүүгө сарпталган чыгымды алдын ала айтуу жана аларды кароо үчүн максаттуу бюджетти түзүү мүмкүн болот.

Шаардыктар калаадагы бактардын абалы боюнча ачык маалыматтарды көзөмөлдөп, керек болсо бул жаатта аларды кызыктырган маселелер боюнча пикирлерин айта алышат. Ар бир тургун сүйүктүү дарагына көз салуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Акция "Арча демилгеси" коомдук фонду "Зеленхоз" муниципалдык ишканасы жана "Шаар парктары" уюмдары менен биргеликте уюштурулду.

96
Белгилер:
Бишкек, дарактар, инвентаризациялоо, акция, ыктыярчылар
Тема боюнча
Эсенали уулу: Бишкектеги эмен дарактары 1958-1959-жылдары тигилген
Тотубаева: Ысык-Көл пайда алуу максатында гана колдонулуп, ага кам көрүлбөйт
Тамеки чегип жаткан адам. Архив

Пляж, базарда. Тамеки, кальян чегүүгө тыюу салынган жайлардын тизмеси

598
(жаңыланган 21:34 28.09.2021)
Тыюу салынган жайларда чылым чегүүгө ылайыкталган шарттарды түзүүгө да уруксат берилбейт. Бир гана аэропорттордо өрт жана авиация желдетүү системаларын коюу менен атайын бөлмөлөрдү уюштурууга болот.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Бүгүн президент Садыр Жапаров коомдук жайлар менен мекемелерде чылым чегүүгө тыюу салган мыйзам долбооруна кол койду.

Ага ылайык, белгилүү бир жайларда тамеки, электрондук чылым жана кальян чегүүгө толугу менен чектөө киргизилди.

Аталган мыйзамдын 13-беренесинде кайсы жерде чегүүгө тыюу салынары жазылган.

Алар төмөнкүлөр:

  • Ведомствонун жана менчигинин түрүнө карабастан подъезддерде, лифттерде, аянттарда, дааратканаларда, көп кабаттуу үйлөрдүн жалпы колдонуучу жайларында;
  • Жаштар, маданият жана спорт иштери боюнча мекемелерде, социалдык кызматтардын имараттарында, стадиондордо;
  • Темир жол жана автобекеттерде;
  • Калкка кызмат көрсөтүүчү жайларда, анын ичинде мейманканаларда, тиричилик тейлөө, коомдук тамактануучу жайларда, убактылуу тургузулган соода объектилеринде;
  • Мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү имараттарда;
  • Имараттарда жана курулмаларда уюштурулган жумуш орундарында, жумушчу зоналарда;
  • Өрт чыгуу коркунучу бар жерлерде, анын ичинде күйүүчү май куюучу жайларда;
  • Коомдук тамактануу жайларында (түйүндөрдө);
  • Коомдук транспортто, анын ичинде таксиде, суу жана аба кемелеринде, жергиликтүү жана алыс каттамдагы поезддерде;
  • Ведомстволугуна жана менчигинин түрүнө карабастан бардык билим берүү уюмдарында, балдардын эс алуу жайларында, балдар аянтчаларында;
  • Ведомстволугуна жана менчигинин түрүнө карабастан бардык саламаттык сактоо уюмдарынын мекемелеринде;
  • Реабилитациялык жана санаторий-курорттук кызматтарды көрсөтүүгө арналган жайларда;
  • Калкка соода кызматтары көрсөтүлүүчү имараттарда, курулмаларда жана жабык базарлардын аймактарында;
  • Аялдамаларда;
  • Тамеки чегүү үчүн атайын жайларды кошпогондо массалык-маданий, спорттук иш-чараларды, акцияларды, чогулуштарды өткөрүп жатканда ачык аянтчаларда, пляждардын аймагынын чектеринде.

Аталган жайларда чылым чегүүгө ылайыкталган шарттарды түзүүгө да тыюу салынат. Бир гана аэропорттордо өрт жана авиация коопсуздугунун талаптарын сактап, желдетүү системаларын коюу менен атайын бөлмөлөрдү уюштурууга болот.

Ар бир орган жана мекеменин жетекчилери бул мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөөгө милдеттүү.

Чылым чегүүгө тыюу салынган жайларды аныктоо жана белгилерди коюу тартибин Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги иштеп чыгат.

Мыйзам долбоорунун авторлору Кыргызстанда өлүмдүн жана майыптыктын негизги себеби тамеки тартуу экенин буга чейин белгилешкен.

Ошондой эле чылым чегүүгө бардык эле жерлерде тыюу салынбасын айтышкан. Бирок башкалардын эркин дем алуусуна тоскоол болбошу керек деген принцип сакталышы шарт.

598
Белгилер:
тамеки, тыюу салуу, имарат, Кыргызстан
Тема боюнча
КРде кафе жана ресторандарда чылым чеккенге тыюу салынат. Мыйзамга кол коюлду
Көрбөй, укпай каласың! Министрлик тамекинин зыянын эскертти
Дарак. Архив

Шаршембиге карата аба ырайы

31
29-сентябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Шаршемби, 29-сентябрь күнү, күндүз өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүйдө +22...+27, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +20...+25, Талас жергесинде +19...+24, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +25...+30 градус болот.

Бул күнү күндүн табы Бишкекте +25...+27, Ош калаасында +28...+30 градуска жетет.

31
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Келерки жуманын этеги жаан-чачындуу болот. Бир жумага карата аба ырайы